Аян бар керемети туюлбаган
Замирбек Иманалиев
Жазылымсыз режим: 20-беттен кейін жазылым беті ашылады, әрі қарай әр 10 бет сайын (ең көбі 5 рет).
Аян бар керемети туюлбаган
Замирбек Иманалиев
Аян бар керемети туюлбаган...
Ырлар жыйнагы
Бишкек-2011
Баш сєздєр
КЫРГЫЗ ПОЭЗИЯСЫНА ОЛУТТУУ АКЫН КЕЛДИ
ϴткөндүн 60-жылдарында Москвадагы «Литературная газетада» «Физиктер жана лириктер» деген темада көпкө созулган талкуу жүргөн. Анда поэзияга физиктер менен лириктердин мамилеси туурасында сөз жүрдү эле. Дүнүйөгө атагы чыккан орус физиктери алардан да бийик атактагы совет адабиятындагы лириктер өтө терең ойлорду айтып, поэзия планетасын титиреткени эсимден чыкпайт. Ошондон кийин илимде жүргөн ыр чүргөгүчтөрдүн «чыгармаларына» жаш баланын кыял жоруктарына карагандай карачу элем. Эми аларда күнөө деле жок. Күнөө – поэзия деген кудурети күч кубулушта тура.
Замирбек Иманалиев ошондой физик – лириктердин бири эле. Күндөрдүн бир күнүндө «О кыздар» деген ыр менен чыга калган обон бүтүн кыргыз жергесине жаздын жашыл күнүндөй кубулжуп, жайкалып тарап калды. Ал, шумдуктуу күчкө ээ болду. Обону да бир жаркын илеп менен келди. Дегеле оозуна ыр алып көрбөгөндөр да «О кыздар» деп созуп калып жүрүштү. Алтынды дарт баспайт дегендей ал ыр күнү бүгүн да ар кандай муундагы кыргыздын жүрөгүндө жүрөт го!
Бул ыр, байкоо салып жүргөн мага окшогон кишиге поэзия деген кендин үстүнөн чеңгел менен илип алгандай болду. Анан ал ырдын авторуна уурданып көз салып жүрдүм. Суроо салсам Замирбек математик – профессор экен. «Кудай уруп жакшы акынды математика деген желмогуз жутуп койдубу» деген күдүк ойдо кийин көпкө жүрдүм. Кудай жалгап оюм ордунан чыкпай калды. Анда – санда жарыкка чыга калган ырларын окуп, Замирбегим аман экен деп, «Букарда пулу бардын көңүлү ток» болуп жүрчү элем.
Жакында Замирбек Иманалиев «көз жүгүртүп бере аласызбы» деп ушул жыйнагын берди. Окуп бүткөндөн кийин опсуз чоң олжолуу болгондой сүйүндүм, бир чети күдөрүм чын чыкканына сыймыктандым. Чыныгы акындан чыныгы поэзия жараларына айныксыз ишендим. Чыныгы поэзиянын негизи өтө бийик татаалдыкты, андан да эң бийик жөнөкөйлүккө жеткирүү. Саптарга даамдуу сөздөрдү тизүү чоң чеберчилик.
Математиканын тактыгы саптарды дааналаганга таасир бергенби деп да ойлойт экенсиң. Анан ошол түзүлүш котормо ырларда да көрүнүп турат. Муну чоң ийгилик деш керек. Узун сөздүн кыскасы, кыргыз поэзиясына бир олуттуу акын келди. Мен өзүм ушуга чексиз кубанычтамын.
Омор СУЛТАНОВ Кыргыз эл акыны, Россиянын Лермонтов атындагы сыйлыгынын, түрк элдеринин Махмуд Кашгари – Барскоони сыйлыгынын лауреаты.
Табиятынан акын
Оозунан сєзї, калеминен кєєрї тєгїлгєн накта акындар болот. Алар табиятынан акын. Сєз жамап, издебейт, жел ой чаргытып чайналбайт. Айткан-жазгандарынын баары эле бир єзєнгє куйган мєл булактардай куюлушуп, накта поэзиянын мухитине тїз кошулат. Андайлар єтє сейрек. Мындай табигыйлык туурасында испан акыны Рубен Дарио “Мен эч качан ыр жазууну їйрєнгєн эмесмин. Ыр жазуучулук (стихотворство) мен їчїн эмнегедир єзїм менен кошо бїткєндєй органикалык, табигый нерсе. Менин ырларым ар качан денем менен кєўїлїмдєн гана тєрєлчї” деп таасын айткан. Алыкул, Мидин, Райкан, Байдылда, Омор(Султанов), Турар(Кожомбердиев), Жолон, Аман(Токтогулов) ошондой, кєєдєнїндє поэзия дайыма оргуп турган накта акындардан. Алардын азыркы жаўы сабына Улуттук жазуучулар Союзунун мїчєсї Замирбек Иманалиевди да татыктуу деп билемин. Оттуу акын. Єз кесиби поэзиядан алыс болсо да ар бир сєзї жылдыздай жылтылдап, жїрєк козгоп турат. Анткени, табиятынан акын. Чын жїрєгїнєн сїйлєйт. Узун элдин учуна тарап, алды элїїгє чыгып калса да “О, кыздар” деп созолонгон ырды Замирбек байкем жазган экен. Князь Огинский “Полонез” деген бир ыры менен тарыхта калгандай “О кыздары” менен эле Замирбек байкем да бир канча муундун кєкїрєгїнє сиўип, бекем тїнєк таба алды. Андан башка да
керемет ырлары бар. Дїйнє туюму тереў философ-акын. Ага бул жана мурдагы китептерин окуган ыр ышкыбоздору єздєрї кїбє боло алышат деп ойлоймун. Кайсыл ырын, анын ар бир сабын алба чыныгы позия сымаптай кєлкїлдєп, мелт-калт толуп да, жылтылдап да турат. Сураба, көзгө түшпөс иреңимди, Сурагын, мен жашоону сүйөрүмдү. Сурагын, жашымды эмес, жан дүйнөмдү Сурагын, тизгин жыйбас жүрөгүмдү!- деп акындын єзї да айтып жатпайбы. Ачыла элек сандыктай сыртынан эч сыр бербес Замирбек байкемдин котормочулугун жакында эле билдим. Билдим да таў калдым! Мыкты котормочу экен. А.Блок, М.Лермонтов, Р.Гамзатов сыяктуу поэзиянын дєєшааларынын кєрїнгєндїн эле “тиши єтпєс” ырларын єзїнє гана мїнєздїї жумшак, жеўил тили менен которуп да, коўторуп да салыптыр! Ага орустун улуу акыны С.Есениндин Жөөлүтпөйт эски санаа, эски кайгы, Тынч өтөт азыр мында көп күндөрүм. Көңүлгө эм түшүрөм чайханада - Көргөндөн Тегерандын көк гүлдөрүн.- деген ырынын бир шиўгилин мисал тартсак эле жетиштїї болор. Чыныгы чыгарма жєнєкєй да, жеўил, сиўимдїї да, ошол эле учурда тереў, бийик болуусу менен єзїнє арбап алат эмеспи. Замирбек байкенин ар бир ыры, дастаны да ошондой, окусаў жєнєкєй, кадимки эле сєздєр, куюлушуп, биригип жан дїйнєўє сыйда кирип, тереўден да, бийиктен да бирото тїнєк таап калат. Баарыга жетик, кайталангыс єзїнчє, їнсїз обон салып турушат. Кыскасы, З.Иманалиевдин келїїсї менен кыргыз поэзиясынын бир єўїрї толуп, куту арта тїшкєнї анык. Бул, айтылган кебиме ушул китепти далил тартамын. Айдарбек Сарманбетов, КР Улуттук жазуучулар Союзунун мїчєсї, КР Эл аралык коомдук Поэзия Академиясынын башкы директору
О, КЫЗДАР
О, кыздар, сумсайыш ордуна,
Ар дайым жайдары болгула.
Алыстап кыр ашкан күндөрдүн
Астынан бир кайрып койгула.
О кыздар, агай деш ордуна,
Атымдан чакырчу болгула.
Бүлбүлдөп бараткан жаштыктын
Билигин чоңойтуп койгула.
О кыздар, кол шилтеш ордуна,
Каш серпип, көз кысчу болгула,
Мага окшош бирєєнїн колунан
Гүл сунса гүл алып койгула!
ҮМҮТТӨР
Үмүттөр үмүттү жаратат,
Үмүттүү кеч кирип, таң атат.
Биз жашап өтө элек күндөргө
Үмүттөр жасашат саякат.
Үмүттөр жүрөктө уялап,
Үмүттөр үмүткө уланат.
Биз жетпей келаткан бакытка
Үмүттөр жетишет кубалап.
Үмүттөр - эртеңки кубануу.
Үмүттөр - Теңирден сурануу.
Үмүттөр үзбөсө караанын
Өмүргө өмүр бар улануу!
СУУСУН БЕРГЕН МҮРӨКТҮН
Кан майдандан кайтпай калган жоокерге,
Турат мында таштан курган эстелик.
Билесиңби гүл коебуз эмне үчүн
Бардыгыбыз башты ийип эскерип?
Гүлдү коюу - урмат кылуу белгиси,
Гүл сунасың адамыңа барктаган.
Кыйылса да гүлдөй болгон өмүрү
Ал мекендин туусун бекем сактаган.
Башты ийүү - сый көрсөтүү белгиси,
Жүрөгүңдө бийик туткан адамга.
Ушул жоокер айрылса да өмүрдөн,
Душман бутун аттатпаган кадамга.
Урмат кылып тургун дайым алдында,
Түбөлүккө тирүү калган жүрөктүн.
Ойлобогун аны эч качан өлдү деп
Мекен ага суусун берген мүрөктүн!
КАРЫЛЫК
Чубатып жыл, айларды күлүктөрдөй,
Ал издейт көз алдында жоготконун:
Ат кылып чыбык минип чымылдаган
Боз чымбыл бала кайда? Бу көрүнбөйт.
Алкынган ай кашкалуу аргымакчан,
Кер мурут жигит кайда? Бу көрүнбөйт.
Топ бузуп тоодой жүктү моюнга илген
Токтолгон курак кайда? Бу көрүнбөйт.
Өткөндөн эмне калды, эмне кайгы?...
Жаш калды жаңырыксыз үн сыяктуу.
Өмүр бар батып кетер күн сыяктуу.
Олтурат күн жашынаар тоону тиктеп...
ЖЫЛ ТОГОШКОНДОГУ ОЙ
Жарык дүйнө, жашоо күндөр биз үчүн,
Айтып болбос, кыскабы же узакпы?
Эски жылга кош айтышып турабыз
Журт которуп көчүп жаткан сыяктуу.
Көз алдыга келтиребиз кайырып,
Кечээкини келбес болуп узаган.
Кубануу бар, кайгыдан да куру эмес
Кеткен күндөр он эки айды кураган.
Кандай тагдыр күтсө дагы алдыда,
Жакшылыкка багышталган бүгүн түн.
Улап кетсин ушул жаңы башталыш
Учу бүтпөс улуу ойдун дүбүртүн.
Өмүрдү биз бир бүтүнгө кемиттик,
Жылдан алып, жылга таштап аманат.
Жаш калса да калып калбай өзүбүз
Соо чыгалы, келчү жылга саламат.
Учур келсе ичер суубуз түгөнүп,
Жыл жолугар, чекит коер өмүргө.
Мезгил бизди тегеретип өтсө да
Жерге берсин өлбөстүктү түбөлүк!
АЛТАЙЛЫК ДОСКО
Ташка түшкөн табышмактуу ай-тамга,
Тарых ошол, табыштырат тансаң да.
Кыргызсыңбы калып калган качандыр
Караан болуп Эне-Сайга, Алтайга.
Ким билиптир, чындыкпы, же төгүнбү?
Кыргыз кыйрап, болгон дешет бөлүндү...
Кылымдардын кышын тизип келсек да
Кебетеңден айрый албайм өзүмдү.
Ишенгенден эски жомок, баянга,-
Имерилип мен өзүңө калам да...
Куюла албай калсак деле бир сууга
Куштар учат Ала-Тоодон Саянга.
КЕРЕМЕТИН СЕЗЕБИЗ
Үмүт, үмүт үзүлбөгөн чубалып,
Үмүт келет көзгө сүртүп мунарык.
Үнүң чыкпай үшүп, тоңуп турганда
Үмүт сага болуп берет гүл азык.
Мезгил сени түшүрөрдө уучунан,
Үмүт турар төгүлө албай уучуңан
Арман көчүн үмүт келет узатып
Алаксытып анын ызы-чуусунан.
Кетет күндөр кетер жагы билинбей,
Келет үмүт таңдагы үрүл-бүрүлдөй.
Кең дүйнөнүн кереметин сезебиз
Келечектен жүргөн үчүн түңүлбөй.
НООРУЗГА АРНОО ЫР
Нооруз, Нооруз - түмөн журттун тилеги,
Нооруз, Нооруз - жакшы үмүттүн сүйөгү.
Кел жергеме жыл ээрчитип кайрымдуу
Боло көргүн бак-таалайдын тиреги.
Алас, алас арачала кырсыктан,
Ай өтпөсүн жокчулукка тумчуккан.
Жаңы жылым кол серметип бийикке
Жыл боло көр мокоп турсак курчуткан.
Көңүл эргип майрам шаңы таркабай,
Көп бакытты жүрөлү биз аркалай.
Жаркыраган жазга айланып өмүрлөр
Жарык дүйнө жашыл болсун арчадай.
КОШТОШУУ БАР
Буюктуруп шок мезгилдин ызгаары,
Күмүш бубак чачтарыңа жабышат.
Күмүш така күлүк минген жылдарың
Күндү айланып кайра кайтпай калышат.
Чаң учуруп кырдан кырга өтөсүң,
Чаалыкпасаң бөөдө кырсык кабылып.
Чабармандай чаап өтөр жаныңдан
Чалма ыргытып кыя жолдон карылык.
Тал чокудан тайып кетсе тай туяк,
Тал чокудан терек болуп куланып...
Терек кылган дүйнө менен түбөлүк
Терек болуп коштошуу бар суналып,
Терек болуп коштошуу бар суналып...
КӨЛ ЖЭЭГИНДЕ
Чардак учат көл үстүндө,
Карайм кантип бурулганын.
Ал да сүйөт окшобойбу,
Толкун жээкке урунганын.
Алыстабайт көл жээгинен,
Алыстаса кайтат артка.
Ал да карайт окшобойбу
Урунганын толкун ташка.
Мен да толкуйм көл өңдөнүп,
Бирок андай добуш сала албай.
Чардак сымал жакшы ойлор,
Кайрылгыла алыстабай!
Кайрылгыла алыстабай!
ЫР АЛЫП КЕЛДИМ ОКУЙСУҢБУ?
Туталанып турмушуңа зар айтып,
Турасыңбы заманыңдан бир сынып.
Кирдегендир сенин таза көңүлүң
Кийимиң эмес өзүң кошо жыртылып.
Эртеңкиңе ишенериң биле албай,
Эстен танып турасыңбы жалдырап.
Тынч ала албай жүргөндүрсүң чоочулап
Түшүүчүдөй үстүңө бир жар кулап.
Окуйсуңбу ыр алып келдим алдыңа?
Саптары анын аскерлердей тизилген.
Унуткарып көр дүйнөнүн азабын
Улап коер үмүтүңдү үзүлгөн.
Эрикпестен окуп чыкчы бул ырды,
Ээлеп алган бир кагаздын өңүрүн.
Жакшы сөздүн кереметин сезерсиң
Жашы кургап жашылданган көзүңүн.
Колуң шилтеп басып кетпей көңүл кош,
Кадыресе назарыңды салып кой.
Калпыс ойду жазып койсом акырын
Капа болбой отко ыргытып жагып кой!
Мекен - от жаккан очогуңдан
башталат дешет тоолуктар...
КАРЕГИМДЕ КОҢУР-ӨЛӨҢ БЕШИГИМ
Тоолор болуп куруп алган сепилиң,
Тоолор болуп сенин ырыс-кешигиң.
Топ айылдын толтосунда турасың
Учкан уям Коңур-Өлөң-бешигим.
Ак куу учуп Айдың-Көлдүн таңында,
Бака чардайт көбүргөндүү сазыңда.
Күр-шар этип, күргүштөгөн чоң дайра
Күн батырат күкүк айтып сайыңда.
Түмөндүтүп төрт түлүгүң батырган,
Төрүң жатат көйнөк кийип жашылдан.
Кара Күңгөй кароол карап отурат,-
Капталына кайберенин жашырган.
Кызыл кумун төшөп алып кыяга,
Кыйбасындай карайт сени Думана.
Кырк шейитти аркасына калкалап
Кызыл аска кабак түйөт муңая.
Жая салып жашыл шибер-төшөгүң,
Жазданасың тоолоруңдун этегин.
Туйгундарың туш тарапка учушат
Туу кылышып кичинекей мекенин.
Арзуу, сүйүүм ашып кээде санааман,
Агызчудай боло түшөм салаадан.
Сезилесиң кереметтүү, асемдүү
Сен мен үчүн даңазалуу калаадан.
ЫСЫК-КӨЛГӨ БИР АРЗУУ
Ырдаарга ырым болдуң жүрөгүмдүн,
Ысык-Көл ыйык журту түнөгүмдүн.
Келчүдөй сен тараптан туюлушат,
Күлкүсү, кубанычы бул өмүрдүн.
Келемин жыл айларга түшүп конуп,
Кейибей кеткенине түтүп к
Керемет толкунуңду бир көрүүгө
Келемин жаз сагынган күкүк болуп.
Жаралган жалпы элимдин ырысына,
Жашоомдо жаным бирге турушуңа.
Үзүлбөс нурун катып күн уялайт.
Үстүңдө чөгүп жаткан булутуңа.
Ай калкып түпкүрүңөн келет жылып,
Алганбы алтын балык белек кылып?
Ажайып дүйнө тартам карегиме
Аркама ак толкунду жөлөп туруп.
Чек койбой сулуулуктун ченемине,
Чөгөргөн ай-жылдызды тереңине...
Көркүңдү көргөн менен миң кайталап,
Көз кумар канбай келет, себеби не?!
ЖЕТИНИН БИРИ
(Ч.Айтматовдун “Кыямат” романындагы Гурамдын сөзү)
Кан төгүлдү... Душман өлдү дос өлдү,
Душманыңдын душмандыгы кошо өлдү.
Өлүм - ыйык, өлүм кылат бейкүнөө,
Өмүр кимден өчүп калса от өңдүү.
Дос болобу, кас болобу андыктан,
Сурайм азыр шейиттерден кечирим.
Буйрук ушул биз согуштан жеңилдик,
Көтөрөлү шум тагдырдын чечимин.
Жетөө калдык... Жексен болдук кыйрадык,
Жетөөбүздү кыла албайсың жети миң.
Жүзүн үйрүп тагдыр кетти бурулуп,
Жүзүн үйрүп элиң кылбайт кечирим.
Аёо болбойт душманыңды согушта,
Согуш деген ошону үчүн согуш да.
Кетүү керек алтын башты калкалап
Кайтуу болбойт эми Ата-Конушка.
Коштошолу ушул тууган жер менен,
Калды бизге наны, тузу буюрбай.
Ата-Журтту кете албайбыз артынып,
Атка салып алып жүрчү буюмдай.
Ата-Журтту кетер болсок артынып,
Анын наркы турмак сокур тыйынга.
Алып кетебиз кусалыкты, арманды,
Жүгүң болор көкүрөктө ыйың да.
Мындан ары жолукпайбыз эми биз,
Айтыш кыйын кимдин эмне болорун...
А мен болсо Туркияга бет алам,
Кемелерге жүк ташыгыч боломун.
Бир аздан соң жети айрылыш жолду улай,
Бөтөн элге, бөтөн жерге баш урмай.
Коштошолу шарап ичип досторум,
Жүрөк муңун айтып, ырдап, жашырбай...
КҮЗ ЖАМГЫРЫ
Өттү мезгил, өтпөсүнө барбы айла,
Азыр сары жашыл дарак, жашыл чөп.
Эргүү бардыр эрте жаздан адашкан
Көчкүн булут, акыркы ирет жашың төк.
Жайдак талаа жатат мында томсоруп,
Жаз сагынган, жазылбаган капалуу.
Жардамы жок жазымышка не айла
Мөлтүр тамчың гүл төшөнбөйт жапайы.
Муздак шамал муңу белең көңүлдүн,
Илебиң бар жан дүйнөгө жагымсыз.
Желе үзбөйт тиги төрдө кулун, тай
Ээн жайлоо жетимсирейт айылсыз.
Күз жамгыры күкүк үнүн укпаган,
Шыбыртыңы шыбырт дебейм, - дармансыз.
Эмне ыракат бул бейкүнөө тагдырда,
Өтүү керек колдон келсе армансыз.
...Өттү мезгил, өтпөсүнө барбы айла,
Азыр сары жашыл дарак, жашыл чөп.
Эргүү бардыр эрте жаздан адашкан,
Көчкүн, булут, акыркы ирет жашың төк.
*** Кылымдын жүгүн артып, Күргүштөп күн көчүүдө. Секунддун кымбаттыгын Сезүүнү милдетим дейм.
Ай эмес жыл кубалап,
Өзүмө жанаштырам.
Мезгилди өтөм буйтап,
Мезгилди адаштырам.
Утамын кыйындыкты,
Унутуп убарасын.
Алдыга тез кетүүнүн
Аламын убадасын.
БЕЛГИСИЗ ДҮЙНӨ
Болот белең мындан дагы бактылуу,
Ай ким билет, аз кечигип калдыңбы?
Жашап өтүү кечээкиде башкача
Өзгөртмөкпү балким ушул тагдырды?
Өмүрүңө өкүнүчтүн жолун бууп
Бошко кеткис кылат беле ай, жылды?
Байкалбаган көп жаңылуу турмушта,
Билген жоксуң болсо болуп өткөнүн,
Алдын ала кабары жок чоң бакыт
Ара жолдо кездеше албай өчкөнүн,
Ой-тилегиң эңсөө бойдон эскирип
Ордун таппай карып бойго жеткенин.
Өтүп жатат өз нугунда бул жашоо,
Сага туура, сага түздөй сезилген.
Бөтөн жолдон жолугарын ким сезди,
Тагдыр көчү көп кырсыкка жеңилген.
Ошентсе да кайыры жок жылга окшош
Бир өксүүнү кууй албайсың сезимден.
Жоготконду жоктогондон не пайда,
Мезгил аны кайрып айдап келеби?
Жашап өтүү кечээкиден башкача
Ал табышмак, эмнелерди берери?
Калып калган дүйнө окшойт белгисиз
Болбогон соң кайрадан бир төрөлүү.
ЖАШОО КУМАРЫ
О табият, ач сырыңды жашырбай,
Жыргалыңа, кууралыңа кайылмын.
Жок дүйнөңө түбөлүккө жашынбай
Бар дүйнөгө насип буйруп кабылдым.
Тагдыр айдап, таалай мага кол созуп,
Жаралганмын түшүп мезгил торуна.
Жүргүнчүдөй жүрүп келген жол тозуп
Жүз көрүштүм сан жылдыздар тобуна.
Адам ата, Обо энеден уланган,
Акыл-эсим менин жашоо булагым.
Айырмалап күнүң менен түнүңдү
Адам болгон касиетим туямын.
Алып келем акыл эске сыйганын,
Азбы, көпбү таразалап ченебейм.
Жемиш берген Жер энени тааныдым
Күндү сүйөм күйүп турган төбөдөн.
Түрмөктөлөт түгөнбөгөн табышмак,
Түйүндөрүн түйшүк тартып жандырам.
Кечээкиден кетсем бүгүн алыстап
Бүгүнкүңөн эртең кайра айрылам.
Ай айланып, жылдар жылга тогошсо,
Мезгилиңден артка кайтар жол издейм.
Баш катырам барбы кылар айласы
Бар дүйнөңөн кандай кылсам кол үзбөйм?
О табият, сыйкырыңа таңым бар,
Бар дүйнөнүн башталышы каякта?
Ушул суроо чече албаган түйүнүм
Ушул суроо акыл-эске азаптай...
Ушул суроо келет баарын жадатпай!
АДАШКАН СЕЗИМ
Түнөргөн түн жамынып,
Чуркасам табар белем?
Жоготкон жогум болдуң,
Үндөй життиң,-
Аскалар жутуп алган.
Аскалар жутуп арман...
Көз жашым көкүрөк жууйт
Кайдасың алтын булак?
Сездирчү кереметиң
Кайберен - алтын туяк!
Келишет куштар учуп,
Жазды айдап бул аймакка.
Адашып калдыңбы артта?
Көңүлдүн музу эрибейт.
Айсберг сүзүп өтөт.
Көздөрдө мунарык бар,
Көздөрдө муңайыш бар,
Көөдөндө көлдөй толкуп
Көксөгөн сураныч бар.
Үмүтүм үзүк шоола
Үзүлбөй уланып кал,
Үзүлбөй уланып кал!
ЫР ЖЕТКИР ЫРДАГАНГА
Калың көч кайда барат,
Кабарын кайдан улайм?
Айрылыш жолдун дайынын
Азыр мен кимден сурайм?
Калтырдым эски журтту,
Карыттым бир заманды.
Калың көч кайда барат?
Карайлайм түн караңгы.
Мен эми кимге ишенем?
Ишенбейм жар айтканга.
Издебейм көзү ачыкты
Ишенем Жаратканга.
Күбүлүп түшөт гүлүм,
Күбүдүм түшкү өмүрдү.
Жараткан жалгыз өзүң
Жалгай гөр күткөнүмдү.
Алдыда дагы кандай,
Ашуу бар сыйгаланма?
Арылбас арман жоктур
Аман бол сыйгаланба!
Ыйык жер ырды сүйөт
Ыр жеткир ырдаганга,
Ыр жеткир ырдаганга!
ОЙ ТОЛГОО
Ишенгин, ишенбегин эрк өзүңдө,
Айтканы туура келген төлгөчүгө.
Сезсең да башта барын бир өлүмдүн
Шек кылба убакыттын төлгөсүнө.
Сездирип түбөлүктүү кыймыл барын,
Мезгилдин күзү кайтса жазы келет.
Өлүмүң убактылуу бир көрүнүш
Өмүрүң кайра артынан тегеренет.
Кантип биз барды жокко алмашабыз,
Ишенбей бу дүйнөнүн түгөлүнө.
Кайрылып асман жердин арасына
Качандыр кайтуу болот түнөгүңө.
Армандуу мезгил кетет арбак кылган,
Айланып ак бешикке бөлөнөбүз.
Атыңды койсо коер башкача атап
Абалы адам болуп төрөлөбүз.
Анда биз кыйналабыз эстей албай,
Жатканды жер астында жай суналып.
Жолугуп бала чакка калып калган
Жөнөйбүз чыбык минип камчыланып.
Жашайбыз анда дагы көптү эңсеп,
Каниет кылуу болбойт бир өмүргө...
Калк жашайт, калк ичинде биз болобуз
Калабыз ал замандын жүрөгүндө!
Түпкүргө түн куланат,
Түпкүргө күндөр көчөт.
Жалгыз жол-жалгыз аяк
Адашпай арман өтөт.
Түбү жок туңгуюкка,
Түрүлүп заман көчөт.
Жалгыз жол-жалгыз аяк
Куугунчу мезгил өтөт.
ЖАШОО КЫЗЫК СИЛЕР МЕНЕН
Термелеп турасыңар
Бешик сыңар жүрөгүмдө.
Келчү күндүн көшөгөсүн
Ачасыңар эртелетип,
Келечекти колуңарга
Аласыңар эркелетип.
Жокту бар кыласыңар,
Жашоомдо издегенди
Ойнотуп турасыңар
Маңдайымда.
Мүнөз күтөм: жашып алма
Эргүүдөн силер берген
Дүйнөмө силер кербен
Чубалып түмөндөгөн.
Дүйнөмө силер мерген
Дүрмөтү түгөнбөгөн...
Мени дайым
Жүгөнсүз жүгөндөгөн.
Ой-кыял чабыттаган,
Жашоо кызык,
Жашоо ысык
Силер менен.
КЕЛ ИЧЕЛИ
Өмүр көчөт жүгүн артып ай, жылга,
Өйдө төмөн өтөөр турмуш-азгырма.
Көкүрөктөн көп санааны кубалап
Көз ирмемге кең дүйнөнү тар кылба
Кел ичели бөксө өмүрдү толтуруп
Кездешүү аз биздин мерез тагдырда.
Өр таянып биз жетебиз кай кырга?...
Өтүп кетер маалы болот жаздын да.
Күлүш үчүн, сүйүш үчүн ичебиз
Күнөө эмес жараткандын алдында.
Келген кумар кетсе кайра табылбайт
Кел ичели, бу жыргалдан айрылба.
Өксүтпөгүн жанды сыйла, кор кылба,
Өз кумарын өзүнө ыйгар, жазгырба.
Түрүн бузса түбү тешик бу дүйнө
Түгөл кылбайт төрт тарабын хандын да.
Куруп кетсин бул жашоонун түйшүгү
Куюлганды көтөр досум, ал, жырга!
КҮН СЫЯКТУУ
Жеткириш эки доорго бир өмүрдү,
Акылга сыйбай турат бурадарым.
Керемет, сыйкыр да жок кайрып берер,
Качанкы жылдар дайнын сурабагын.
Ал жылдар алып качкан жаштыгымды,
Ким аны төлөп бермек карызындай?
Алыстап кетет алар караан үзүп,
Көк ирим көлдүн житкен кайыгындай.
Ансайын арман күчөп көкүрөктө.
Ачуу жаш жерге кулайт кирпигимден,
Чыгыштан батышка өткөн күн сыяктуу,
Чыгалбай өмүр барат бир чийинден.
МЕЗГИЛ ЖАНА БИЗ
Жан дүйнөңө жамгыр болуп жаагыдай,
Кайда булут көзгө жылуу таанымал?
Күндөр өтөт сыртын салып, өңү суз
Барат улам Мезгил бизди тааныбай.
Кайың кайда катар туруп сүйөнөөр?
Жаның кайда жалын чачып бүлөнөөр?
Чоң көчөлөр чоочун болуп калышты
Чоң көчөнүн ээси бөлөк-бирөөлөр.
Жаш өмүрдүн жаштыгына кеч кирип,
Жай келгенсийт аптабына тептирип.
Баасы түшкөн базардагы буюмдай
Баратабыз байкалбастан эскирип.
Мезгил менен катар келдик теминип,
Мезгил бизден кеткиси бар бөлүнүп...
Мунарыктап көзгө урунбас “чокулар”
Калды азыр дүрбүсү жок көрүнүп.
Сыр алдырбай кетсек дагы өйдөлөп,
Сынып түшөр учур келет өңдөнөт.
Сынбай келет сапар алган Кан Жолдо
Убакытты тегереткен дөңгөлөк.
Сынбайт мезгил, сынбай өтөт кыядан,
Сынбас кылып чебер Уста кураган.
Бүтпөс Сапар, Бүтпөс Дүйнө, Саякат
Мезгил аны биз жокто да улаган.
Антсе дагы жүрөк отун өчүрбө,
Аргасын таап келиш керек чечимге.
Караан үзүп таштап кетер мезгилдин
Калыш үчүн түбөлүккө эсинде!
ИЧИРҮҮ
Айтайын дейсиң кайсындай,
Айтылар кебиң айтылбай.
Араң жан алсыз сөз чыгат
Алдуусу бери тартылбай.
Ачылбас дүйнөң курусун
Алып кой, тамчы калтырбай.
Иреңиң болуп жансыздай,
Ичтеги сырың айтылбай.
Илмийген арык сөз чыгат
Ирдүүсү бери тартылбай.
Ийибес дүйнөң курусун
Ичип кой, тамчы калтырбай.
Ким билет, канча жүрөр күн,
Ким билет канча тиер күн?..
Күлала болуп күн батат
Кадырың сенин билер ким?
Каякта калбайт алтын баш
Калтырбай тартып жибергин.
Үзүгү түшсө үйөрдүн,
Үзүлөт буттан үзөңгүң.
Түбүңө жетет шум дүйнө
Түбүнө жеткен түмөндүн.
Түйшүккө батып түйшөлбөй
Түгөтө тартып жибергин.
Ырдагың келсе ырдагын,
Ыйлагың келсе ыйлагын.
Ырайым кылбайт көр дүйнө
Ырысын кескен кыйланын.
Кеткен жан кайра табылбайт
Кейитпе жашоо жыргалын.
Өбүшкүң келсе өбүшкүн,
Өбүшүп жашып, эришкин.
Өткөргүн өмүр - күнүңдү
Өзөгүн үзүп кейиштин.
Төбөңдөн издеп жаңылба
Төрүндө жүрүп бейиштин!
КЫТАЙ ЧЕБИ
Тагдыр айдап Кытайдын жерин көрсөң,
Таңдан кечке талыкпас элин көрсөң...
Көрдүм дешке болот дейт бүт Кытайды
Көбүнөн да керемет чебин көрсөң.
Чубалып бөксө тоолор кыры менен,
Көргөнгө керемет ал чыны менен...
Кытай чеби мезгилдин башын жутуп
Курулган замандардын ыйы менен.
Курган дешет сепилди айдалгандар,
Колго түшүп, туткунга кармалгандар.
Кулдар иштеп тынымсыз айлап, жылдап
Курган дешет сандалып жалдангандар.
Таштан кылып дубалын, таш жыйышкан,
Тагдыр, өмүр, таалайды таш кылышкан.
Таштан болуп табыты канчалардын
Таш алдына талыкса бастырышкан.
Узартышкан сепилди алты миңге,
Угулбаган муң, зар бар “алты миңде”.
Келбес жайга кетишкен канча жандар
Кенен ачып эшигин аркы дүйнө.
Калса да мурункудан белек болуп,
Кытай чеби курулган керек болуп.
Курулган дейт түтөгөн көчмөндөрдүн-
Түгөнбөс жортуулу ага себеп болуп.
Качанкы изи өңдөнүп көчкөндөрдүн,
Кытай чеби - тарыхы өткөндөрдүн.
Кылымдар эстеп өтөр даңазалап
Кытай чеби - эрдиги көчмөндөрдүн!
ТУУЛГАН КҮНҮМДӨ ЖАЗЫЛГАН ЫР
Ушул күн улам өйдө уланарым,
Угузсаң каалоо, тилек кубанамын.
Жазгырып жан сырымды айттырсаң да
Жаш курак канчада деп сурабагын.
Сурагын, алыс-жакын күндөрүмдү,
Сурагын, кандай басып жүргөнүмдү.
Сураба жылдар санын жылып өткөн
Сурагын, көңүл куунак күлгөнүмдү.
Сураба кабак, кашты чачтарымды,
Сураба кайсы “ашууну” ашканымды.
Сурагын бөксөрбөгөн сезим барын
Сурагын, булуту жок асманымды.
Сураба көзгө түшпөс иреңимди,
Сурагын мен жашоону сүйөрүмдү.
Сурагын жашымды эмес, жан дүйнөмдү
Сурагын, тизгин жыйбас жүрөгүмдү!
22.09.08.
Бишкек
И.Раззаков атындагы КМТУнун 55 жылдык
салтанаттуу мааракесине арнайм
УШУЛ ОКУУ ЖАЙЫНДА
Кимдер окуп, билим алып кайтпаган,
Кимдер келип, кимдер багын ачпаган.
Ушул жайдан уул, кызы кыргыздын
Улуу көчкө аралашып баштаган.
Жаш муунду илимине сугарган,
Жамаат өткөн көп улуттан куралган.
Өзгөчө эле даңазалуу “политех”
Өлкө ичинде далай жолу туу алган.
Ушул жайда кимдер иштеп өтпөгөн,
Ушул жайда кимдер терин төкпөгөн.
“Уюткулуу элден” болчу канчасы
Ушул жайда дарс окушуп көптөгөн...
Ушул жайда ак, карасы окуган,
Ушул жайдын тутанышкан отунан.
Урмат, сыйга татыгандан канчасы,
Ушул жайда болчу сенин “кошунаң”.
“Ушунда деп келечегиў, бүт бактыў»,
Жыйып мында аалымдарын тыш жактын...
Ачып кеткен урпактарга эшигин,
Айкелине гүл кое жүр Исхактын!
Анда ФПИ, азыр болгон КМТУ,
Окуу жайдын улуусу да, сулуусу.
Келсеў мында, ушул жайдан башталат
Келечектин кылымдардын куруусу.
Өнөр кылып өздөштүрүп илимди,
Өзгөртөсү ушул жайда дилиўди.
Үйрөтүшөт даярдашты, жасашты
Ичээр ашты, кие турган кийимди.
Ушул жайда, үйрөткөндөй жазышты,-
Үйрөтүшөт суудан отун алышты.
Үйрөтүшөт жаратышты каяктан
Жылуулукту, жылтылдаган жарыкты.
Дүйнө өзгөрөт. Дүйнө жылып баратат...
Ушул жайда кереметтин таўы атат.
Жаралуунун доору келет качандыр-
Аалам кезип кылалгыдай саякат.
ТАҢ МЕНЕН
Таң менен алынат күлүктүн -
Күлүктүн каңтарган суулугу.
Таң менен жанданат үйлөрдө
Тартылган көшөгө шуудуру.
Таң менен кошулуп келишет
Кыймылга тынч жаткан көчөлөр.
Таң менен кошулуп кетишет
Кызматка шашылып көчөдө эл.
Таң менен узатып келебиз,
Өткөргөн жашоонун бир түнүн.
Таң менен турабыз тосууга,
Ашыккан өмүрдүн бир күнүн.
КҮТӨ АЛБАДЫ
Алдын ала сезилбеген учурдун,
Ким билиптир жазгырып да коерун.
Сени күтүү кереметтүү ал түндө
Ким билиптир ойдон алыс болорун.
Турган менен көңүл бир да кирдебей,
Турду жүрөк так учунда санаанын.
Кош карекке күндөгүдөй бул ирет
Көрүнбөдү түндү жарып карааның.
Шуулдагын уккум келди толкундун,
Бирок андан боло албады көп айла.
Бейпилдикти тартуу кылып алдыңа
Келишиңди күткөн болчу көл анда.
Асман дагы турган эле булутсуз,
Так төбөдө толо элек Ай ийип каш.
Келишиңди ошол түнү мен эмес,
Алыстагы тоолор күттү - күмүш баш.
Күттү, күттү жаратылыш мага окшоп,
Кыска түндөн сени самап сурашып.
Кездешүүнү өзүң менен ошондо
Күтө албады жалгыз гана убакыт.
МЕНДЕГИ КОРКУНУЧ
Сен дагы издеп мени жүргөндүрсүң,
Мен сени издегендей тажабастан.
Мен өңдүү кыйгач басып өтсөң керек
Жолуңдан жолукканга карабастан.
Мен жашап жүрсөм керек жүрөгүңдө,
Сен менин жашагандай жүрөгүмдө.
Сезилип жүрөбүз го ачыла элек
Бирөөбүз дүйнө болуп бирөөбүзгө.
Эмне үчүн биз кезикпей кечигебиз?
Чуркаса күлүк мезгил чымын-куюн...
Негедир коркуп жүрөм мен өзүмчө
Мага окшош жолугат деп менден мурун!
БИЙЛЕ, КУРБУМ
Бийле курбум, бийге чакыр бирөөнү,
Үйрөнөсүң, бий билбеген күнөөбү?
Ойлошпосун ичтеринен селкилер:
Ушул жигит ушунча эле жүдөөбү?
Бийле, курбум, чакыр берки сулууну,
Чимирилгин эч билбестен тынууну.
Бөлүп кетет тиги турган мурутчан
Бул жердеги жигиттердин шылууну.
Кана, курбум, бек кармагын, сүйөгүн,
Кан жүгүртүп жайнатып ий иреңин!
Бол, батыраак, бийиң менен бир ирет
Дирилдеткин, көйнөгү эмес, жүрөгүн!
КАЛСА БОЛДУ
Жалыны чоңойгонсуйт улам жанып,
Жүрөккө кымбат болуп сезилүүнүн.
Жыргалым, так эсебин биле алдыңбы.
Жашоодо канчасы бар кезигүүнүн?
Кездешүү, коштошуубуз кезек күтүп,
Жүрүшөр бул күндөрдүн саясында.
А бирок калса болду өзгөрүүсүз
Сүйүүбүз сүйүү бойдон арасында!
ЭСКЕРГИН
Мен эскерем, сен да эскергин ал күндү,
Бизден башка аны кимдер эскермек?
Ошол күнү биз жолукпай калганда,
Балким сүйүү экөөбүзгө кеч келмек?
Алды жакта айтып болбос кезигүү,
Болот беле, болбойт беле ким билет?
Көңүлдөргө кымбат, назик ички сыр
Андан дагы табышмактуу сезилет.
Биздин сүйүү ошол күндөн жаралган,
Акылуусуң ал төрөлгөн күн дешке.
Бул эскерүү экөөбүздөн арналган
Болор балким, сүйүүбүзгө гүлдесте.
Мен эскерем, сен да эскергин ал күндү,
Бизден башка аны кимдер эскермек.
Ошол күнү биз жолукпай калганда
Балким сүйүү экөөбүзгө кеч келмек?!
ӨЗҮҢ БОЛ
Күндөрдөн алдыңбы көрк бөлүп,
Келбетиң келетат көрктөнүп.
Көздөрүң - жүрөккө көк жалын,
Кетчүдөй көрүнөм өрттөнүп.
Өрттөсөң өрт койгун койгондой,
Жалынын башкалар өчүргүс.
Өзгө эмес, жардамга шашылган
Өзүң бол өрттү да өчүргүч!
СҮЙҮҮ ДЕП СЕН БУЛАРДЫ ТҮШҮНБӨГҮН
Бир жүрүп жаз күнүндө талаа кезип,
Эңкейип гүл чогултуп, гүл эңбедик.
Түндөсү жылдыз санап, айды карап
Биригип ак кайыңга сүйөнбөдүк.
Сүйүү деп сен буларды түшүнбөгүн...
Жамгырга маңдай тосуп көнөктөгөн,
Биз бирге өткөрбөдүк жайды - жашык.
Тиктешип каректерди мокотподук
Жаштыктын илебинде жалдырашып.
Сүйүү деп сен буларды түшүнбөгүн...
Биз бирге учурбадык күз күнүндө,
Саргайган жалбыракты бириндеген.
Бир дагы бий аянтын көргөн жокпуз
Көйнөктүн этектери дирилдеген.
Сүйүү деп сен буларды түшүнбөгүн...
Ортого сырды салып бир да жолу,
Бир нерсе талашпадык, тартышпадык.
Ак кардуу кыш күнүндө көчөдө биз
Кочуштап кар ыргытып урушпадык
Сүйүү деп сен буларды түшүнбөгүн...
КӨПТҮР БАЛКИМ БИЗДИН ОКШОШ ЖАГЫБЫЗ
Мага окшош үмүтү бар сынбаган,
Келечекке өтө ишенчээк жансыңбы?
Артын ойлоп бирөөлөргө шек кылбай
Ак дилиңден айтасыңбы бар сырды?
Аткан таңга келесиңби тазарып,
Мен өңдөнүп түнгө таштап ызаңды?
Эңсегениң меникиндей көп болуп,
Эрмек кылып жүрөсүңбү кыялды?
Көптүр балким, биздин окшош жагыбыз,
Көп болгондой окшош жагы дүйнөнүн.
Мен өзүңдү ойлогондой дайыма
Мен жөнүндө сен да ойлоп жүрбөгүн?
Уяңдыкпы же башкабы? Ким билет?
Жүрөктөргө орноп алды көшөрө.
Сезилбеген эмнелер бар артында
Түшүп турат эки ортого көшөгө!
КҮТӨТ БИЗДИ
Жүрөктөгү бүгүн болгон эңсөөбүз
Эртеңкинин бешигинде таңылуу.
Көз жарышат биз жараткан ойлордон
Мезгил менен катар жүргөн жаңыруу.
Алдын ала айтуу кыйын белгилеп,
Сырын катат эртеңки күн ичине.
Жакын кылат күтүлбөгөн кездешүү
Кээде бизди бир бейтааныш кишиге.
Өзгөрбөскө канча аракет кылбайлы,
(Мейли ага баш катырып күн-түнү)
Дагы жаңы бүгүнкүдөн башкача
Күтөт бизди келечектин түйшүгү.
МУЗДАЙТ КӨҢҮЛ
Муздайт көңүл, муздайт көңүл, кайгырат,
Мен тагдырдын бороонуна жеңилип,
Арман көчү караан үзсө арылап
Сен каларсың бейтааныштай сезилип.
Мезгил ийген мен эле эмес, көптөрдү,
Эңсөө бүттү, кыял менен коштоштум.
Эркиң жетсе эстеп бир аз өткөндү,
Эзелкини мени менен жоктошкун!
КЕТКИМ КЕЛЕТ ТАПТЫРБАЙ
Калды сүйүү. Калды жаштык түгөнүп...
Калды артта караан үзүп бүдөмүк.
Караан калгыр кан жолунда дүйнөнүн
Каракчысы мезгил окшойт түбөлүк.
Ай айланып жылдар кетсе тоголуп,
Ал ансайын өмүр барат тонолуп...
Алдыруу бар, бөксөрүү бар, кемүү бар
Айбатың жол, кала бермей бозоруп.
Күндөр келет күлүк минип дүрбөгөн,
Күндөр кетет ойго салып дүрбөлөң.
Коштоп келсе бирөө сени дүйнөгө
Коштоп кетер бирөө сени дүйнөдөн.
Кабарчысы качан келет ким билет?
Каргашасын качандыр бир тийгизет.
Караңгынын тээп кирип эшигин
Кайып болуп учуп кетпей түн жиреп...
Аяр мезгил кайра артка бастырбай,
Азабыңдан аргасыздан тарттымбы ай?!
Алаксысаң көз ирмемге кылчайып
Адаштырып кетким келет таптырбай!
КАТТАШЫ ЖОК
Өчүрбөй бул сүйүүнү жүрөгүмдөн,
Өзүңдү эстеп дайым тутандыргам.
Мен эми сездим окшойт чарчоо барын
Өткөндөй миң чакырым бут алдыман.
Алыска жолго чыгаруу токтогондой,
Менде эми сага жетүү максаты жок.
Жашагым келет азыр окшобогон -
Жашоону - мурункуга катташы жок.
Жашоону - мурункуга катташы жок.
АРАЛАШЫП КЕТЕБИЗ
Биз бир кезде жалгыз эмес экөө элек,
Буйрук окшойт тагдыр жүгүн көтөрмөк.
Баратабыз эки айрылыш жолду улап
Бир бакытты издеш үчүн экөөлөп.
Калбайт көңүл, сокпойт жүрөк солгундап,
Каалашынча сүйүү бизди арбаган.
Кеткен жазды чакырабыз кол булгап
Кездешүү бар качандыр бир кайрадан.
Эки айрылыш жолдор кайра биригип,
Мезгил бизге болуп берет көпүрө.
Азып келип аралашып кетебиз
Акыр түбү армансыздар көчүнө.
ЫРААЗЫМЫН ЫЙЫК СЕЗИМГЕ...
Алыс жактар мени чакырат,
Алыс жакты эңсейт жүрөгүм.
Арман күүгө улап кусалык
Алыс кеттиң асыл түгөйүм.
Жазым келди жайып канатын,
Жайдак талаа шибер жамынып.
Жабыркаттың күткөн жүрөктү
Жазда келбей жашыл салынып.
Көчүп келсе түрмөк булуттар,
Көөдөнүмө жамгыр төгүлөт.
Көз мончоктой тамчы куласа
Көз жашыңдай мага сезилет.
Күзгү болуп күнгө чагылып,
Күмүш суулар күнгө кубулат.
Күмүш булак шылдыр добушу
Күлкүң болуп мага угулат.
Оюм жетип өзүм жетпеген,
Ошол сүйүү - өңү өчпөгөн.
Ыраазымын ыйык сезимге
Сени унутпай дайым эстеген.
ТАГДЫРДЫН ТАБЫШМАГЫ
Бир өмүр экөөбүзгө жетпей калды,
Билбейбиз издешүүнүн чеги кайда?
Кайрылып улантабыз бул оюнду
Качандыр кайтуу болсо бери кайра.
Анда да Күкүк менен Зейнеп болуп,
Жүрөрбүз жүрөк канап табыша албай.
Аргасыз бир армандан жеңилебиз
Алсырап кулап түшмөй, алыша албай.
Ал арман, арман эмес окшобойбу,
Ал бакыт - биз жазгырып кете албаган.
Тагдырдын табышмагы ошондодур
Экөөбүз эч бир ойлоп чече албаган.
КАЙЫК АЙДАП
Арбалып куру үмүткө канча жолу,
Мен сени эстегенден чарчабадым.
Мезгилге айбат алып нечет ирет
Мезгилден өзүмдү-өзүм калкаладым.
Сыясын кургатпадым калем саптын
Мен сени жазып такыр бүтө албадым.
Эскерүүм куш айланбас чоку болуп,
Ылдыйлап этегине түшө албадым.
Мен эми ал чокуда калат окшойм,
Тагдырым Сур Эчкидей кетти каргап.
Сен болсо табышпастын аралына
Кетесиң калагы жок кайык айдап.
КАЛА КӨРГҮН
Өзүңдү эстей берип бу дүйнөдө,
Өчүрбөй өтөм шамын жаштыгымын.
Мен сага жетпесем да перизатым
Мертинбес сүйүү бардан бактылуумун.
Көгөртүп көзүн ачып кең ааламдын,
Күн турса айдын эмне кареги бар?
Жүрөктү суутпаган бир өксүүнүн
Жүз жылга жете турган демөөрү бар.
Кол созуп жетем дебейм эми сага,
Кыялда кымбат болуп кала бердиң.
Танбайын, таап алган махабатты
Таптырбас тагдыр болуп кала көргүн!
МЕЗГИЛГЕ ИШЕН
Түнөрүп дүйнөң караңгы,
Түмөндөн жылдыз чачылбай.
Ак жааны төгөт армандын
Асманың сенин ачылбай.
Чыдайсың эми баарына,
Чырмады сени бир санаа.
Чырагын жагып үмүттүн
Чындыкты айтат ким сага?
Өткөндөн улап бир кабар,
Өксүйсүң далай жан күйүп.
Өзгөрүш кимге кылбаган
Өмүргө шерик жазды күт.
Мезгилге ишен жан курбум,
Мезгилиң эч бир карыбайт.
Мээримин төгүп акыры
Мезгилиң өзү дарылайт.
ТАГДЫР ДЕБЕ
Кайрылып өткөн турмуш алысына,
Келемин сен жөнүндө обон созуп,
Кечирсем канча жазды алды жакта
Эскерүү болот окшойт ошончолук.
Төбөдөн канат какса каркыралар,
Жаз менен биз тарапка кайтып келген.
Сезилет ал күндөрдүн кербениндей
Сагыныч оор жүгүн артып келген.
Бүгүнкү айырмалуу эртеңкиден,
Эмне бар мен билбеген өзгөрүүңдө?
Мен сени элестетем көзгө тааныш
Андагы кийип жүрчү көйнөгүңдө.
Жылдардан тосмо куруп ортобузга,
Ал учур өтсө өттү куюндаган.
А бирок кыска өмүрдүн саясында
Биригүү тагдыр дебе буюрбаган!
АКЫРЫ СЕНИ СҮЙГҮЗӨМ
Канча жыл күттүм өзүңдү,
Каякта жүрдүң кез келбей.
Канча жыл түштүм артыңан
Кайберен кууган мергендей.
Жаңылбай сага кабылдым,
Жаза атпай огум тийгизем.
Азапка түртүп ийсең да,
Акыры өзүм сүйгүзөм.
Аскасы бийик тоо болсоң
Ак карың болом кетпеген.
Жалбырттап күйгөн от болсоң
Жалының болом өчпөгөн.
Агыны катуу суу болсоң,
Алдыңа түшкөн таш болом.
Сездирбей өткөн куракты
Сен үчүн кайра жаш болом.
Чалкыган деңиз сен болсоң,
Чайпалып сүзөм кемедей.
Шерт кылгам сага жетүүгө,
Шек кылба ага кенедей.
СҮРДӨБӨ, ЭРКЕМ
Сүзүлүп сүйкүм көздөрүң,
Сүйүүсүн небак айтышкан.
Сүрдөбө, эркем сүрдөбө
Сүйөм деп мени айтыштан.
Саамайың желге таратып,
Салкындуу кечте жолуккун.
Боюңду таштап эркелеп
Болоюн дечи, колуктуң.
Улама ушак-айыңдын,
Унуткун тиги-мунусун.
Айтылбай калса ички сыр
Акыйкат дүйнөң курусун.
Айткының арзуу сүйүүңдү,
Асылып менин мойнума.
Адептүү болгон ким экен?
Арбалбай жаштык ойнуна.
Сүзүлүп сүйкүм көздөрүң,
Сүйүүдөн кабар айтышкан.
Сүрдөбө, эркем сүрдөбө,
Сүйөм деп мага айтыштан!
ҮЗБӨЙ ЖҮР
Ырдагын арман ырыңды,
Ызалуу сенин жүрөгүң.
Өзүңдү-өзүң сооротуп
Үзбөй жүр, эркем, күдөрүң.
Түнөрсө асман - түпсүз жай,
Түмөндөп жылдыз чачылбайт.
Түгөнбөс санааң түш болсо
Түн сага сырын жашырбайт.
Ымыркай жаздын жыты урат,
Ызгардуу кыштын артынан.
Көл бүтөт чөлгө куураган,
Көкүрөк жууган тамчыдан.
Ырдагын арман ырыңды,
Ызалуу сенин жүрөгүң.
Өзүңдү өзүң сооротуп
Үзбөй жүр эркем күдөрүң!
СЕН ЭКӨӨБҮЗ
Сен экөөбүз эки айрылыш жолду улап,
Жөнөп кеттик эки башка багытка.
Эми эзели айрылыштар бирикпейт
Кетээр улам карааныбыз алыстап...
Мерез болдук сыртыбыздан сыр бербей,
Ыйласак да ичибизден ыйладык.
Арман күүдөй ачыштырган жүрөктү
Эки ортодо бир күч барын туйбадык.
МЕН БОЛОЮН...
Жашылдан көйнөк кийсең.
Жакаңа гүл болоюн.
Жалгыздык жанга батса,
Жаныңда бир болоюн.
Жамгырдан тажап кетсең,
Жаркырап күн болоюн.
Жыйылбай жүгүң калса
Жылдыздуу түн болоюн.
Күкүктүн үнү бүтсө,
Күздү мен качырайын.
Көркүңө көз артышса,
Көргөзбөй жашырайын.
Өйдөлөп өргө чыксаң,
Өзүңө тең болоюн.
Өмүрдө издегениң
Өзгө эмес мен болоюн.
ЖАЗЫЛБАЙ КАЛДЫ БИР КУМАР
Көзүңөн сенин кагылам,
Көзүңдү көрүп талыгам.
Дарексиз кеттиң каякка
Дайныңды билбей сабылам.
Жазыксыз элем арман жок,
Жаштыгым узайт дарман жок.
Табам деп жүрүп өзүңдү
Тартпаган азап калган жок.
Издедим келчү күндөрдөн,
Издедим талаа, түздөрдөн.
Түшүмө аян бербеген
Түңүлүп бүттүм түндөрдөн.
Жүрөктүн демин суутпай,
Жүрсөм да сени унутпай...
Жазылбай калды бир кумар
Жаай албай калган булуттай!
ПЕРИШТЕМ
Көңүлүм сүйүп самаган,
Көз кырым салып карагам...
Көрүнбөй жүрүп көрүндүң
Көп жылдар узап арадан.
Карааның издеп зарылгам,
Кайышып далай кабыргам.
Кайберен болуп жүрдүңбү?
Кар түшкөн тоону жамынган.
Түндөсү санаа жүгөндөп,
Түндөсү түшкө кирээр деп...
Түйшүгүм болуп түгөнбөс
Түндөрдү жүрдүм түгөлдөп.
Кайыптан бүткөн бактымбы,
Капырай сени таптымбы?
Канатың күүлөп кайрадан
Каркыра болуп кайттыңбы?
Ыраактап кеттиң неликтен,
Ыргайдай болдум кейиштен.
Ызасын чыгар жүрөктүн
Ыр жандуу менин периштем!
КАРАБА КӨЗҮҢ МЕНЕН ТАҢ КАЛЫШТУУ
Иничек, кичинекей иничегим,
Караба көзүң менен таң калыштуу.
Сүйүүсү сен кызыккан кыз-жигиттин
Соолбос тирүүлүккө байланыштуу.
Чубалып жылдар жылса кербенделген,
Турбайсың бала бойдон эрбеңдеген.
Алдыда күтүп турат садагасы
Күндөрүң гүл көтөрүп дегдеңдеген.
Сен дагы байкелериң сүйүп өткөн -
Кечтерге жолугасың кызылы көп.
Жер-Энең көтөрүүдөн талыбаса
Уйкусуз түндөр өтөт кызыгы көп.
Иничек, кичинекей иничегим,
Караба көзүң менен таң калыштуу.
Сүйүүсү сен кызыккан кыз-жигиттин
Соолбос тирүүлүккө байланыштуу.
*** Мен сага качандыр бир жолугам деп, Күтүп эңсеп келгемин. Чеги жок үмүттөргө моюн сунуп Чарчоо барын сезбедим. Жамгырым деңиз болду төгө берип... Жазыксыз айлар келет тегеренип.
Сезбепмин татаалдыгын турмушумдун,
Кыял коштоп бүтүп күн.
Жазга түгөй жан элең, калдың кайда?
Үнүн укпайм күкүктүн...
Өмүрдүн кайталанар жазы барбы,
Жылдарды шамал айдап кайырабы?
Куралат түрмөк булут көз жашымдан,
Ичке катам кайгымды.
Кайчылаш жолдор күтөт, кездешүү жок
Кимден сурайм дайыныңды?
Сен тагдыр, касиеттүү күнгө табын,
Сездирген кереметтүү дүйнө барын!
БУЛУТТАРДЫН ЫРЫН УГУП КАЛ
Ал сүйүүнүн түгөнбөгөн жомогун,
Арман кылып айтып келет булуттар.
Адашсаң да ак жолуңдан жаңылып
Арман ырын асылкечим угуп кал.
Кетти күндөр, кетти келбес сапарга,
Кетти күндөр - көйнөк кийген жашылдан.
Келет күндөр... кербен өтөт үзүлбөй,
Кереметин экөөбүздөн жашырган.
Кайра баштан өткөндөрдү эскерүү,
Качандыр бир жалын болуп тутанаар.
Карегиңде калдалаңдап бир караан
Качандыр бир кылар сени кусадар,
Качандыр бир кылар сени кусадар...
УНУТПАГЫН
Сен жакка өтүп жааган булуттардын,
Жамгырын көз жашымдай туюп калгын.
Алдыда канча жазды жолуктурсам
Мен сени эстээримди унутпагын.
Сен жакка куштар учса угуп калгын,
Жүрөктүн сагынычтан буюкканын.
Алдыда күз узатсам канча жолу
Ошончо саргаярым унутпагын.
Жаз, күздөн жүрө көргүн кабар улай, Жаз, күздү сезип келем азабымдай. Түшкө кир түңүлдүрбөй перизатым Мен сени сүйө берем баягымдай. ***
Көлөкөңдөй ээрчип жүрүп өзүңдү,
Калгам сенин карааныңдан адашып.
Арзуу ыры нөшөр болуп төгүлөт
Асман жыйган булуттарга жанашып.
Ийик кылып чимирилтип мезгилди,
Издөө бүтпөй бир өмүргө күз келген.
Үйдөн чыгам үмүт менен ээчишип
Күндө сага жолукчудай бир жерден.
Ким бирөөгө ачкым келсе сырымды,
Ким бирөөдөн жүрөм кайра жазганып.
Түндү тосом түшкө аян берер деп
Түмөн ойду жаздыгыма жазданып.
Сен бирөөгө жөп-жөнөкөй сезилсең,
Мага дайым кымбат бойдон каларсың.
Ээн журтта жоголгон бир бычактай
Ал күндөрдүн болот окшойт “сабы алтын”.
Жамгырын эстегенде жашыл жаздын,
Качанкы эски жомок кайра уланып...
Кайрылып келем сага алыс жактан
Кетсе да дайра болуп ай, жыл агып.
Сен мага жолукчудай сезилесиң
Өмүрдүн өткөн жазын кайрып алып.
Мен сени жазып кирем кайра баштан
Мезгилдин барактарын айрып алып.
Жамгырын эстегенде жашыл жаздын,
Бир өксүү калат менден бөлүнө албай,
Мен сени издей баштайм көп ичинен
Окшотуп... Кээ бирөөдөн көзүмө албай.
Самсаалап сагынычтын булуттары
Көчүшөт нөшөр болуп төгүлө албай.
Мен сага келбес жактан келем кайтып
Жашоодо жүргөн үчүн кезиге албай.
ТӨРӨЛӨ ГӨР
Мен шашып, сен кечигип бу дүйнөгө,
Мезгилден биз жаңылып адашканбыз.
Арга жок жазмышка моюн сунуп
Бир бакыт бизге жетпей, калат жалгыз.
Мен сени издегемин, жоктогомун,
Дайынсыз кеткен жылдар саясында.
Эми сен көкүрөккө арман жыйып
Эзелки эңсөө бойдон каласың да.
Сездирип тагдыр бизге кас экенин,
Кайырсыз жылдар узайт сепил болуп.
Өтөбүз өкүндүргөн бу жашоодон
Экөөбүз бир сүйүүдөн кечил болуп.
Качандыр кайтуу болсо бу тарапка,
Кайрылып түбөлүктүү айлампадан...
Кайчылаш жолдор күтөт экөөбүздү
Мен сени жашыл аалам жайдан табам.
Анда да жаш өмүрдү саргайтуу бар,
Жашоо бар күндү айланып, тегеренер.
Кылыгың кыйнап өтсүн мендей жанды
Кыз болуп кайра да бир төрөлө гөр!
МЕН БЕЙТААЛАЙ БОЛУП КАЛСАМ...
Көз жаш болор сагынычтын булуту,
Көкүрөккө батпай калса жыйылып...
Өзүң тїгїл жарык күндүн алдында
Жүргүм келет көлөкөңө сыйынып.
Күтөм сени кайрылат деп качандыр,
Караан тутуп кайгы менен күйүттү.
Кейитсең да келериңе ишенип
Кептер кылып учурамын үмүттү.
Айтып келем ал күндөрдүн жомогун,
Арман кылып Айга, Күнгө, булутка.
Мен бейтаалай болуп калсам сүйүүдөн
Сен күнөөлүү болоруңду унутпа!
СЕН МАГА АЯН КЫЛЧЫ...
-Күткүн, - деп айта көргүн перизатым,
Мен сени күткөн үчүн бактылуумун.
Кабарын сенден улайм унутулган,-
Качанкы караан үзгөн жаштыгымын.
Мезгилдин кайталанаар бир учурун,
Атайлап өзүң мага табыштагын.
Мезгилдин сени коштоп келээр маалын
Күтүнүп жан дүйнөмү багыштайын.
Сен мага аян кылчы кереметтүү?
Жакшы түш - жан кумарым сыяктанган...
Мен издеп кетким келет кайрып сапар
Өмүрдүн өткөн жазын ыраак калган!
МЕН СЕНИН КИМ ЭКЕНИҢ БИЛБЕЙ ТУРУП
Сени ойлоп, сени издөөнүн убарасын,
Жүз жылдык кубанычтан артык көрүп...
Бир өмүр аздык кылса бу кумарга
Мен сени издеп өтөм кайтып келип...
Мен сени жашыл шибер жайдан издейм,
Мен сени нурун чачкан айдан издейм,
Мезгилден кабар күтүп, аян күтүп
Мен сени жоктон издейм, бардан издейм.
Жашоомо жарык күндүн шооласындай,
Жакшы түш сага тарткан төлгө болуп...
Мен сени көкөлөтөм кыялымда
Мен сени башкалардан өйдө коюп.
Мен сени гүлгө теңеп жаңы ачылган,
Гүл бойдон жыттагым бар үзбөй туруп...
Мен сени сүйгүм келет түбөлүккө
Сыр каткан жан дүйнөгө кирбей туруп.
МУНАРЫК
Ким издейт бизге жакын, бизге тааныш,
Жылдарды кайрып артка куюндаган,
Мен эми чоочун болуп калам сага
Турмуштун тартиби ошол бузулбаган.
Экөөбүз унутабыз бир сүйүүнү,
Өкүнтүп бу жашоодо буюрбаган.
Агабыз бу жалганда эки суудай
Эзели бир деңизге куюлбаган.
Кайдадыр узап бара жаткансыйбыз
Кайыптай дарек-дайны угулбаган.
Антсе да баары кайра башталчудай
Аян бар керемети туюлбаган...
Кайрылып бу тарапка кайта турган
Көч бардай аяк башы суюлбаган.
Кездешүү бар өңдөнөт кайталанар
Качанкы бизди унуткан ыйык жайдан.
КӨНДҮРӨ АЛБАЙ ЖҮРӨМҮН
Өттү мезгил кыял менен жашадым,-
Алаксытар кейиш-санаа, кайгыдан.
Ээрчийт аян эңсегеним бар өңдүү
Эргүү табат чакыргансып жазды улам.
Өзүм билбейм күтүп жүрөм эмнени
Күндөрүмөн кездеше элек алдыман.
Мен бирөөнү, ким экени белгисиз,
Узак жылдар издегенсип келгемин.
Жолбун сезим көкүрөккө уялап
Мезгил токтоп калган өңдүү сезгемин.
Акыл эске үмүт менен күтүнүү
Адат болуп каларын мен сезбедим.
Ошол адат калыптанган качантан,
Жүрөт дайым акыл, эсти азгырып.
Жүгөндөлөм шыбышына жүрөктүн
Жокту дагы кыялымда бар кылып.
Кейиш кылбайм мен ушуга кубанам
Кетпесем да убакытты жазгырып.
Бактым менин ушундадыр ким билет,
Бир сезим бар сыйкырына арбаган.
Жакшы ойлорду, жакшы үмүттү, кыялды
Жатарымда жаздык кылып жазданам.
Жылдарымды эсте калган бактылуу
Издеп келем жолугат деп кайрадан.
Ойлор мени бөлүп кетет чакырып,
Узак жолго сапар алып жаткандай.
Таасир калат алыс кетсем өзүмдөн
Күн да мага башка жерден баткандай.
Мен өзүмдү сезип кетем кээ бирде
Эки өмүрдү катар жашап аткандай.
Кеткен жаштык, кеткен өмүр кайрылбас,
Ал чындыкка болбош керек күмөнүм.
Жашырсам дейм алдырганды мезгилге
Жашыра албай баратса да иреңим.
Айла жокко көнгөн менен акылым
Мен жүрөктү көндүрө албай жүрөмүн!
О небо, муки сердца сохрани
и чашу горьких слез не расплескай...
Микеланджело Буонарроти
СҮЙҮҮ
Сыйкырдуу күч көкүрөктө тынчыбас,-
Толкуну окшоп ташып жаткан деңиздин...
Көздү бууган караңгыны качырып
Сен дүйнөмө шоола болуп төгүлдүң.
Алдын тосуп алыс кеткен жылдардын
Кайрып келчү кереметтей сезилдиң.
Сезбесем да бар-жогуңду бу жайдан,
Сен табылып кайып болуп кездештиң.
Мен өмүрдү Жараткандан буюрган
Жайбаракат жашаш үчүн келбепмин.
Сен тартуулап бүтпөс сапар, саякат
Аалам болуп турарыңды сезбепмин.
Маалы келсе кош айтышар бу дүйнө,
Мен кетермин Күн алдынан, баспай Жер.
Ыйык сүйүүм ажырабай түбөлүк
Издеп мени, барчу жакка каттай көр.
Оо Теңирим, түбөлүктүү Асманда
Мага ыйгарып бергениңди сактай гөр.
Жүрүш керек акыретке кам көрүп,
Сезбесең да Асман жактын чечимин.
Сен жанымдын жандоочусу болгонго
Сырдуу дүйнө кылар ага кечирим.
Табыша алсак табышмактуу тараптан
Тапкан болом мен бейиштин эшигин!
ЖАШЫЛ ЖАЗ КЕРЕМЕТИҢ СЕЗДИРЕ ЖҮР
Ташыркап туяк сынар татаал жолго,
Тагдырым аян берет баштангансып...
Сезилет жааган жамгыр азыр башка
Мезгилдин кирпигинен жаш тамгансып.
Агарып чачтар күндө кабар улайт
Алыстан ажал мага кат жазгансып.
Башталыш, аягы бар бир өмүрдүн,
Ыйгарат канча жашты Кудай мага?
Жашоодон чарчадым деп айтпас чыгар
Миң жашап, куурай окшоп кубарган да.
Көңүлдө көп эңсөө бар. О жараткан
Кайрымдуу боло көргүн суранганга.
Мезгил өзү тартуулап кубанычты,
Мезгил өзү армандуу кайгы табат.
Жылдар мага сезилип түгөнбөстөй
Жылдар кеткен бейкапар жазды санап.
Жаз көпүрө түбөлүк жаңы, эскиге
Жашоом эми өтчүдөй жазды санап.
Келчү жаз кереметиң сездире жүр,
Кайырып качанкыны унут калган.
Алдыда жылдыз жааган түндөр канча?
Ача гөр асманымды булуттанган.
Табыштап жанды ээсине кайырганча
Табы жок күндөн сакта,-жылытпаган!
БАКТЫЛУУ СЕЗИМ ҮЧҮН ЫР ЖАРАТАМ
Сени ойлоп, сени эңсөөнүн убарасын,
Келемин мен сезимден өчүрө албай.
Жүрөктү кыял ээлейт эски журттай
Жүрөмүн жүгүн артып көчүрө албай.
Адашпай таап алчудай учкан жанды
Арбаган Сүйүү мени өчү бардай.
Барсыңбы бул ааламдын бир бурчунда,
Билбеймин ким экениң кандай жансың?
Кайдадыр качырсам да көп санааны
Каламын бир үмүткө байлангансып.
Күтүүдөн мезгил токтоп калган өңдүү
Сезилет Жер акырын айлангансып.
Кайрылбай жылдар кетсе караан үзүп,
Кайгырсам кайгырармын аздыгына.
Атайлап бир өмүрдү сени издөөгө
Арнадым кайыл болуп бадыгына.
Бактылуу сезим үчүн ыр жаратам
Багыштап сенин сырдуу тагдырыңа.
КЕЗИКТИР
Ай, жылдар ташын тизип тагдырыма,
Артынып ала кетет кайгыны да...
Армандуу күн батырсам үмүт артмай
Агарып атар таңдын кайрымына.
Кетсе да кечээкиден караан калбай,
Күтүүдөн эңсөө кайра жаралгандай.
Алыста дүлөй түндүн тынчын алып
Адашып мени издеген аян бардай.
Түйшөлүп тилек кылсам эмдигиче,
О Теңир күмөн кылбайм кеңдигине...
Ансыз да өмүр кыска, кеч болсо да
Кезиктир жылдыздуу саат-мезгилиңе!
ШАХРЕЗААДА ЖОМОК АЙТАТ
(“Миң бир түн” жомогуна арналып жазылган ыр)
Кирпиктин ирмеминде
Сыйкырдуу аалам.
Шахрезаада жомок айтат
Багдаттын түндөрүндө
алыс калган.
Багдаттын түндөрүндө
төгүлүп жылдыз жааган.
Шахрезаада жомок айтат
ажалды алаксытып,
ажалдын алдын тосуп
доочудай тегеренген
ак сарайын падышанын.
Шахрезаада жомок айтат
узатып күн коогасын
кайра артына,
көтөрүп бүт күнөөсүн аялзаттын
өз мойнуна.
Шахрезаада жомок айтат
Багдаттын түндөрүндө
ай артынган.
Уккандар издеп кетет
чырагын Ала ад-диндин
Ала-ад-диндин-
эгеси кара жиндин.
Жазылса маңдайыңа,
Карабай кандайыңа
аласың өз энчиңди
бу жалгандан...
Байланган кереметтүү
бир чыракка тагдыры анын,
тагдыры анын
сездирип адашпаган
агын барын,
Эске салып бу дүйнөнүн
жан билбес табышмагын.
Тагдыры анын
жүктөнүп жүрүп өткөн
бак-таалайды
өчкөнчө бир өмүрдүк
күйгөн жалын.
Шахрезаада жомок айтат
Багдаттын таңын тосуп.
Али-Баба качырга
куурай артып,
куурай артып, кудай айтып
кырк каракчы
“уудан” кайтып...
Бир сөзгө кулак төшөп
“симсим” деген
ачылып тектир тоонун дарбазасы-
жашырган сан байлыкты
көздөн далдоо.
Ырыскы, дөөлөтүң да
туш келбейт жулунганга,
Көр байлык көмүскөдөн
буюрбай кырк атчанга
буюрат пендесине,
куурай жүктөп тоо-ташка
түн катканга.
Шахрезаада жомок айтат
Багдаттын түндөрүнө
түш көргөзүп.
Деңиз кечип Синбад кайтат
дагы бир саякаттан.
Кетишет саякатка
кетчүлөр кеме жалдап,
Кемелер кетет, келет
шамал айдап.
Кээ бири кайтпайт артка,
кээ бирин ажал айдап.
Ажалга ажал айгак,
Синбадды ажал албайт.
Көмїлүп көргө түшкөн,
зымырык куш көтөрүп
чөлгө түшкөн.
Аман соо кайтат артка
дагы бир саякаттан,
тапшырып ай, жылдарды
деңиздерге...
Шахрезаада жомок айтат
Багдаттын түндөрүнө
шуру тагып.
Кечигип кербен келбей
Мисиринен
Маруфтун күнү тарып,
айы тарып...
Маруфту карыз басып.
Амалдын күнү бүткөн
арга табар,
доочунун саны артып,
санаа басып,
балээ басып...
Кош кирпик бир ирмелбей
түнү качып,
сүрү качып
жүргөндө кайдан, жайдан
жараткан багын ачып...
Катылган жер астында
сан байлыкка
туш болдуруп,
Керемет куш кондуруп
төбөсүнө...
Шахрезаада жомок айтат
миң бир түнгө.
Узартып өмүр жашын
миң бир күнгө.
Шахрезаада жомок айтат
убакыт желе болуп,
ал калган эне болуп,
ханыша таажысына
эге болуп...
Жомогу миң бир түндүн
сайылган жебе болуп
мезгилдин далысына.
Шахрезаада Жомок айтат
жашына, карысына,
дүйнөнү түгөл санап
эскиси, жаңысына.
Шахрезаада Жомок айтат
түбөлүк баарысына...
Байкем Сансызбайдын жаркын элесине арнаймын
КЫЗ ЖИБЕК
Кайталап эске салсам мурасыңды,
Кайрылып ага көңүл бурасыңбы?
Махабат - соолбогон түбөлүккө,
Мүрөктүн суусу экенин туясыңбы?
Ашыктык, аруу сүйүү уламышын
Айтайын, кулак төшөп угасыңбы?
Ар бир муундун өз заманы бар. Бирөөлөрүнө - бактылуу, кайсы бир муундун шыбагасына каар заман туш келет. Бирок, алар өз заманына таарынышпайт. Анткени, жарык дүйнөгө келип-кетүүнүн өзү эле бакыт экенин баамдашса керек. Бактылуу заманда да, каар заманда да адамдын жашоого болгон кумары бирдей болот окшобойбу. Антпесе жер үстүндө адамзаттын тукуму курут болуп, эчак эле жок болуп кетишмек. Ошондой эле ар бир заманда адам баласынын кубанычы, сүйүүсү жана кайгысы аны менен кошо жашап келет. Жашоого түгөнбөс кумар жыйган да ошолор. Аларсыз аңсезимдүү пенденин жашоосу кунарсыз болуп, бул дүйнөгө жаралып
келүүнүн зарылчылыгы да болбой калмак. Кайгы, кубаныч бар жерде сүйүү жашайт. Сүйүү жашаган жерде кубаныч да, кайгы да бар. Сүйүүнү мезгилге бөлүштүрүп кароого болбосо керек. Бардык учурда тең сүйүү кумарына чалдыккандарды кандайдыр бир табышмактуу керемет күч маңдай жарылып кубанууга же болбосо кыйноого салып, азап чегүүгө чейин мажбурлап келет. Сүйүүнүн ошол керемет күчүн даңазалаган көркөм ой мурастары замандардын түпкүрүнөн биздин күндөргө чейин кандай келип жетсе, так ошондой кийинки муундар үчүн да улам жаңырып, толукталып улана бермекчи.
Казактын даркан талаасында жаралган аруу сүйүүнүн көөнөрбөс бул баяны калктын калың катмарына тарап, муундан муунга уланып келет. Бул тууралуу ар түрдүү маанидеги аңыз кептер да айтылып жүрөт. Кыз Жибек менен Төлөгөн тарыхый инсандар деп да айтышат. Эмнеси болсо да көчмөн элдин жараткан бул улуу мурасы дүйнөлүк маданияттын алтын казынасында татыктуу ордун ээлеп кала бермекчи. Кыз Жибек менен Төлөгөнгө байланыштуу “Кыз Жибек менен Төлөгөн” дастанын жазууга мага түрткү берген “Кыз Жибек” көркөм тасмасы болду. Эки жаштын армандары көркөм тасмада жок. Бул дастан ошол көркөм тасманын мага тийгизген таасиринен улам жаралган эле. Эми бул чыгарма канчалык деңгээлде окурмандын көңүлүн бура алат, аны убакыт көрсөтөөр. Балким кимдир бирөөлөрдүн купулуна толуп, комузга же домбурага салып ырдап чыгып калабы деген үмүттөн да куру эмесмин. “Кыз Жибек” көркөм тасмасын көргөндөр да бар, көрбөгөндөр да бар. Ал тасмадагы окуяларды баштан аяк баяндап отуруунун анчейин деле кажети жоктур. Ошентсе да, кыскача түшүндүрмө артыкбаш болбос. Казак эли да биздин кыргыздар сыяктуу урууга бөлүнүп жашоо салтынан куру калган эмес. Урууга бөлүнүп жашоо кайсы бир мезгилде оң таасирин тийгизип келсе келгендир, бирок акыркы кылымдарда уруучулуктун кесепети ичтен ыдыроого алып келип, ич ара согуштардын
чыгышына белгилүү даражада себепкер да болуп бергени белгилүү. Казакта улуу жүз, орто жүз, кичүү жүзгө бөлүнүшүп, ар бир жүздүн арасынан чыккан султандары, бийлери ич ара ынтымакка келе алышпай, бири-бирин чаап алып турган заман болсо керек. Төлөгөн менен Кыз Жибек мына ошол каршылаш жүздөрдүн бүлөөлөрүнөн чыккандар.
Төлөгөндүн арманы
Төлөгөндүн атасы Базарбай баласын Кыз Жибектин айылын чаап, жылкысын тийип келүүгө кол жыйнап берип, аттантат. Төлөгөн ошол максатта Кыз Жибектин айылы жайлаган Көк-Жайык жайлоосуна келсе да, жылкы тийип, журтту чаап алгысы келбейт. Тескерисинче, аларды ынтымакка чакырат. Ошентип бул уруунун мыктылары менен кездешип олтурганда Жибекти көрүп таанышат. Бул танышуу арылап тереңдеп, сүйүүгө айланып, акырында экөөнүн баш кошуу маселесин чечүүгө такалат. Кыздын атасы макулдугун берет, бирок Төлөгөн өз атасынын макулдугусуз Жибекти алып кетүүгө мүмкүн эместигин билет. Анын үстүнө, буга эзелтен келаткан каада-салт да жол бербейт. Анткени Төлөгөн кызга төлөөчү калыңын алып, күйөөлөп келип, той өткөрүп, үлпөтүн кылып кетиши керек эле. Ошентип Төлөгөн Жибек менен сөзүн бүткөрүп, убадалашып айлына кайтат. Келип атасына Жибекке үйлөнөөрүн билдирет, бирок атасы ага каршы болуп, макулдугун бербейт. Арадан айлар өтөт. Ашыктык отуна күйүп, сүйүүнүн айыкпас дартына чалдыккан Төлөгөн боз үйдүн түрүлгөн эшигинен алысты телмире тиктеп, күндөн күнгө кайгысы күчөп, бечара кейпин кийет. Мына ушул азаптуу күндөрдүн биринде алыстан ат арытып келаткан жолоочуну көрүп, кантсе да Жибектин дайнын ушул неме билсе керек деп, аны утурулай чыгып учурашат. Эмнеси болсо да ушуга сырымды төгүп көрөйүнчү деп, Төлөгөн жолоочуга кайрылып ырдап калды:
Айчылык жолдон сен келсең,
Айтарга сөзүң бар бекен?
Айтылуу жайлоо Көк-Жайык
Ажайып кооз жай бекен?
Ай тийген тескей жагында
Ала-Тоо башы кар бекен?
Арманын айтып ырдаган
Айлында мендей бар бекен?
Күнчүлүк жолдон сен келсең,
Күлөргө күлкүң бар бекен?
Күнөстүү жайлоо Көк-Жайык
Гүл жыттуу кооз жай бекен?
Күн тийген күнгөй жагында
Күкүктөп дайра шар бекен?
Күйгөнүн айтып ырдаган
Күйүттүү мендей бар бекен?
Кыр ашып келсең кыдырып,
Кырка тоо башы мал бекен?
Кысталыш күндө жоо келсе
Кылычын чабар бар бекен?
Кымча бел сулуу келиндин
Кымызын ичсең бал бекен?
Кылыгы эсти тандырган
Кымбатым Жибек кайда экен?
Бетеге белден буралып,
Белеси толо мал бекен?
Бейкапар элге бел болор
Бекзаада, беги бар бекен?
Байкасам кийген сулуунун
Бешене, көркү ай бекен?
Белестин кызыл гүлүндөй
Берметим Жибек кайда экен?
Сыдырып келсең кыйланы,
Сыр айтып мени кубантчы.
Сыпайы сырын жашырбайт
Сындырбайт така туякты.
Сыйымды көргүн жолоочум
Сыйлайын кылып ызаатты.
Сыртыңдан турам жактырып
Сырдашым болгон сыяктуу.
Ырдап бүтүп караса жолоочунун өңү муңайыңкы тартып, көргөнбилгенин анчейин ачылып, айтып бере албады. Айтканы ушул болду, “Жибектин өзүн көрө албадым, атасынын тынчын алып, жуучулар түшүп жаткан сыяктуу. Сапарым узак эле, кайрылып эсен-соо жетсем кабарыңды айта барайын” деди да, кетүүгө кам урду. Ошондо Төлөгөн жолоочуну узатып жатып: “кайтсаң ушул жол менен өт, арманымды катка жазайын, боор оорусаң жеткирип, Жибектин колуна тапшырып коерсуң” деп, ага кайрылып минтип ырдап калды: Алыстан кайтсаң бурадар, Атыңдын башын буруп кет. Ал жайым сурап акырын Азыраак мында тынып кет. Айыкпас дартка чалдыккан Ашыктын жайын туюп кет. Азапка түшкөн шордуунун
Арманын бир аз угуп кет.
Кайрылып келсең жолоочум,
Карагер оозун тартып кет.
Карыпка төгүп мээриңди
Каректе жашым аарчып кет.
Канжыгаң тартып байланып
Кайгымды теңдеп артып кет.
Капаска түшкөн шордуунун
Кабарын билип айтып кет.
Саламат барып, соо келгин,
Салават өмүр, жашыңа.
Саргарып сени күтөрмүн
Салдырып төлгө кашыма.
Сары оору дартка чалдыктым
Санааны үйүп башыма.
Салганын мага теңирим
Салбасын сенин башыңа.
Ошентип арадан айлар өтүп, болжошкон убакта баягы жолоочу узак сапардан эсен-соо кайтып, Базарбайдын айлына келип түштү. Төлөгөнгө жолугуп, анын тапшырган аманат катын алып, жолго чыкты. Мына ошол катка жазылган Төлөгөндүн арман ыры мындайча эле:
Кайгыны үйүп башыма,
Каргаша күнгө кабылгам.
Капаска түшкөн куш болдум
Канатын ийип кайырган.
Кайрылып сага жете албай,
Кайышып турат кабыргам.
Жез болду өңүм саргайып
Жибекжан сенин айыңдан.
Күч кетип кирпик илинсе,
Күйүтүм менин ойготкон.
Күн перим сени күттүрүп
Күн өтүп барат болжошкон.
Ал кетип кирпик илинсе,
Арманым менин ойготкон.
Ай перим сени күттүрүп
Ай өтүп барат болжошкон.
Асманда учкан жагалмай,
Азаптуу жанга аяндай...
Арманда өтүп кетемби?
Айланып сага баралбай.
Акыркы айткан сөзүнөн
Айныбайт атам Базарбай.
Ардагым сага жетүүнүн
Аргасын калдым табалбай.
Күн өтсө күндө той кылып,
Күмүштөн шакек салбадым.
Күмүштөн така кактырып
Күлүктү минип барбадым.
Ай өтсө айда той кылып,
Алтындан шакек салбадым.
Алтындан така кактырып
Аргымак минип барбадым.
Үй тигип үзүк жаптырып,
Үлпөттөп конок тосподук.
Үлпөттүү тойдун үстүндө
Үн салып обон созбодук.
Кылыгың сенин эстесем
Кызарган жүзүм боз болуп...
Кыр ашпай үмүт калабы?
Кыялдан бүткөн ой болуп.
Көз жеткис талаа мунарык,
Көөдөнгө толгон зар белең?
Көксөткөн жайлоо Көк-Жайык
Көзүмдөн учкан жай белең?
Көңүлдө шорум арылбай
Көзү ачык өтчү жан белем?
Көмүскө жерге жашынган
Көрүнбөс балээ бар белең?
Аманат жандан чоочунам,
Айы өчүп барат түнүмүн.
Асманы барат бүркөлүп
Алдыда жашоо күнүмүн.
Алсырап турам амалсыз
Аялуу жандын биримин.
Ак боз ат үзөт суулугун
Ал дагы издейт үйүрүн.
Таңшыган торгой төбөдө,
Табышмак сырың бар беле?
Талаасы, чөлү казактын
Таалайсыз кылар жай беле?
Таберик кылып сүйүүнү
Табышкан жандар аз беле?
Тарттырган мага азабын
Тагдырдын өчү бар беле?
Канатын күүлөп ылаачын,
Кайрылып учуп барабы?
Кайыгып түшсө түзөңгө
Кайберен туяк кагабы?
Кайтышка айла табалбай
Караймын жолду аялуу.
Кабарын улайт муң-зардын
Какшыган чөлдүн шамалы.
Мээримин атам төкпөгөн,
Менин го дүйнөм караңгы.
Мезгилге койсом алдырып
Мен эми сендей табамбы?
Сезимге салып дүрбөлөң,
Сен жактан улайм кабарды.
Саргая күтүп түңүлүп
Санааңда үмүт табамбы?
Кыярган талаа боз болуп,
Кызылы күндүн кайттыбы?
Кызыкпайт кызыл гүлгө ким-
Кыябын бирөө таптыбы?
Кыз оюн курган түндөрдө
Кыналап сага бастыбы?
Кылчайып узай берерде
Кыйытып сөзүн айттыбы?
Жамалың сенин нур болуп,
Жаш бозой көзүн арткандыр.
Жай басып, жандан сактанып
Жаңылбай эшик каккандыр.
Жашынып келип түнүндө
Жарганат болуп кайткандыр.
Жумшагын сөздүн белендеп
Жуучулар түшүп жаткандыр.
Күкүгүм сага калтырган,
Күлүктү мине алдыңбы?
Көкүлүн сылап күндө бир
Көз кырың ага салдыңбы?
Күкүктөп аккан дайранын
Күндүзү жээгин чалдыңбы?
Күргүштөп чыккан добуштан
Күйүтүм туя алдыңбы?
Түгөнбөс санааң түш болсо,
Түшүңө кире алдымбы?
Түгөйүң самап Жибекжан
Түндөрдөн кабар алдыңбы?
Түндөрдөн салам узаткам
Түндөргө айтып кайгымды.
Түгөлдөп сага жеткирер
Түңүлтпөс менин дайнымды.
Салкындуу кечте ыргалып,
Сан гүлдөр көзүн ачкандыр.
Саамайың сылап жел жүрсө
Сагыныч дартым айткандыр.
Сабалап жамгыр төккөндө
Салааңдан тамчы аккандыр.
Санаадан аккан көз жаштын
Саламын ал да айткандыр.
Күн өтсө түшөт эсиме,
Күмүштөн сөйкө-иймегиң.
Күкүгүң сенин кайрылат.
Күйүткө батсаң ийбегин.
Күйүшөр курбуң болбосо
Күндүзү эшик түрбөгүн.
Күттүргөн жанга жаз келет
Күдөрүң менден үзбөгүн.
Ай өтсө түшөт эсиме,
Алтындан сөйкө иймегиң.
Ашыгың сенин кайрылат.
Азапка түшсөң ийбегин.
Аяшар курбуң болбосо
Ал түндө эшик түрбөгүн.
Асманың бир күн ачылат
Ардагым үмүт үзбөгүн!
Кыз Жибектин арманы
Зарыгып күткөн Төлөгөнү келбей, жол карап күн батырып, убайга түшүп көз жашын көлдөткөн Жибектин абалы Төлөгөндүкүнөн да оор эле. Анын үстүнө атасынын тынчын алып жуучулар үзүлбөйт. Бир жагынан анын аргасын кетирип Жибекти бербесең жоодон айылыңды калкалап, чабышып жүрө албайм деп, Бекежан мырза коркутат. Муну баамдаган Жибектин амалы түгөнүп, доочусу көбөйгөн пендеге окшоп, күйүтү күн санап күчөйт. Ичинен түтөп өзүнүн сырдаш курбуларынын арасында муңканып муңун айтып, арманын ырга салат:
“Күкүк” деп сайрап күнөстүү жайда,-
Күйүткө баткан кушта бар арман.
Күлүңдү төгүп күрөккө толбос,-
Күнүгө көчсөң журтта бар арман.
Үзүлүп түшсө үзөңгү буттан
Үзөңгү тепкен бутта бар арман.
Жарыкта көчпөй жашынып түндө,-
Жарганат болгон элде бар арман.
Жарылып кетсе жар болуп калар
Жамбашы такыр жерде бар арман.
Жашымды төгүп жарыма жетпей
Жашылды кийген менде бар арман.
Айланып кайтпай адашса ак куу,
Айдыңы чалкар көлдө бар арман.
Ак тайлак боздоп кербени өтсө
Аптабы ысык чөлдө бар арман.
Ашыгын күтүп өңүнөн азган
Азаптуу жандан менде бар арман.
Кыш чилде келсе саратан жайга,
Кызгалдак өскөн белде бар арман.
Кымызы туруп кымыран ичсе
Кызылы өчкөн өңдө бар арман.
Кызылды чечсем кыз атым өчпөй
Кылыктуу жандан менде бар арман.
Аргымак кетип адашса жолдон,
Айланып үйрүн табабы дегем.
Арадан жылып ай өтсө мында
Ашыгым келип калабы дегем.
Азапка салган кусалык тарап
Ажарым нурдай жанабы дегем.
Көзү ачык сырын жашырса менден,
Көргөн түш аян береби дегем.
Көп санаа басып көңүлүм чөксө
Көзүмө түшкөн желеби дегем.
Көй кашка минип Көк-Жайык көздөй
Көч баштап келер Шегеби дегем.
Ак бозду минип асыл жар келсе,
Алдынан тосуп чыгамбы дегем.
Ай толгон түндө айдыңга чыгып
“Ак чөлмөк” оюн курамбы дегем,
Ак нике буйруп айлымдан узап
Алысты жакын кыламбы дегем.
Арканын тартып арчындап байлап,
Атанга жүгүм артабы дегем.
Аземдүү кербен артымдан узап
Алыскы жолго кайтабы дегем.
Алакан жайып атакем мага
Ак бата сөзүн айтабы дегем.
Азамат алсам айлымдан тандап,
Ат коштоп көчтү баштайбы дегем.
Асаба кармап узатып жолго
Айбалта мизин аштайбы дегем.
Алыска чыккан мени көп ойлоп
Апакем көзүн жаштайбы дегем.
Желмаян төөгө жүгүмдү артып,
Жеримден узап кетемби дегем.
Жеңимден тартып жеңекем жашып
Жерибиз бөлөк дешемби дегем.
Эреркеп ыйлап эсендик айтып
Элимден көчүп кетемби дегем.
Көркүмдү ачып көз жоосун алган,
Көк шайы көйнөк киемби дегем.
Көгөрсүн дешип көшөгө тартса
Көшөгө ачып киремби дегем.
Көздөгөн тилек ордунан чыгып
Көңүлүм ачык жүрөмбү дегем.
Ажарым ачып кулпунта турган,
Ак шайы көйнөк киемби дегем.
Ак өргө тигип алкашса мени
Астана аттап киремби дегем.
Ашыгым болуп жанымда дайым
Армансыз өмүр сүрөмбү дегем.
Ай толсо түндө айдыңга чыгып,
Ак чөлмөк оюн кура албай келем.
Аралап элди айылга чыксам
Алышты бойлоп суу албай келем.
Ачылбай гүлүм арбалып көзгө
Ак жибек кийсем сыланбай келем.
Күн көзүн таңып булуттар көчөт,
Күн мага нурун чачпады арман.
Күлүктөй сызып күндөрүм өтөт
Күткөнүм кайра кайтпады арман.
Күкүктөп аккан дайраны кечсем
Күйүтүм ал да баспады арман.
Аргымак кетип адашып жолдон,
Айланып үйрүн таппады арман.
Арадан жылып ай өтүп барат
Ашыгым кайра кайтпады арман.
Асманым бүркөк ак жааны төгөт
Асманым жүзүн ачпады арман.
Артылбай калды атанга жүгүм,
Аземдүү кербен узабайт арман.
Ай балта сынды бөлүнүп колдон
Аштаган уста курабайт арман.
Арбактай болдум алымдан тайып
Алымды эч ким сурабайт арман.
Үмүтүм менин үзүлүп түштү,
Үзүгүн эч ким улабайт арман.
Үндөбөй жүрөт атакем менин
Үйүнөн чыкса уялат арман.
Үкүдөй болуп үргүлөп учпай
Үстүмө менин уялайт арман.
Тагдырга айла жок. Учкан куш кайрылып тууруна конбоду. Төлөгөндүн аманат катын алып кайткан жолоочу да Жибекке жолукпай дайынсыз кетти. Айлар чубуруп өтүп жатты. Жибектин арманын уккандар бар, бирок ким эле атайын аттанып чыгып, башын сайып ага Төлөгөндүн дайынын билип бермекчи. Анткени белиңе кылычыңды, жамбашыңа саадагыңды, карууңа ай балтаңды илип, жаныңа тандамал эр-азамат жигиттерден алып алыска чыкпасаң, жол азабы көр азабы менен бирдей болгон коогалуу жоокерчилик заманда ач бел, куу жолдо шейит кетээриңе да күмөн саноого болбойт эле. Амалы түгөнгөн Жибек көргөн түшүн жакшылыкка жоруп дале болсо үмүтүн үзбөй, күндө бир маал Теңирден тиленет. Теңирден башкадан күдөрүн үзгөн Жибек, ага жалынып, арманын айтып, минтип ырдаган экен:
Саяндын тоосун самасам жетпейм,
Сары оору дартты чакырдың Теңир,
Санаалаш кетип сабылып жетпейм
Санаага мени батырдың Теңир.
Салайын деген куш учту кайда?
Салдырбай аны качырдың Теңир.
Оролдун тоосун ойлосом жетпейм,
Ооруну мага чакырдың Теңир.
Оюмду бөлдүң он санаа кылып
Оорутуп менин башымды Теңир
Оболоп учуп куш кетти кайда?
Ордомдон аны качырдың Теңир.
Ай тийген тоонун үстүнө чыксам,
Арманым угар уларбы Теңир?
Азапка түшкөн жолумдан кайтып
Аргымак оозун бурамбы Теңир?
Айчылык жолдон Төлөгөн кайтып
Айтамбы ага ызамды Теңир?
Күн тийген тоонун үстүнө чыксам,
Күйүтүм угар уларбы Теңир?
Күйүткө түшкөн жолумдан кайтып
Күлүктүн оозун бурамбы Теңир?
Күнчүлүк жерден күткөнүм келип
Күлкүсүн анын угамбы Теңир?
Үлкөн бир тоонун үстүнө чыксам,
Үндөшүм болор уларбы Теңир?
Үзүгүн сыйрып булуттар көчсө
Үркөрдү көрүп турамбы Теңир?
Үзүлбөйт үмүт, үзүлбөйт күдөр
Үзүлбөс аны кыламбы Теңир?
Саябан токтоп өтүүчү жолдо,
Сайылган терек чынарбы Теңир?
Сарталаа чөлдө сайгакты кууса
Санаасыз жанга кумарбы Теңир?
Саргайып кетти санаадан өңүм
Саргайбас аны кыламбы Теңир?
Куюнду тоскон кулачын керип,
Куурабас терек чынарбы Теңир?
Куураган чөлдө куланды кууса
Кубарбас жанга кумарбы Теңир?
Куюлса жашым кубарат өңүм
Кубарбас аны кыламбы Теңир?
Күмүштөн кемер белине байлап,
Күттүргөн кишим келеби Теңир?
Күн өтүп күндөр узаган сайын
Күйүттүү жанмын мен эми Теңир.
Күн куру калбай жуучулар келет
Күчтөсө атам көнөбү Теңир?
Алтындан кемер белине байлап,
Антташкан кишим келеби Теңир?
Айыкпас оору тооруган сайын
Армандуу жанмын мен эми Теңир.
Ай куру калбай жуучулар келет
Айныса атам көнөбү Теңир?
Бел чечпей шашып ат көлү аман,
Бекзаадам менин келеби Теңир?
Белимден басып кайгынын жүгү
Бечелдей болдум мени эми Теңир.
Бекежан келет беймарал түндө
Бер десе атам көнөбү Теңир?
Бетеге өскөн белеске чыгып,
Белестен караан көрбөдүм Теңир
Беш көкүл туруп бешенем жайнап
Беш бөлүп чачым өрбөдүң Теңир.
Бейкүнөө жанды бейпайга салар
Бей ажал кетчү жердемин Теңир.
Дарексиз жандын кабарын улап,
Дартыма даба кыла гөр Теңир.
Дармансыз болдум убайга түшүп
Дарамет күчүм жыя гөр Теңир.
Дарагын күбүп санаанын бүтпөс
Дартымды айттым уга гөр Теңир!
Атасы сөзүнөн кайтпай, батасын бербеген соң, Төлөгөн жанына жигит ээрчитпей жалгыз аттанып чыгат. Төлөгөн кайрылып Жибекти көрбөй калды. Артынан атылган жебе айдалысына сайылып, Бекежан колдуу болуп өлөт. Төлөгөндүн өлгөнүн уккан Жибек сууга боюн таштап, чөгүп кеткен дешет. Ошентип бири-бирине жетпей калган армандуу эки жаштын тагдыры каар заманда кайгылуу аяктаган экен.
ТАЗАРУУГА ТААЗИМ
Бу жашоодо бөксөрүү бар, өксүү бар,
Тагдыр ошол анысына муңайбайм.
Жан дүйнөмдү алгым келет тазартып
Арман артып кетпеш үчүн бу жайдан.
Буюрганын кабыл алам ниетимде
Тилек кылып кудуреттүү кудайдан.
Күтөт мени кандай тагдыр белгисиз,
Айтып болбос жараткандын чечимин.
Жаза тайып жамандыкка бет алып
Бирөөлөргө тийди бекен кесирим?
Адашпаган пенде болбос жолунан
Теңир мага кыла көргүн кечирим!
Келгин куштай мен кетермин бооруңдан,
Жүрөк сырым Жер энеке туюп кал...
Оо улуу Күн, жарык чачкан бийиктен
Күнөө кылсам кечир дейин угуп кал.
Кечиргиле сырдуу дүйнө, табият
Кечиргиле калкып учкан булуттар.
Жылдар узайт бир өмүргө буюрган,
Асты алардын барат улам алыстап...
Караан үзүп кайтуу болот качандыр
Кара жанды кайра ээсине табыштап...
Жаратылыш катат сырын жашырып
Жаралуунун өзү болуп табышмак.
Бардан жокко кайтуу милдет сыяктуу,
Кимди күтпөйт барса келбес “алыс жак”?!
Бөксөрбөсө көкүрөгүң сүйүүдөн
Ажал сенден жүрөт дешет алыстап.
Миң мертебе кылгым келет ыкылас
Мен сүйүүмдү жаратканга багыштап!...
ЭҢ КАЙРЫМДУУ, ЫРАЙЫМДУУ
АЛЛАНЫН ЫСЫМЫНА
Түндү Күнгө айландырыш,
Аллам сенин эркиңде.
Гүлзар кылыш Жердин үстүн
Ал да сенин энчиңде.
Жарык дүйнө, жашыл өмүр,
Жан бүткөнгө Эгесиң.
Жаратканым жалгыз өзүң
Жардам күтсөм бересиң.
Айбатыңдан кудуреттүү,
Аалам бүткөн урагыс.
Акыл менен таанып Сени
Акыл менен туябыз.
Адашкандын айбын кечип,
Арман кылса угасың.
Алыс кылып ар балээден
Аян берип турасың.
Калкаласаң каргашадан,
Калпак учпайт урушта.
Кырк жыл жүрсө кыяматта
Кыл түшүрбөйт кумурска.
Учун улап улуу күндүн,
Уксаң Теңир дартымды.
Капсалаңдуу заманыңдан
Калкалай көр калкымды.
Баркын сезип баалап өтөм,
Бар дүйнөңдү кемитпе.
Багын ачып үй-бүлөмүн
Башты соо кыл, кейитпе.
Оорумду жеңил кылар
Күч бер эми Теңирим.
Тоодой бийик бакыт айтып
Толкута көр көңүлүм.
Ырыскыңды эч аябай,
Ыраа көрчү Кудайым.
Ыйык китеп маңдайымда
Ызаат кылып турамын!
ӨТКӨН ЧАК
Өткөн чак жолго айланып жалгыз аяк,
Сан - түмөн жолдор окшоп барчу тарап.
Жөнөмөй таалай издеп табышмактуу
Сапарың ал жолдордун бирин тандап.
Мен дайым ушул жолдо жалгыз келем,
Жетемин кайсы чекке, кай кыр менен?
Басарым канча аралык, кандай болот?
Кездешем дагы канча ай, жыл менен?
Жашоодо көп жаңылып, жаздым дебейм,
Бактылуу күндөрүмдү аздыр дебейм.
Өйдөлөп кетип барам өр таянып
Өзүмө энчиленген тагдыр менен.
Өткөн чак кайтпайт эми жалбарсам да,
Өткөн чак - эсте калчу арман, санаа.
Жоголгон бейиш болуп барат улам
Жашыл жаз тегеренип айланса да!
Адам карылыктын жакындаганына
кайгырбай, жаштыктын алыстаганына кайгырат.
А.Дюма
Өткүм келет мезгилге айбат кылып,
Мезгилден өзүмдү өзүм калкалагым...
Качанкы узап кеткен жылдарымды
Кайрадан келет менин кайталагым.
Качандыр кайрылчудай ошол жылдар,
Аларды мен согушка атказгансып...
Негедир ыр арнасам өткөн чакка
Жүргөнсүйм мен аларга кат жазгансып.
Ал жылдар - бөксөрбөгөн өмүр эле,
Көкүрөк көтөрө алгыс сезим эле.
Ал жылдар - күүлдөгөн күр-шар этип
Толкуну кеме кууган деңиз эле.
Оо жылдар, кетпегиле кайып болуп,
Мен бүгүн силерди эстейм карып болуп.
Кайткыла, кайткан өңдүү кан майдандан
Тосоюн келсеңер да майып болуп.
12.07.07.
Бешкүнгөй
Өлүм жанды заттык түрдөн ажырата
албайт, анткени анын артында дайыма үзүлбөй
улануучу кайра жаралуу бар.
Рамачарака
Эмне үчүн тартылуу бар, түртүлүү жок?
Табият тартылуудан желеленет.
Тогузу күндү айланып тобу менен
Тогузу бир тарапка тегеренет.1
Чыгыштан Батыш карай баштанабыз,
Эмне үчүн багытыбыз түгөй эмес.
Көчөбүз Бардан Жокко тыным билбей
Бул дүйнөң байкаганга түгөл эмес.
Уласак ой учугун аян күтпөй,
Катарлаш дүйнө бардай тескери аккан...
Акылга сыйдыра албас керемет бар
Түртүлүп кайра артына мезгил кайткан.
Кош айтсак эрте-кечтир бу дүйнөгө,
Жараткан түнөк табар бошоор жанга.
Кеми жок түгөл болсо жашыл аалам
Өлгөндөр төрөлүшөт ошол жайда!
12.07.07.
Бешкүнгөй
АЗГЫРЫК
Бул, Адам Ата, Обо Энеден калган, тирүү жанды бирдемеге ынтызар
кылып, тынчытпай алып жөнөгөн көкүрөктөгү сезим. Анын айынан ошол
түпкү ата-энебиз Эдем бейиш багында жыландын тилине кирип,
Жараткандын эркине баш ийбей, жегенге тыюу салынган мөмө жемиштен
ооз тие коебуз дешип Жерге куулуп түшүшкөн. Ошол жапайы сезим
жакшылыктын да жамандыктын да башаты болуп тургансыйт. Бири кем
дүйнө ошондон башталат тура. Орустардын “Запретный плод сладок”
деген сөзү да ошону түшүндүрөт. Жакшылыкка башат болуп берет ошол
азгырык. Адам ансыз алдыга умтулуудан ажырайт. Максат, кыял
келечекти ойлоо, өсүп өнүгүү сыяктуу дөөлөттөргө ошол азгырык
жетелейт көр пендеңди. Азгырык жакшылыкка башат болуп бергенден
башталат жамандыгы да. Ал акыры көр пендеге ачкөздүктү, өзүмчүлдүктү, кызгануучулукту, урмат сыйга, эсирүүчүлүктү тартуулай берип чектен чыгарып олтуруп, кырсыкка түртүп мүшкүл ишин баштайт. Алаамат Согушуңа да, шорго батырган апаат мезгилиңе да себепкер ошол азгырык. Мына ошол азгырыктан башталат дүйнөнүн ак-карасы, чынтөгүнү, сүйүү-жек көрүүсү, ысык-суугу дагыдагылары. Адам Ата, Обо Эне мүрөк жемишинен баш тартып, азгырыктын айынан жебе дегенди жеп алышып, өмүрдү өлүмгө түгөйлөш кылышкан. Мына ошол Азгырыкка бу жалганда түгөйлөш жок экен. Ошого түгөйлөш табылганда гана дүйнөң түгөл болчудай. Бирок, бир чалкеш ойго туш келесиң. Жараткан өзү ушуну атайлап кылган го дейсиң. Анткени азгырык Адам Ата, Обо Энебизди жетелеп келип акыл-эстин мөмөсүн жедирген болуп атпайбы. Азгырык - ооздуксуз ат сыяктуу, ала качма, беттеген багытынан кайра оңой менен тартпаган неме го кебетеси. Мына ушундай тартиби жок көр сезимге жүгөн сала турган күч - акыл-эс окшобойбу. Ошон үчүн тигил экөөнү Жерге түшүргөн го дейсиң. Антпесе Жараткан аларга мынчалык ишеним артпайт эле го, ээн коё берип... Азгырык - бир карасаң адамдагы ырахат алууга умтулуу сезими. Бирок адам өзүнө чек кое албайт. Ага чек кое турган башка сезимди акыл-эс жаратат. Акыл-эс дегенде биз ошол азгырыкка тушоо сала турган, ала качса токтото турган ой чабытынын бийиктигин түшүнүїбүз керек го. Бирок андай бийик ой-чабытын жаратуучу акыл эсти тарбиялаш ылаазым. Гректердин ойчулу Сократтын “өзүңдү тааны” дегени да ушуну айтып айтпайбы. Байыркынын жомок, уламыштарынан кездеше калчу “бу дүйнөдөн кечип кеткен” деген сөздүн учу да ушуга байланып тургансыйт. Качандыр бир мезгилдерде дүйнөдөн кечип, дербиш аталып, бу бапасыз жалгандын жыргалынан безген падышалар тууралуу аңыз кептер айтылат. Анан да “кечил” деген сөздүн тамырын да ушундан тапчудайсың. Албетте кечил болуу бул өтө эле тереңге түшүп кетүү, же болбосо ошол азгырыктан такыр эле алыстап калууну билдирет.
Азгырыктан таптакыр алыстоо да табияттын шартына көнбөө, же болбосо кудайдын эркинен тышкары болуп калуу сыяктуу эле күнөкөрдүктүн бир түрү сыяктуу. Азгырык сезим жакшылыктын да башаты болуп берет дебедикпи. Ансыз өсүп-өнүгүү токтойт. Түбөлүктүү кыймыл, түрдөн түргө өтүү, жаңыруу болушу мүмкүн эмес. Бирок ошол эле учурда азгырыкты кишендей ала турган акыл-эсти өстүрүү анык акылмандуулукка жетүүнүн белгиси сыяктанат. Бекеринен “өзүңдү тааны, өзүңдү жеңе билсең, дүйнөнү багынтасың” деген сөздєр келип чыкпаса керек. “Өзүңдү тааны” дегени ошол азгырыкты ооздуктай бил дегени тура. Жер үстүндө Жараткандын вакили болуп жаралышкан пайгамбарлардан Будда менен Иса азгырыктан таптакыр алыстоо жагын үгүттөшкөн сыяктуу. Анткени алардын өздөрүнүн жашоого карата кылган мамилелери ошондой болгон. Бирөө такыр эле бу дүйнөнүн жыргалынан безип сүкүт салып калса, экинчиси жер кезип дербиш болуп, өзү жүргүзгөн үгүттүн курмандыгы болгон. Мына ошол пайгамбар аталгандардын ичинен жалгыз Мухамбет пайгамбар гана азгырыкка чек кое билген акыл-эс менен жашап өткөн сыяктуу. Анткени ал бул дүйнөнүн ырахатынан баш тарткан эмес, төрт аялы болгон, соодагерчилик кылып, акча кармаган пендечиликке аралашкан. Бирок ал ошол жапайы сезимди акыл эске баш ийдире билип, жакшылыктын гана чегиндегисине жол берип, андан ары арылатпаган. Дүйнөдөгү бизге белгилүү улуу инсандардын арасынан ага аброй бедели боюнча бекеринен биринчи орун ыйгарылбаса керек. Айта кетїї керек, азгырык түшүнүгүн айымдарыбыз, айрыкча дин өкүлдөрү “шайтан” деген түшүнүк менен алмаштырып жүрүшөт. Мындан биз азгырыктын жамандыкка себеп болуп берген жагына гана көңүл буруп калабыз. Жакшылыкка умтулуу сезими да азгырык экенин эске албайбыз. “Шайтан сайгылап азгырат” деген сөзгө көбүрөөк маани берип жүрүп, азгырыкты шайтанга гана байлап берип, аны ошону менен катар коюп атып, маанилеш кылып салганбыз. Ар бир жакшы иш да сөзсүз азгырыкка байланышарын көңүлгө алышыбыз керек. Адам өз жашоосунда дайыма жакшылыкка умтулат, кесибин, табиятты сүйөт
жана башка бардык кыймыл-аракетке баш оту менен аракет кылганга өтөт. Азгырылат ошого. Ошол сезим жакшылыктын чегинен ары өтүп кеткенде гана жамандыкка себепкер болот окшобойбу. Анан ушул ашыкча кеткен жагын гана эсепке алып, азгырыкты шайтан түшүнүгү менен чектеп коюш туура болбой калат го бурадарым. Сөзүмдү кургак кылбай Мухамбет пайгамбарыбыздын Хадистеринен бирөөнї келтирейин: “Динде - чектен өтүп, аша чаап кетпеңиздер. Анткени сиздерден мурда өткөн муундар чектен өтүп аша чаап кетишкендиктери үчүн курман болушкан”. Мына ушул сөз эмнени айтып турат? Ташкындаган талант, жөндөмү бар пендең мейли кайсы кесипти аркалабасын ошол ишке баш оту менен азгырылып кирип, урмат-сыйга татыйт. Анан ошол урмат-сыйга көзүнүн тирүүсүндө жеткен күндөн башталат балээнин баары. Ал учурдан тартып, азгырык пендеңе башкача кызмат өтөп баштайт тура. Урмат-сыйга эсирүү, көздү май басуу, текеберчилик, менменсинүү сыяктуу мурда жок “касиетти” ага жабыштырып калуу вазийпасын кылып, жамандыктын отун тамызат азгырыгың. Ошондон башталат акыл-эс менен азгырыктын кармашы. Акыл-эс жармач болсо азгырыкка укурук сала албайт. Ошондо таанып көр өзүңдү кыйын болсоң, ошондо жеңип көр өзүңдү эр болсоң! Айрыкча бийлик кумарына азгырылган көр пендеңе өтө эле оор го чиркин!
Көкүрөк кымгуут болуп, көз байланып,
Көр сезим кайык кууган желге айланып.
Эркине көнбөгөндөн Жараткандын
Эдемден келиптирсиз Жерге айдалып.
Айтабыз уламышты нуска кылып,
Алыпсыз Акыл-Эсти тутка кылып.
Өлүмдү түгөй кылып берген үчүн
Өмүрдү койгон дешет кыска кылып.
Жапайы сезим жандайт кумар жыйып,
Жаныңды жай алдырбай улар кылып...
Өкүнүп же кубанып бу жалгандан
Өтүү бар Азгырыкты “тумар” кылып.
Азгырык миң кубулуп өтөт түргө,
Азгырык жөө тумандай көчөт күндө.
Аярлап күтүп алат мейманындай
Азгырык ак мамыгын төшөп бизге.
Каратпай алды-артыңды айдооч болуп,
Каргыдай моюнга илген байлооч болуп...
Азгырык көлөкөдөй ээрчип келет
Жакшыга, жаманга да жандооч болуп.
Азгырык - табат сага таппаганын,
Азгырык - артат сага артпаганын.
Азгырык - башат болот бардыгына
Азгырык – ата-энеси ак-каранын.
Азгырык - моюн сунбай чек берүүгө,
Азгырык - чөк түшүрөт өктөмүнө.
Азгырык - азан айтып таң тоздурат
Азаптуу сүйүү менен жек көрүүгө.
Азгырык - дем, кубаты арылаштын,
Азгырык - ой-санаасы кары-жаштын.
Азгырык - Жараткандын насибиндей
Азгырык - табылгасы табияттын.
Азгырык - арзуу табат зыяпатка,
Азгырык - азарыңды кылат акча...
Алдыңда ажал күтүп турса дагы
Азгырык - кол создурат ырахатка.
Ырыскы куштай конуп бутагыңа,
Ыкыбал ыктап турса кучагыңа-...
Азгырык айыкпаган дартка айланып
Азгырык доо кетирет нысабыңа.
Азгырык - жакшы менен жамандыгың,
Азгырык - адал менен арамдыгың.
Азгырык - ай чырайлуу талаштырган-
Ашыгы жарык менен караңгынын!
КӨЗ ИРМЕМ ТИРҮҮЛҮК
Адашканда бу дүйнөгө
Артынганың бар беле?
Көчкөнүңдө бу дүйнөгө
Көтөргөнүң бар беле?
Жанды кыйнап ойго салат көбүрөөк,
Көр дүйнөнүн азгырыгы күнү-түн.
Алаксыйбыз, алыс калат табият
Арнаган аз, аккан сууга сүйүүсүн.
Азбы сага буюрганы жашоодо
Аткан таңың, чыккан күнүң ким үчүн?
Асманда ай, сансыз жылдыз куралып
Келет алар түн жамынып биз үчүн.
Бир көз ирмем тирүүлүккө арзыбайт
Сансыз байлык сарсаналуу үмүтүң.
Жаратканга кылыш керек ыкылас
Өлбөй тирүү жашап өткөн күн үчүн!
ДҮЙНӨТААНЫМ
Болгондоруң болот дайым, качандыр,
Болгонундай болуп берет, үзүлбөйт.
Болбогонуң болгон эмес, болбойт ал
Болбогондон мезгил артка жүгүрбөйт.
Башталыш жок, улануу бар бүтпөгөн.
Табылуу бар тааныш эмес жайдан да.
Түгөнүү жок, түркүгү бек Дүйнө бар
Жаралуу бар жалгашпаган жалганга.
Ошол Дүйнө сырын ачпас пендеге,-
Болуп келген, болот дайым эгедер.
Аалам көчүп ал тарапка, дайынсыз
Чөгөт баары, чөккөн өңдүү кемелер.
Ошол Дүйнө болгон үчүн дайыма,
Азыркыңдай сен да болуп келгенсиң.
Жаркыраган жарык күндүн шооласын
Жерге түшүп далай ирет көргөнсүң.
Кетер жагың ойго салса түйшөлтүп,
Эске түшүр келгениңди каяктан...
Агып кетип, агып кайра келесиң
Кийинки бар мурункудан адашсаң.
Жалган сезип көз көргөндүн баарысын,
Жоголот деш болор терең жаңылуу.
Түрдөн түргө өтүп турмай, кубулмай
Жүрүп турат тынымы жок жаңыруу.
Азыр болгон болуп келген дайыма,
Жоголбогон мурун, кийин - соңунда
Сени тозуп, сени узаткан кең аалам
Турар далай сенин көзүң жогуңда.
Туруп далай сан жылдыздын мекени,
Ал да бир кез убакытка багынат.
Түгөл баары түшүп чыгат Түпкүргө
Түр алмашып келет кайра табият.
Жоголуу жок түркүгү бек Дүйнөдөн,
Табылуу бар, эскиргенди жаңылап.
Акыл-ойду адаштырган кубулуш
Ачпай сырын кете берет арылап.
Сырдуу дүйнө, табышмактуу улуу күч,
Бар экенден Жаратканды сезебиз.
Улуу Теңир, түбөлүктүү Кан Жолго
Тизе бүгүп таазим этип келебиз.
Айта албайсың эмнелер бар артында,
Ажал коштоп, жетелеген Өлүмдүн
Аккан дүйнө кереметин туюнтаар
Кудурети жетпей келет Сөзүңдүн.
Кудурети жетер болсо Сөзүңдүн.
Акыйкатың, Жалгандыкка баш урмак.
Түркүк түшүп, түгөл кыйрап баарысы
Мезгил токтоп Барды Жокко жашырмак.
Антсе дагы Теңир Эркин сездирген,
Аян бардай жүрөктөргө түз өтөр.
Ишеним бар шооласындай жарыктын
Бар чындыкты көкүрөккө түнөтөр.
Бул өмүрүң түш өңдөнүп бир көргөн,
Эстен чыгар кайталанган жашоодо.
Бир көз ирмем элес жүрөр тартылып
Кайырчудай качанкы бир жашоого.
Ошол элес аян берип Түпкүрдөн,
Турат дайым кем дүйнөнү толуктап.
Өлбөстүк бар, өкүнтөөрү бир гана
Өткөн учур өзгөрүүсүз жолукпайт.
Сыр даарыган даанышмандык касиет,
Ким бирөөнүн тагдырына буюрган...
Жарык шоола, нурга дилин ширетип
Кереметтен кереметти туюнган...
Өткөн далай акылмандар көзү ачык,
Айтып Сөздүн жалган, чынын, ырасын.
Караан үзүп, кайып болуп кетишкен
Калтырышып улуу ойдун мурасын.
Эс-акылга тыным бербес саякат,
Замандарга жайып кетер кулачын.
Көмүскө Сыр, табышмактуу Дүйнөгө
Жакындасаң улам алыс турасың!
ЖАШАП БИЛ
Ак кар баскан карылыктын өлкөсүн,
Издебейсиң алды жактан кезигет.
Алтымыш жаш сепил болуп ортодо
Бөлүп турган чек арадай сезилет.
Ал чек ара кайтаруусуз калгандай,
Артка кайтпай ал тарапка өтмөй бар.
Ары уланып кетер болсо саякат
Ал өлкөдөн учуп гана кетмей бар.
Ал өлкөнүн аткан менен ак таңы,
Анда болбойт баштагыдай шаттануу.
Баш оодарсаң табышмактуу дүйнөгө
Бир тараптуу болот анын каттамы.
Алтымышка, жетимишке, сексенге,
Азап тартпай жетсең деле өйдөлөп...
Жарыя айтып той бергенче аларга
Жан сырыңды жашырганың өйдөрөөк.
Кайтпай калган жыл, айларды көп эстеп,
Кайгырарсың качанкыга, өткөнгө.
Ыйлаш керек боор ачытып мезгилге
Сүйүнсөң да токсонду ашып кеткенге.
Санаа тартып ашамын деп кай кырды,
Тактабай жүр, унуткаргын ай, жылды.
Жылдар менен жылыш керек чыйралып
Сенек кылбай өтүш үчүн тагдырды.
Асман качпайт ашыкпагын барарсың,
Алыс жолго чыгуучудай күйүнбө.
Түшсө түшөр маңдайыңа көп бырыш
Жүдөп бекер жылдызыңды түшүрбө.
Кетсе кетер кейиш жүктөп заманың,
Кирип, чыгып кийинкиге катар жүр.
Көп эместер көз ирмемге болсо да
Кийинкинин заманында жашай бил!
12.04.08.
Бишкек
АЛДЫГА ЖҮР
Жана албасаң жалбырттаган от болуп,
Жашооң өтөт жалгыздыкка коштолуп.
Караан үзүп кетет баары жаныңдан
Калат жалгыз өз көлөкөң дос болуп.
Кубанбагын күн батырып атканга,
Камынбагын кетүүчүдөй Асманга
Көбүн жашап койсоң дагы өмүрдүн
Кайрат жыйгын катаал ашуу ашканга.
Басынбагын, баш көтөрүп жүрүп көр,
Күл болгуча түтүнү жок күйүп көр.
Жаза басып жардан кулап атсаң да
Жакшылыкка болуш керек үмүткөр.
Алдыга жүр убакыттан чегинбе,
Айбат кылып жеңбесең да жеңилбе.
Издеп өткүн кездеше элек бактыңы
Ирегелеш турсаң дагы өлүмгө.
Өңүн көрүп турбасаң да Кудайдын,
Акыл менен бар экенин туя алгын.
Жер таянып көмкөрөңөн жыгылбай
Жүрөк менен каалаганың сурангын.
Басып жүрсөң арасында Жер, Күндүн,
Бар экениң башкаларга сездиргин.
Энчиледи канча жашты ким билет
Ээси сага түбөлүктүү мезгилдин.
Сенек ойду сезимиңден кубала,
Сергек болгун көзү ачыкка ынаба.
Сен дүйнөнү таанып үйрөн өзүңчө
Селде оронгон шайыктардан сураба.
Адашпагын, көчтөн калбай тең жүргүн,
Аралашып арасына тез киргин.
Эскирсең да эскирбесин жан дүйнөң
Эркиң жетип эс-акылды көндүргүн.
Тиги Дүйнөң жайы болсо Сурактын,
Тескери акпай алды жакка түз аккын.
Жүгөндөлбөй өтүш керек дүйнөдөн
Жибин үзүп адам тапкан “тузактын”!
04.10.08.
Бишкек
ЭЭСИ БАРЫН СЕЗГИНИҢ
Күндөр келет... Күндөр күнгө уланат,
Жаш эсебиң ошолордон куралат.
Аралык бар убакыттан буюрган
Ажал сени түшүргөнчө кубалап.
Ар мүнөтүң аралыктын бөлүгү,
Анда болот тынымы жок төгүлүү.
Азаясың көз ирмемге токтобой
Ажал коштойт төрөлгөндөн өзүңү.
Орду толбос кечээкиңе кайгырба,
Ойлой берип бүгүнкүдөн айрылба.
Ар бир күндүн кубанычы өзүнчө
Алаксыбай тосуш керек маалында.
Күнгө табын нурун чачып чыкканда,
Таңда кубан, короз үнүн укканга.
Акыркы ирет көрүп жаткан болбогун
Амандашкын сайрап аткан куштарга.
Тирүүлүккө тизе бүгүп жалынгын,
Тиреги ошол сенин жашоо-багыңдын.
Ыза кылган касың түшсө эсиңе
Ырдап тосор досуңду эстеп жазылгын.
Сен жашоонун музун көргүн, чогун көр,
Сен жашоонун ачкасын көр, тогун көр.
Мезгилиңден кандай болгон күндө да
Кейишке эмес, кубанычка орун бар.
Кетпечүдөй көптү эңсеп чарпылба,
Көз кызартып көр дүйнөнү артынба.
Сен дүйнөнү сезбей өтүп кетесиң
Калат баары, чогултканың артыңда.
Аңдап өткүн жашоо кумар сепкенин,
Азгырылып терең түшүп кетпегин.
Келериңде бул дүйнөгө бут коюп
Көтөргөнүң жок экенин эстегин.
Аккан сайын түбөлүктүү мезгилиң,
Ары уланат табышмактуу кеңдигиң.
Чындык сыры сыйбагандан акылга
Чексиз дүйнө ээси барын сезгиниң!
05.10.08.
Бишкек
КҮНЧЫГЫШТЫ ДҮЙНӨГӨ ДАҢАЗА
КЫЛГАН ЭЛ ТУУРАЛУУ
Аалам сырын абалтан,
Ачып келген ушул эл.
Каргашалуу кырсыктан2
Качып келген ушул эл.
Келе турган кооганы,
Мурун билген ушул эл.
Кайталанар жашоонун3
Сырын билген ушул эл.
Жылдыз санап, жыл сүрүп
Ырам4 ачкан ушул эл.
Тагдыр менен таймашып
Кубалашкан ушул эл.
Көсөм кылып көбүнүн,
Көзүн ачкан ушул эл.5
Табышмактуу дүйнөнүн
Өңүн ачкан ушул эл.
Агын суулар арасын,
Жердеп келген ушул эл.
Акыл, оюн мурастап
Теңдеп келген ушул эл.
Баштан чыккан акылды,
Сүйүп көнгөн ушул эл.
Бар балээни башына
Үйүп көнгөн ушул эл.
Аккан дүйнө6 баянын,
Айтып берген ушул эл.
Көз артканга дүйнөсүн
Артып берген ушул эл.
Шай оодарар жашоого,7
Шашпай көнгөн ушул эл.
Каптап келген жоосунан
Качпай көнгөн ушул эл.
Илим, билим, өнөрдөн,
Из калтырган ушул эл.
Түркүн түстүү дүйнөдөн
Түр калтырган ушул эл.
Күнчыгыштан Батышка
Тил тараткан ушул эл.8
Көр сезимди ойготор
Дил тараткан ушул эл.9
Көктөгүдөй жерге да,10
Бейиш курган ушул эл.
Көр дүйнөнүн жыргалын
Кейиш кылган ушул эл.
Кайырчысын дербишин,11
Жайып келген ушул эл.
Келген жоосун кетирбей
Багып келген ушул эл.
Сайып койгон куурайды,
Чынар кылган ушул эл.
Саймалатып таштардан
Мунар курган ушул эл.
Көп кырсыктан арылтар,
Чечим тапкан ушул эл.
Көп жыргалдан бездирип
Кечил12 тапкан ушул эл.
Колго багып үйрөтүп,
Пил кийирген ушул эл.
Дилиң таза жүрсүн деп
Дин кийирген ушул эл.
Отту жутар оюнду,13
Үйрөттүргөн ушул эл.
Чоор тартып жыланды
Бийлеттирген ушул эл.
Чач, сакалдан жаагына
Көрпө салган ушул эл.
Таноосуна кыздардын
Сөйкө салган ушул эл.
Арзышкандар жомогун,14
Кумар кылган ушул эл.
Ак сүйүүгө багыштап
Мунар курган ушул эл.
Аты угулар алыска,
Күнгө жеткен ушул эл.
Кызыктырып кыйланы
Гүлдөп өскөн ушул эл.
Жалбырагы жайылып,
Терек болгон ушул эл.
Жаңы Дүйнө15 ачканга
Себеп болгон ушул эл.
Замандардын Чоң көчүн,
Баштап келген ушул эл.
Күнчыгышты Дүйнөгө
Даңктап келген ушул эл!
АЛАЙ МУНАР
Алай мунар16 аккан жашы бир элдин,-
Асман, Жерде дарек дайны калбаган.
Алай мунар кылымдардан калган жүк-
Алыс Жолго артып кете албаган.
Алай мунар калган ара төрөлүп,
Аска ташы кулагандан кай заман.
Атын коюп ак мөңгүлүү тоолордун
Айтып өткөн арман, муңун ал заман.
КАҢГЫ ДАЙРА
(божомол баян)
Кайсы кылым, кайсы заман бүдөмүк,
Мезгил жууган унуткарып жашырып,
Ошол элди “аруулар” деп аташкан
Ошол элдин башкалардан аты улук.
Алып келген ошол элди бул жакка
Каргашалуу кырсык айдап, качырып.
Түкшөмөлдүү түркүн жомок айтылат
Чын төгүнүн айтыш кыйын батынып.
Эски журтун эстеш кыйын ал элдин
Түп орду жок кеткен дешет чачылып
Жер тагдыры элдикинен кем эмес
Үрөй учкан аламаатка катылып.
Көмүлгөн дейт суу түбүнө дайынсыз
Көктөн түшкөн “табышмактуу таш” уруп.
Көмүскөдө жашырынган көп сыр бар-
Көчүү болгон ага дейре шашылып.
Кандай айтып, кандай болгон күндө да,
Катылган сыр калган чыкпай түйүндөн.
Көчкөн дешет алар качып журтунан
Көктөн түшөр “кырсык” эрте билинген.
Кайдан билмек каргашанын келерин
Калк болгондо кабары жок илимден.
Көптү билген “көзү ачыгың” айтпаса
Көчө качуу болмок кайда “үйүңдөн”.
Кыярбаган даанышман ой, акыл-эс
Кыйгап өтпөй кылымдарды тизилген.
Түшүп токтоп, түптүү кылган бул элди
Түртүп чыгып түркөйлүгүн ийинден.
Аккан дүйнө - дүйнөтааным мурасы
Аруу элден жемиш болуп күбүлгөн.
“Аруу” дештин түз мааниси ушудур
Акыл, ойду агыза алсаң дилиңден.
Качып көчкөн ошол элдин шору бар.
Көчкөн алар айлап, жылдап, кылымдап.
Каракталган камчы түшүп Кан Жолдо
Качкан элге кайдан болот сый, урмат.
Күн күйгүзгөн чөлдү басып өтүшкөн
Кумдуу бороон буюктуруп, куюндап.
Кургак бүтүп, деңиз кечип өтүшкөн
Көчкөн элдин күлү жерге жыйылбайт.
Багыт албай көчкөн алар чачырап,
Батыш, чыгыш башы ооганга туюлбайт.
Башка багыт өзөн, сайда аккандар
Баары келип бир деңизге куюлбайт.
Баштан өткөн даалай азап, тозоктор
Башка жайда ыйың, муңуң угулбайт.
Бак, таалайдан кол үзүшүп кеткен соң
Башка жайда оңой менен буюрбайт.
Жолго берип далай өмүр, куракты,
Жолдо жүрүп жол азабын көрүшкөн.
Жолбун жашоо жору, кушка жем таштап
Жоон тобу жолдо калып, өлүшкөн.
Жору, кузгун жебесин деп тытмалап
Жол боюнда далай жанды көмүшкөн.
Жолбун жашоо кете берген уланып
Жол боюнда калып далай көрүстөн.
Адашканды азап, тосуп алдынан,
Арман бүтпөй андан бетер арбыган.
Ажал, кырсык алып турган жакадан
Арачалап куткарышкан жанды улам.
Ташкын жүрүп, талаа түздү сел алып
Түндөр өткөн тура качып, дарбыган
От менен суу экөө болуп тилсиз жоо-
Онтоттуруп оодарышкан шайды улам.
Тааныш эмес жапан өрөөн, жапан жер.
Тандаттырып кете берген жайды улам.
Көчүп конуп чоң дайраны жээктеп
Жолбун жашоо жолбун иттей каңгыган.
Куюлушуп куймалардан арбыган,
Ошол дайра жакын болуп жанга улам.
Жээги болуп жаңы конуш, жаңы журт
Жай табылган алыстатар кайгыдан.
Качкан элге тагдыры бир аккан суу,
Ал да билбейт кай тарапка агарын.
Баш оодарып кете берет тынымсыз
Сезүү болбойт кайда жетип каларын.
Агат, кетет, кээде токтоп тозулат,
Ага дагы “каңгыгандар” кошулат.
Агын күчөп дайра болуп акыры
Сай кеңейип, жээк желип, жошулат.
Ошол эл да аккан суудай каңгыган,
Ар тараптан келе берип арбыган.
Көчүп келип чоң дайраны жээктеп
Көбөйтүшкөн мезгил өтсө санды улам.
Кубалашып жылдар жылга таш алып,
Жылдар өтүп кылымдарга такалып.
Кетти арадан канча заман, канча доор,
Кеткендердин кейишинен жаш агып.
Эскиргенди мезгил жүрөт жаңылап
Келет заман, келет баары жашарып.
Дилиң эмес тилиң кетет оошуп
Эскиргени эстен чыгат кашайып.
Ошол дайра-каңгыгандар мекени
Калган өңдүү Каңгы бойдон аталып!17
БАЙЫРКЫЛАР БАЙЫР АЛГАН ЖЕРДИ КӨРГӨНДӨ
Ушул жерде кимдер жашап өтпөгөн,
Ушул жерден кимдер кайда көчпөгөн.
Учу үзүлүп унутулуп калышкан
Ушул жерде элдер жашап көптөгөн.
Улут канча, урук канча дайынсыз?-
Ушул жерден ушул күнгө жетпеген.
Кимдер келип, кимдер эмне кылбаган,
Кимдер кетип, кимдер эмне курбаган...
Калк жашаган хандар өткөн дүйнөдөн
Калаа куруп капшыты бек, сынбаган.
Көр оокаттын камын ойлоп күнү-түн
Жандар өткөн кумурскача тынбаган.
Кайышса да кара жанын кыя албай
Кайырчы өткөн кабак салып сыздаган.
Казал кылып кайгы менен көз жашын
Акын өткөн таңдан кечке ырдаган.
Кошок айтып кошулгандан айрылса
Катын өткөн кара кийип ыйлаган.
Коогасы жок, кырсыгы жок, бош келген
Күндөр өткөн түн уйкуну бузбаган.
Күйүт коштоп күн да келген акыры
Күл сапырып, казан сынып тулгадан.
Калаймандуу заман өткөн кан жыттап
Кырсыгына кылым түтпөй кыйраган
Күндөр келген иреңи серт, муздаган,
Күндөр келген көкүрөктү муңдаган...
Кара тумоо каптап кара булуттай
Кабылганы кайра өйдө турбаган.
Калган эмес каргашалуу ал заман
Кайтпас жакка мезгил аны айдаган.
Кулап түшкөн кургуюна ал заман
Кууп жүрүп мезгил өзү жайлаган
Жай жашоонун доору жүргөн кайрадан,
Жылдыз жанып асманында сандаган...
Мээрин төгүп келген бейпил заманды
Мертиндирип мезгил кайра жалмаган.
Түмөн заман түбөлүктүү түпкүргө
Түшүп кетип чыккан эмес кайрадан.
Түмөн элдер түгөл көчүп дүйнөдөн
Түнөгүндө дарек-дайны калбаган.
Кеткен кетип, кезек келип башкага
Келбес жактан эч ким кабар албаган.
Агат дүйнө, агат баары токтобой
Агым болбойт көз ирмемге жайлаган.
Айды көрүп, күндү көрүп кетмей бар
Агып келип соолбогон дайрадан
Эзелкини элестете албайсың
Эшитсең да эски “сары барактан”.
Элди бөлүп “эски” менен “жаңыга”
Эсеп кылып өткөрүү бар санактан.
Эски көчтү - эчен “кыя”, “бел” ашкан
Эски дейбиз, эскилиги каяктан?
Элүү кылым эптеп башын көтөрөт
Эңшерилип доор көчкөн тараптан.
Чындап келсе эски дагы боло албайт
Беш жолу өскөн картаң эмен-дарактан.
Агымы жок багытынан адашкан,-
Аккан дүйнө агат кайда, каяктан?
Аяк-башы кайда экени дайынсыз
Аны билет жалгыз өзү - Жараткан!
ШАХТЫН КӨЗ ЖАШЫ
(дастандан үзүндү)
Таажы Махал - түбөлүктүүлүктүн
Татына жүзүнө тамган көз жаш.
Рабиндранат Тагор
ТААЖЫ МАХАЛ ТУУРАЛУУ
Дүйнө кереметтеринин бири катары таанылган Таажы Махал күмбөз-сарайы Индиядагы Агра шаарында Бабыр тукумунун төртүнчү мураскери Шах Жакандын көрөр көз зайыбы Мүмтаз айымдын жаркын элесине арналып курулган. Шах Жакан Мүмтаз айым менен 17 жыл бактылуу өмүр сүргөн. Ошол кезде Шахтын сарайында 12 жыл дарыгерчилик кылып кызмат өтөгөн франциялык врач, философ жана саякатчы Франсуа Бернье өзүнүн күндөлүгүндө “Шах Жакан Мүмтаздын көзүнүн тирүүсүндө гаремдеги башка аялдарына көңүл да буруп койгон эмес” деп жазат. Мүмтаз күйөөсү менен алыскы согуштук жүрүштөрдө да бирге болуп, кыйын күндөрдү аны менен чогуу өткөрүп, мамлекет иштерине да кеңеш бере билген акылы тунук, өң келбети да келишкен чырайлуу зайып болгон. 1629-жылы Мүмтаз айым 36 жаш курагында 14-чү баласын төрөп жатып, төрөттөн көз жумган. Бул кайгылуу окуя Шах жеңиштүү аяктаган согуштук жүрүштөн кайтып келатканда, жолдо болгон. Мындай оор жоготуу шахты өз жанын өзү кыйгысы келген абалга дейре жеткирген. Ал Мүмтаздын сөөгүн жарым жылдан кийин Аграга алып келип, ага арнап дүйнөдө жок, кайталангыс керемет күмбөз-сарай тургузуп, сүйүктүү зайыбына карата болгон сүйүүсүнө эстелик калтыргысы келген. Бул сарай 22 жыл курулган, анда 20 миң жумушчу тынымсыз иштеген. Бул жумушту Шираздан алдырган чебер уста Иса аттуу түрк башкарган. Андан башка да ысымдары белгисиз бойдон калган, чет элдик усталар чакырылган. Таажы Махал ак мрамор таштан курулуп, аруу сүйүүнү
даңазалоо белгисин туюндурган. Шах кийин суунун аркы өйүзүнө Таажы Махалдын өзүндөй кылып, кара мрамордон дагы бир күмбөз тургузганга буйрук чыгарган. Ал эстелик өзүнө арналып, кара түс аркылуу өтө сүйгөн адамынан айрылгандан кийинки өзүнүн күйүттүү арманын билдиргиси келген. Бирок, тагдыр башка жагына ооп, бийликти уулуна тарттырып жиберген. “Ал, атасын 8 жыл бою тышка чыгарбай Кызыл Форт сарайында үй-түрмөсүнө кармаган”-деген кеп айтылат. Шах камалган бөлмөнүн терезесинен Таажы Махал көрүнүп турган. Кийин өлгөндө анын керээзи эске алынып, сөөгү Мүмтаздын жанына, Таажы Махалга коюлган. Уулу атасын “казынаны куру бекер чачасың” деп күнөөлөгөн дешет. Бирок, чынында эле Таажы Махалды курганга кеткен чыгым абдан көп болуп, элдин жашоо шартын өтө кыйындатып жиберген.
Көр тирилик өтөт мында баш урган,
Тынымы жок мезгил чеги болжонбой.
Жээр ашын уюгуна ташынган
Кумурска да күн кечирет ойлонбой.
Булут көчөт күндүн көзүн жашырган,
Дүйнө турат өз ордунда козголбой.
Жаз айланса килем тартып жашылдан
Сен гана жок түбөлүккө ойгонбой.
Тутанбасаң түтөп күйбөс от болуп,
Бары кайсы, жогу кайсы дүйнөнүн.
Тирүү туруп жашоо бүткөн жок болуп
Жайдак келип жайдак кетет күндөрүм.
Өмүр өтсө өткөн чакка коштолуп
Өзүңдү эстеп өлүм менен биргемин.
Карайласам куру үмүткө дос болуп
Карааныңды келет дайым издегим.
Калк аралап карааныңды көрө албай,
Тарайт, кетет көзгө түшкөн мунарык...
Көп ичинде көздүн жашын төгө албай
Калдым далай кабак бүркөп муңайып.
Кайра тартып келген жакка кете албай
Кечээкинин кербени узайт чубалып.
Мерез болдум тагдырыма көнө албай
Мен ажалдан кайтуучудай кун алып...
Жүрбөйм эми жан жыргатып жай алып,
Мезгил менен эски жарам ырбаткан.
Кыздар өсөт бой тирешип, таранып
Көздөрүнө жылдыз түнөп, ай баткан.
Сендей бирөө келбейт окшойт жаралып
Аян кылып арман өтөт сыр каткан.
Бизди бөлөт чейрек кылым аралык
Жылдар өлөт мени менен муңдашкан.
Үздү жибин, үмүт менден бөлүндү,
Ырайымсыз тагдырыма кейидим.
Кайра дагы жаралат деш төгүнбү?
Сендей жанды күтүп жүрүп кемидим.
Өмүр жазым кайталангыс көрүндү
Кайра сени кезиктирет эми ким?
Бу жалгандай көрбөйт окшойм өзүңдү
Жаратпаптыр сага окшошту Теңирим.
Кайгы тартсам кастан кагуу жегендей,
Жан дүйнөмө жарык берген шам элең.
Канышанын канышасы дегендей
Нур төгүлгөн жоодур карек жан элең.
Кудай сага өң келбетти бергендей
Эрки бекем, эс акылдуу жар элең.
Жашоо - күндү өзүң алып келгендей
Сен бар үчүн мен дүйнөдө бар элем.
Ак булуттар калкып учуп бараткан,
Жашын төксө экөөбүзчө кыйналбайт.
Аруу сүйүү, бүтпөс арман азаптан
Аккан дүйнө көз ирмемге кур калбайт.
Ак мөңгүлөр дайым сени саматкан
Аппак жүзүн нурга чайып булганбайт.
Биздин сүйүү учуп өткөн канатчан
Башка жайда, башка обондо ырдалбайт.
Таразалап бир көз ирмем өмүрдү,
Тагдыр үчүн кудай мөөрү басылган
Кечээ көргөн түшүмбү же өңүмбү?
Мүнүшкөрдөй болом кушун качырган.
Жарык күндүн жарыктыгы төгүнбү?
Жан бүткөнгө ачпай сырын жашырган.
Бөтөн жайдан издегим бар өзүңдү
Дүйнөң кайда сен көрүнбөй жашынган?
Мен сүйүүгө койгум келип эстелик,
Саа багыштап куруп бүттүм ак сарай.
Сулуулукка айбатынан шек берип
Мезгил токтоп, түшүп кайра аттанаар.
Каар төктүм калайыкка сес берип
Курбасын деп бөтөн жайда башкалар.
Чейрек кылым өттү мени жек көрүп
Кетти күнөө жүрөктөргө так салар.
Пенде күтөт тагдырына жазганын,
Бакыт эмне, пейил күтүп жүрүүбү?
Катар жүрөт кубанычың, арманың
Бирдей сана өлүк менен тирүүнү.
Унутпагын ызгаар кетсе жаз барын,
Билген жакшы өчсөң кайра күйүүнү.
Сезбеш үчүн бу дүйнөнүн жалганын,
Даңазалап өтүш керек сүйүүнү.
Түгөй чыгат түгөлдөсөң бу дүйнө,
Түгөйлөштөн Өлүм менен Өмүр бар.
Эрксизинен түгөй болот Кул Күңгө
Түгөйлөштөн Чындык менен Төгүн бар.
Ак, Караны түгөй кылган шум дүйнө
Азга арзып түгөй болор көбүң бар.
Баары түгөл, түгөйлөштөн бу күндө
Жалкы калган бу жалганда єзүм бар.
Кейитсе да кең ааламдын “тардыгы”,
Кетким келген жан дүйнөмү тазартып.
Түккө турбас куру бекер жан кыюу
Сарсанаанын баратса да саны артып.
Аппак сарай бүтөр болсо кай жылы
Курам дегем түгөйлөшүн карартып.
Эске салып Сүйүү менен Кайгыны
Туруш үчүн түбөлүккө жар айтып.
Күүгүм кирген... Күндү көрбөйм, Күн єлүк,
Келди дүйнө оома-төкмө, төгүлмө.
Өткөн жашоо калат эсте бүдөмүк
Түш өңдөнүп көргөндөрүң өңүўдө.
От менен Суу кызмат өтөйт түбөлүк
Бу жалганда Өлүм менен Өмүргө.
Жамин дайра соолгончо түгөнүп
Жомок айтат сен экөөбүз жөнүндө.
Аппак Сарай ак сүйүүнүн ырындай,
Калар, калар көргөн жандын эсинде.
Сенсиз дүйнө бар экени туюлбай
Калды мага - капастагы жесирге.
Өтөөр, кетээр айлар, жылдар, кылымдар,-
Аарчый албай тамган жашын бетинде.
Таажы Махал махабаттын муңундай
Зарлап өткөн замандардын көчүндө.
Котормолор
АЛЕКСАНДР БЛОК
*** Күтүнүп чакырыкка жооп издейм, Асман керең, томсоруп жер үндөбөй... Кайдадыр сарталаанын айдыңында Ойгонот менин эңсөөм көз ирмемден.
Эзелки, эски сөздүн жаңырыгы,
Түнкү асман, талаа-түздөр үргүлөгөн.
Жабык сыры өңдөнүп кездешүүнүн-
Өткөнгө, өтө элекке мен билбеген.
Мен күтөм жан эргитер жаңы кумар,
Асман ачык түн алсыз үн катканга.
Сөз кыйратат түндүн да жабык сырын
Ырайым кыл, кудайым түн катканга.
Алыскы жаңырыктан менин эңсөөм,
Көз ирмемге ойгонсо кай тарапта...
Күтүнүп чакырыкты жооп издейм
Шумдугуң кур, жер дүлөй ал тарапта.
КЛЕОПАТРА
Ачылып көргөзмө жай баяналуу,
Аз эмес андан бери үч жыл бүтөт...
Калың топ шашылабыз күүлдөгөн
Каныша табытында бизди күтөт.
Айнек табыт. Ал жатат бейчырайлуу,-
Өлүүсү, тирүүсүнөн күмөн берген...
Көпчүлүк ал жөнүндө күбүр-шыбыр
Айтылат айың сөздөр түгөнбөгөн.
Ал сездирет созулган калыбында -
Түбөлүк эстен чыгып көшүлөрүн.
Жылан чагат шашылбай жайбаракат
Анын жансыз керсары көкүрөгүн.
Көөсөр жанмын көгөрткөн көздүн алдын,
Айрылгам саткын болуп курдашыман.
Келдим мында... Көрүш мага зарылдыктай
Карайм аны узуну-туурасынан.
Карайт ар ким... табыт көңдөй болбогондо-
Заты жатса доордун түпкүрүнүн,
Угат элем бир эмес нечен ирет
Чирик ооздун текебер “үшкүрүгүн”:
“Канышасы болчумун Египеттин,
Качанкы кеткен доорго мен байланып...
Гүл чачкыла, сыйынып мага улам
Күкүм болгом мен азыр күлгө айланып.”
Кул болчумун мен анда Египетте,
Куштар кылган сен анын канышасы...
Акын болуу тагдыры буйруп мында
Мен азыр акындардын падышасы!
Байкачы табытыңдан... Сага арзып
Орустун Римге окшоп башы айланат.
Мени да Цезарь менен бирдей коер
Тагдырдын түбөлүктүү ташы айланат.
Үн чыкпайт... Карап турам, ал тыңшабайт,
Добуш бар көкүрөктө дирилдеген.
Жаткансып жука көйнөк дем чыгарып
Шыбыр сөз мага жетет билинбеген:
“Мен анда чагылгандуу жамгыр төксөм,
Мен азыр ызгаар чачам аео болбойт...
Мас акындын көзүндө жаш айланса
Мас сойкунун көзүндө күлкү ойнойт!”
ТОБО КЫЛАМ БААРЫНА, БОЛГОНУНА
Тобо кылам баарына, болгонуна,
Издебейм буюрганын кабыл алдым
О жүрөк канчасын сен сүйдүң экен?!
О сезим канчаларга күйүп жандың?!
Бактым да, азабым да тагын салган,
Сүртүшүп өздөрүнчө боекторун.
А бирок көп кумардан, көп кууралдан
Мен дайым өз дүйнөмү жоготподум
Чок салдым жүрөгүңө кечир мени,
Биз биргебиз,-табасың таалайыңан.
Бардыгын, - айтпаганды сөзүң менен
Сездирдиң сен жүзүңөн, маанайыңан.
Арбаган, багындырган көздөр карайт,
Тынч албай көкүрөктү жүрөк урат.
Караңгы кардуу түндүн аязында
Адашпай бараткансып жолун улап.
С.ЕСЕНИН
Персия кайрыктары
*** Жөөлүтпөйт эски санаа, эски кайгы, Тынч өтөт азыр мында көп күндөрүм. Көңүлгө эм түшүрөм чайханада - Көргөндөн Тегерандын көк гүлдөрүн.
Тоголок, жумуру ийин чайханачы,
Оруска чайханасын кылат дайын...
Тындырбай кызыл чайын демдеп сунат-
Ордуна таттуу шарап, күчтүү арактын.
Кожоюн, сыйла, бирок жашырбачы,-
Бакчаңда кызыл гүлдөр гүлдөшкөнүн.
Бекерден мага көзүн ымдаштыбы
Акырын ача коюп чүмбөттөрүн...
Оруста жаздын сулуу бийкечтерин
Кармабайт мындагыдай каргы тагып...
Акчасыз үйрөнөбүз өбүшкөнгө
Кетпейбиз кагылышып, канжар сайып.
Кылтылдап көзгө урунган тулку бойдун,
Ай чырай жүзүн карап көргүм келет.
Мен ага Хоросандын ак шалысын,
Шираздын килеминен бергим келет.
Кожоюн, куйчу чайың кочкул кылып,
Мен сага калп айтканды сооп көрбөйм.
Ар дайым өзүм үчүн жообум даяр
Сен үчүн мен эч качан жооп бербейм.
Көп карап шыкаалаба эшик жакты, Бак жакка барар жолду күндө өткөмүн. Бекерден мага көзүн ымдаштыбы Астейдил тартып кара чүмбөттөрүн... *** Мен сарапка кайрылып сурап көрдүм, - Жарым туман акчага эмне келет? “Сүйөм” десем сүйкүмдүү Лалага Персчесинен назик сөз эмне делет?
Мен сарапка кайрылып сурап көрдүм,
Желден жумшак, агым сымал тынч аккан:
- Гүзөл жанга сөз барбы түшүндүрөр
“Өбөм” дешти сылык сыпаа, жумшарткан?
Мен дагы сурап көрдүм ал сараптан:
- Жүрөк өйүр уяңдыгым каткым келет.
Сөз тапчы кудуреттүү... Гүзөл жанга
Ашыгым “мендиксиң” деп айткым келет.
Сарап мага узатат кыска жообун:
- Сөз менен махабатты түшүндүрбөйт.
Тымызын үшкүрүк бар ар сүйүүдө
Жалтылдап жакут окшоп көздөр күйөт.
Өбүшүү мүнөздөлбөйт сөз аркылуу,
Өбүшүү жазуу эмес табыттагы.
Өбүшүү үлбүрөгөн гүл бурактын
Эринден эрип кайра жабышканы.
Сурабайт кепилдикти махабаттан, Сезүү бар жарыкты же караңгыны. Айтышат колдор гана “мендиксиң” деп, Сыйырган кара чүмбөт, паранжыны! *** Сен Саадини болгон дейсиң башкача, Төштөн гана өпчү тура кашайгыр! Күткүн эми, күтчү кудай жалгагыр Үйрөнөрмүн мен антишти качандыр.
Сен ырдайсың: “Ефраттан арылап,
Кызыл гүлдөр бийкечтерден жакшыраак”.
Ырдамаксың болсом эгер оокаттуу
Андай дебей ажат ачар, таттуураак.
Мен үзмөкмүн ал гүлдөрдү четинен,
Калсын үчүн көкүрөктө бир кумар.
Бу жалганда Шаганэден чырайлуу
Башка бирөө болбос үчүн жүз бурар.
Кыйнабачы көксөгөнүң таңуулап,
Эңсебеймин эзелкини, өткөндү...
Акын болуп төрөлгөн соң дүйнөгө
Адат кылгам акындарча өпкөндү!
*** Хороссанда эшиктер... Босогого Гүл өстүрүп кылышкан жасалгасын. Анда жашайт перизат сарсаналуу Хороссанда эшиктер жасалгалуу. Мен анын бирөөн дагы ачалбадым.
Шек кылбайм колдорумдун каруусунан,
Жалтылдайт алтын, жези түктөрүнөн.
Үнү назик пери бар ушул жайда
Ачылбайт каалгалар түрткөнүмдөн.
Шек кылбайм колдорумдун каруусунан...
Эмнеге арзыйт сүйүүдө баатырдыгым,
Ырдайм кимге? Кереги барбы анын?
Шагам менин кызганбай калса эми,
Кулпуланса бу жердин эшиктери
Кимге керек сүйүүдө баатырдыгым?
Кайтам кайра Оруска, учур келди.
Персия! Сени таштап кетемби эми?
Коштошомбу түбөлүк өзүң менен
Сүйгөн үчүн алыста тууган жерди.
Кайтам кайра Оруска, учур келди...
Кош бол дейин, эсен бол, кош бол пери,
Каалгаңды ача албай калсам дагы...
Кусалыкты тартуулап бердиң мага
Ырдайм сени бу жакта калсаң дагы
Кош бол дейин, эсен бол, кош бол пери!
*** Шаганэ, сен мендиксиң, Шаганэ! Негедир болгондонбу мен түндүктөн, Менин сага айтарым - мейкин талаа Тармал баш кара буудай анда өскөн. Шаганэ, сен мендиксиң, Шаганэ!
Негедир болгондонбу мен түндүктөн,
Ал жакта жүз эсе чоң асманда ай.
Канчалык кооз болсун мейли Шираз
Боло албайт жайык түзү Рязандай
Негедир болгондонбу мен түндүктөн.
Менин сага айтаарым - мейкин талаа,
Мен алгамын буудайдан ушул чачты.
Ороп алгын кааласаң бармагыңа
Туруп берем ирмебей кирпик, кашты.
Менин сага айтаарым - мейкин талаа.
Тармал баш айдыңда өскөн буудайларды,
Таанып ал чачтарыма окшоштуруп.
Жылмайып айтсаң болот тамаша сөз
Алысты эске салбай жоктоттуруп.
Тармал баш буудайларды айдыңда өскөн...
Шаганэ, сен мендиксиң, Шаганэ!
Түндүктө бирөө жашайт чыккан айдай,
Ал сага тамчы суудай өтө окшош
Жүргөндүр эстеп мени унута албай.
Шаганэ, сен мендиксиң, Шаганэ!
*** Төгүлөт ай алтыны муздак түнгө, Көрбөйсүң жашыл чөптүн саргайганын. Жакшыдыр бу чөлкөмдө мемиреген Аралап жымжырттыкты, сандалганың.
Алыста, өтө алыста калган Багдад,-
Ырдаткан Шахранын18 гүл курагын.
Эми ага кереги жок эч нерсенин
Укпайт ал гүлзар жайдын шыңгырагын.
Өлгөнгө назар салбай өт жолоочум,
Эңкейип карабагын бейиттерди.
Элес жок эзелкиден азыр мында
Мүрзө чөп басып алган, эгип жерди.
Карачы, кандай сонун тегерегиң,
Тартылат кызыл гүлгө эриндериң.
Элдешсең жүрөгүңдө касың менен
Сезесиң жыргал сага төгүлгөнүн.
Сүйгүнүң, сүйөм десең сүйө алгандай,
Сайран кур чарчаганча күчүң кайтып...
Сыйынгың келип турса арбактарга
Чоочутпа тирүүлөрдү, түшүңдү айтып.
Ушинтип ырдап өткөн Шахраны,
Кайрадан уксаң болот арман жайда...
Аео бар, өкүнүч бар бу жалганда
Эч нерсе керек болбой калган жанга. *** Мен эч качан болбогомун Босфордо, Ал жөнүндө сурабагын жанга ыктап... Көздөрүңдөн деңиз көрдүм шоктонгон Күйүп турган көгүш оту жалбырттап.
Барган жокмун кербен тартып Багдатка,
Жибек жүктөп, же болбосо хна артып.
Жүгүн перим шыўга боюң ийилтип
Кош тизеңе башым жөлө суналтып.
Кайра, кайра канча мени сураба,
Кайдыгерсиң түбөлүккө тааныбай.
Аймагында алыстагы Орустун
Акынымын аты угулган таанымал!
Айлуу түндө иттер улуйт алыстан,
Эски бийден тыңдайт көөнүм добушту.
Перс бийкечи кантип көргүң келбесин?-
Алыстагы көгүш мейкин конушту.
Мен келбедим зериккенден бул жакка,
Мен келгемин элесиңе арбалып.
Мага оролот сенин жумшак колдоруң
Аппак куунун канатына айланып.
Мен тагдырдан бейкуттукту издегем,
Өткөн күнгө кылбасам да өкүнүч.
Айтып берчи, куунак өлкөң тууралуу
Асылкечим кылам сага өтүнүч.
Алаксытчы аруу сыйкыр дем менен,
Эски бийди элес алган күн бүтсүн.
Сагындырба, эстебейин унуткар,-
Айперисин алыстагы түндүктүн.
Мен эч качан болбосом да Босфордо, Айтып берем аны ойдон чыгарып. Көздөрүңдү деңиз сезем баары бир Көгүш жалын күйүп турган узарып. *** Иңир кирет саргыч күрөң аймакта, Кызыл гүлдөр талаа, түздө жайкалат. Хаям ырдап өткөн дешет ал ырды Асылкечим ырда мага кайталап. Кызыл гүлдөр талаа, түздө жайкалат.
Көктө жылдыз - көпөлөктүн уюгу,
Шираз жанат, айдын нуру төгүлөт.
Чүмбөттөгөн зайыптарын, кыздарын
Перстер мага жакпачудай сезилет.
Шираз жанат, айдын нуру төгүлөт.
Жылуулугун алышканбы суунтуп,
Катат неге тулку боюн тумчулап?
А ким билет, тотукпаган жүздөргө
Сүйүү керек, мокок эмес, курчураак.
Катат неге тулку боюн тумчулап?
Сен кымбаттуум, чүмбөтүңдү сыйыргын,
Эсиңе тут, кыскача ушул насыят:
Кыска өмүрдүн бактысы да өтө аз -
Маашыр кылар ырахатка татыбас.
Эсиңе тут, кыскача ушул насыят.
Жаралсаң да жазымышта өңүң серт,
Анда деле жанат сенин жыргалың.
Татынакай алкымыңды жабуулап
Дүйнө алдында бекер күнөө кылбагын.
Тартуу кылган аны сага табият.
Кызыл гүлдөр талаа, түздөн жай табат, Бөтөн өлкө түшү өңдөнөт жүрөктүн. Хаям ырдап бере албаган ырды өзүм Ырдайм сага көңүлүңө түнөткүн. Кызыл гүлдөр талаа, түздө жайкалат. *** Аба тунук, жүрөт салкын сыдырым, Аралаймын гүлзар, чөптүн арасын. Көк көгүлтүр, сапар алган жолоочум Арылаба чөлгө жатпай каласың. Аба тунук, жүрөт салкын сыдырым.
Чөп арала, жүргөн өңдүү бакчада,
Бакчасында жапайы өскөн гүлдөрдүн
Кете албайсың жыттуу гүлгө ыктабай
Мейлиң ага астырт карап, жүз бөлгүн
Чөп арала, жүргөн өңдүү бакчада.
Шырылдакты, шуудуракты, шыбышты,
Назик, жумшак Саади ырындай угасың,
Алтын Айдын татынакай сөөлөтүн
Көтөрүлгөн маанайыңда туясың.
Назик, жумшак Саади ырындай угасың.
Акырын, жай үнү угулат перинин,
Гасан тарткан най үнүнө тең катар,
Тулку бойдо кучакка ыктап кысылган
Жыйрылуу жок, чочулоо жок, бейкапар.
Гасан тарткан най добушу кусалуу.
Кере жутам ооз кургайт, тил кургайт, Шамал жүрөт жыты жыпар туюлган. Бул да болсо жазымышта бар өңдүү Жолдон чарчап кайткандарга буюрган. Шамал жүрөт жыты жыпар туюлган. *** Көгүш мейкин Фирдусинин мекени, Унутпайсың, чыгарбайсың эсиңден: Көздөрү бар карапайым, санаачыл, Шайыр мүнөз орусуңду кечеги. Көгүш мейкин Фирдусинин мекени.
Сен Персия, көзгө сүйкүм, жакшысың,
Кызыл гүлдөр жайнайт, күйөт чырактай.
Мага айтышар алыскы жер тууралуу
Кайра баштан даңазалап, ызаттай.
Сен Персия көзгө сүйкүм, жакшысың.
Акыркы ирет искейм атыр жытынан,
Аймалатып салкын желге жүзүмдү.
Айрылышар кыйын учур, саатта
Асылкечим, Шагам сага кош айтып
Акыркы ирет угам сенин үнүңдү.
Кантип сени калмак элем унутуп...
Менин жолбун тагдырыма жолуккан -
Жакынгабы, же болбосо жаткабы,
Сен жөнүндө айтып сөзүң толуктайм.
Сени унутпай, эстеп өтөм түбөлүк.
Сенин шоруң мени деле чочутпайт...
Сарсаналуу кабагыңа тунарган,
Ыр калтырам алыскы Орус тууралуу.
Ырдап калсаң мени эстеп жүрөр дейм.
Ошол ырдан үн кайтарам өзүңө.
*** Дүкүлдөп ургуланба, макоо жүрөк, Баарыбыз алданганбыз бактыбыздан. Думана болгону эле кайыр тилейт Дүкүлдөп ургуланба, макоо жүрөк.
Төбөдөн айдын нуру кереметтүү,
Төгүлөт дарактарга сапырылып
Лала шалбарына эңкейсе ылдый
Мен анын чүмбөтүнө жашырынып...
Дүкүлдөп ургуланба, макоо жүрөк.
Кай бирде биз болобуз жаш баладай,
Бир күлүп, бир ыйлайбыз, умсунуу бар.
Туш кылган бу жалганда энчибизге
Кубаныч же кайгысы, кырсыгы бар.
Дүкүлдөп ургуланба, макоо жүрөк.
Мен өзүм көптү көрдүм сапарымда,
Издедим бак-таалайды бардык жайдан.
Издебейм эми кайра ал тагдырды-
Алдыман мага буйруп кабылбаган.
Дүкүлдөп ургуланба, макоо жүрөк.
Жашоо бизди анчейин алдабаптыр,
Кудурет жый, келчүдөй бир эсиңе.
Жүрөгүм, көз ирмемге уктап алчы
Сүйөнүп сүйгөнүмдүн тизесине.
Дүкүлдөп ургуланба, макоо жүрөк.
А балким сактап калар аккан селден,
Жазымыш энин салып түрүбүзгө.
Булбулдун ыры аркылуу жооп кылар,-
Арналган экөөбүздүн сүйүүбүзгө.
Дүкүлдөп ургуланба, макоо жүрөк.
М.Ю. ЛЕРМОНТОВ
АЖАЛДЫН ПЕРИШТЕСИ
(Чыгыш уламышынын бет ачары)
Сага, сага мокок менин маанайым,
Таасир кылар түйшөлүүнү билбедим.
Анткен менен алоолотор дем менен
Эстей берип өзүң менен биргемин.
Элесиңди сактап келем өчүрбөй,
Өтөр күнүм, убай менен калармын.
Эми өзүңдөн суранарым бир гана
Болчу мага периштеси ажалдын.
Маал келсе сурак берер азаптуу,
Сүйө көргүн келип менин жүзүмөн.
Жол ачылсын кездешүүгө жакынкы
Махабаттын өлкөсүнүн биринен.
Конкурска берилген
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МАМЛЕКЕТТИК ГИМНИ
Көк асаба туу кармап,
Көк Теўирге сыйынган.
Көчү келет Кыргыздын
Көз жетпеген кыйырдан.
Кайырма:
Бар дүйнөгө байыртан,
Башат болгон элденбиз.
Бак-таалайды, намысты
Байрак кылып келгенбиз.
Айгай салып жоо келсе,
Азаттыгын талашкан.
Урпагыбыз МАНАСтын
Улуу Күнгө жол ачкан.
Мекенибиз Ала Тоо,
Мээр чөбү гүлдөгөн.
Мейман күтөт элибиз
Мээрим төккөн жүз менен.
Айкөл мүнөз дил менен,
Аздектейбиз ыйманды.
Асыл заман курабыз
Алпештеген жыргалды!
Р.ГАМЗАТОВДОН
Булбулдун ырын уктуңбу?
Күү чалып турат салтанат.
Табышмак окшойт көңүлгө,
Ырдайт бул эмне жөнүндө?
Ой келет учкул канатчан:
Мекенди ырдап жүрөт ал
Башкасы эбак тажаткан.
Арноолор
ТУРСУНГА, КЫЗЫМ АСЕЛГЕ
Жазым келип жаркырап,
Жакшылыгын жаратсын.
Ар кырсыктан алыс бол
Апакеси Канаттын.
Аздырбасын көңүлүң,
Алдыда өмүр белеси.
Ийгиликтен кур болбо
Ильястын энеси!
Жаздай болуп таалайы,
Жасалгалап асемин.
Ачык болуп асманы
Аман жүрсүн Аселим.
Кызыр кирсин үйүңө,
Бири болуп жетөөнүн.
Майрамыңар кут болсун
Асель кызым экөөңүн!
ТУРСУНГА
Байланып бир тагдырга бүчүр болуп,
Экөөбүз бириккенбиз бүтүн болуп.
Экөөлөп узатабыз жыл, айларды
Экөөлөп бир жашоого үтүр коюп.
Окшошсо эки күүнүн бир кайрыгы,
Ошого окшой түшөт бүт бардыгы.
Экөөлөп издеп өтпөй бир бакытты
Экөөлөп кайгырабыз бир кайгыны.
Экөөбүз бир учурда бакка конуп,
Экөөбүз бир учурда ачка болуп.
Көрөбүз бу дүйнөнү бир көз менен
Экөөбүз жаралсак да башка болуп.
Кызарсак бир кызармай чокко түшүп,
Ысысак бир ысыйбыз отко түшүп.
Керилген Чоң Турмуштун айдыңында
Келебиз катар туруп кошко түшүп.
Кубансак чогуу бирге кубанабыз,
Уялсак чогуу бирге уялабыз.
Үчөөнү ойлоп, үчкө бөлүнөбүз
Үч жолго үмүт артып уланабыз.
Көрөрбүз дагы далай ак таңдарды,
Ээсине кайырганча шашкан жанды.
Экөөбүз жолукканбыз бу жалганда
Экөөлөп тосуш үчүн бак-таалайды!
УУЛУМ КАНАТКА
Жүрөсүң бөтөн жерде, бөтөн элде,
Аткарып эл ишенген кызматыңды.
Кайрымдуу уул болдуң ата-энеге
Көргөзүп бизге сыйың, урматыңды.
Бүгүн сен отуздасың тилейм сага,
Ден-соолук, узун өмүр, бак-таалайды.
Энеңдин жүрөгүндө түмөн санаа-
Өзүнө тапса экен деп жакшы жарды.
Алдыда болсо экен жолуң шыдыр,
Ашуу бар, кыя жолдуу жылгалар бар.
Теңирге тизе бүгүп, дуба кылам
Өтсүн деп ошолордон сыйгаланбай.
Күлүктүн күнү келсе жүгүртүп ал,
Тулпардын тушу келсе дүбүртү бар.
Өзүңдөн көптү күткөн биз эле эмес
Өзгөчө мезгилиңдин үмүтү бар.
Дайыма болсун деймин арты жакшы,
Эңсеген үмүт, тилек, таалайыңдын...
Аман бол, ажырабай жүрсүн бакты
Алдыңкы көчүндө жүр заманыңдын!
МУРАТКА
(50 жаш курагына арноо)
Мен сени эл-журтуңдун жыргалына,
Жаркырап жана турган жылдыз санайм.
Кут болсун элүү жашың, салтанатың
Мен дайым сени менен сыймыктанам.
Кабыл болсун күткөнүң, каалаганың,
Калкың болсун ишенип таянганың.
Кайрат-күчүң иш бүтөп канжыгалуу
Калсын дайым эсинде замандардын.
Мен сага тилейм көптү... Узун өмүр,
Тилеймин ачык көңүл, шат маанайды.
Өмүрүң өтсүн дайым санжыргалуу
Кудайым аябасын бак-таалайды!
НЕБЕРЕМ ИСХАКТЫН ЖЕНТЕК
ТОЮНДА ОКУЛГАН ЫР
Куда сөөгүм – миң жылга уланарым,
Кудай кошкон силерге кубанамын…
Боосу бекем болсун деп небереме
Батаңарды бергиле кудаларым.
Төрөлөбүз, көрөбүз тууган камын,
Төрөлгөндөн сезебиз тууган барын…
Ысым бердим Исхак деп небереме
Ырдап, бата бергиле туугандарым.
Жакшы олтуруп, ичкиле, ачыл баарың,
Жан сырымды мен дагы жашырбайын…
Жакшылыкта жазгыла жарпыңарды
Жарык маанай жүз менен жакындарым!
Түшүндүрмө
1 Тогуз планетага карата айтылып жатат. 17 Каңгы-Ганг - санскритте дарыя деген сөз. Дарыя-аккан суу эңкейишке, баш ооган жагына агат, каңгыйт. Санскрит аруулардын (арийлердин) тили. Ушул тилден дүйнө элдеринин тили келип чыккан. Бул тилде ынды элдеринин эпостору жаралган. Аруулар жоголгон материк Атлантиданын жашоочулары болушкан деген божомол айтылат. Атлантида тууралуу буга дейре ар кандай кызыктуу илимий изилдөөлөрдү камтыган көптөгөн китептер, макалалар жарык көрүп келет. Төмөндө ошолордон иргеп тандалып алынган илимий макалага орун берилди. Атлантида тууралуу кабардар болуу окурманды кайдыгер калтырбаса керек. Аны автордун котормосу катары кабыл алсаңар болот.
Атлантида... Галлей... Дүйнөнүн төрт календары Галлейдин кометасынын Жерге жакынкы аралыктан өтүүсү ар бир 76 жылда кайталанат. Акыркы жолу мындай жакындашуу 1986-жылы болуп, илимпоздор үчүн көптөгөн баалуу маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берди. Окумуштуулар бул ирет геометриянын тили менен айтканда, “туура эмес формадагы”, өлчөмү 14х2,5х75 чакырым³ түзгөн, эң чоң картєшкөдөй болгон кометанын ядросун көрүүгө жетише алышты. Бул комета асфальт түспөлдүү көмүртек водороду менен күңүрт капталган Күн системасындагы телолордун бири болуп эсептелет. Галлейдин кометасына байланышы бар табияттын табышмактуу кубулуштарынын катарына тунгус метеоритинин түшүүсүн жана Платондун “жоголгон Атлантидасын” киргизүүгө болот деп айтышат. Биринчисине карата чындыкка көбүрөөк жакындаган божомолдор айтылат. Ал эми экинчисине болсо жумшартып айтканда, илимий талкууга негиз болуп бере ала турган ишенимдүү божомолдун жоктугун белгилөөгө болот. Ошондой болсо да айрым таң калыштуу жагдайларга көңүл бурууга туура келет. Мындан болжолу 150 жылча мурдараак төмөнкүдөй хронологиялык эсептөөнүн жыйынтыгы чыгарылган: 1. байыркы египеттиктердин календардык циклы 1460 жылды түзөт. Ушундай циклдердин бири биздин доорго чейинки 1322 жылы аяктаган. Эгерде ошол жылдан артка 7 циклды эсептесек биздин доорго чейинки 11542 жыл келип чыгат.
2. байыркы ассирийлердин календардык ай-күн циклдердин ар бири 1805 жылдан турат. Алардын бирөөсүнүн аякташы биздин доорго чейинки 712 жылга туура келет. Эгерде артты көздөй 6 циклге жылсак кайрадан биздин доорго чейинки 11542 жылга барып такалабыз. 3. байыркы ынды элинин календардык ай-күн циклдеринин ар бири 2850 жылды түзөт. Ынды элинин “темир кылымы” (Калиюганын доору) биздин доорго чейинки 3102 жылдан башталат. Ушул жылдан артка 3 циклды эсептесек 11652жылга келебиз. 4. байыркы маялардын календардык бир доорунун башталышына биздин доорго чейинки 3373чү жыл туура келген. Булардын календардык циклы 2760 жылдан турат. Эгерде ары карай 3 циклге жылсак биздин доорго чейинки 11653жыл келип чыгат. Акыркы экөөнүн 1 жылга айырмаланып калышы жылдын башталышын жылдырганга байланыштуу болсо керек. Бири бирине эч кандай байланышы жок түзүлгөн бул төрт календардын кесилишинин бир эле учурга туура келип калуусун кокустук катары кабыл алууга мүмкүн эместей сезилет. Демек, бул календарлардын башталыш учуруна туура келген дүйнөлүк масштабдагы бир чоң окуянын болуп өткөнүн божомолдоого болот. Өткөн кылымдарда эле айрым бир окумуштуулар илимге тиешелүү болгон ачылыштарга таянышып, мындан 13-14 миң жыл илгери Жер үстүндө эң жогорку деңгээлге жеткен цивилизациянын болгондугу жана анын кыйрашы тууралуу божомолдорду айтышкан. Мына ушундай глобалдуу кыйроо окуясы жогорудагы төрт календардын башталышын аныктап бергенсийт. 19-кылымдын 80-жылдарында америкалык атлантолог И.Донелли дүйнөлүк төрт календардын кесилишин Атлантиданын кыйроо учурунун датасы катары белгилеп жазып чыккан. Мына ушул айтылгандар чындыкка жакындашат деген тыянакка келсек, анда ошол 13-14 миң жыл артта калган цивилизация жана Платондун Атлантидасы кандайча, же болбосо эмнеден кыйраган деген суроого да жооп берүүгө туура келет. Тунгус метеоритинин түшүшү менен Атлантиданын кыйрашынын түздөн түз байланышы бар экендиги тууралуу ишенимдүү илимий далилдердин пайда болгондугун белгилөөгө болот. Мына ушул эки окуянын болуп өтүүсүнө Галлейдин кометасынын Жерге жакындашуусу себепкер болгонсуйт. Бул космостук визиттин болор маалына жакындаган учурлардагы табияттагы кырсыктуу кубулуштардын көбөйүшү дагы көп нерсени айтып тургансыйт. Ушуга байланыштуу бири-бирин толуктай ала турган эки божомолго көңүл бурсак болчудай. Биринчиси, Галлейдин кометасы өзүнүн орбитасында жалгыз жүрбөйт өңдүү, аны коштоп жүрүүчү метеорлор кометанын ар бир жакындоо учурларында биздин планетаны “бомбалай” баштайт окшобойбу. Экинчиси, Галлейдин кометасы Жер менен Айдын арасындагы гравитациялык бейкуттукту козголтот деген божомол бар. Бул болсо өз учурунда гравитациялык күчтүн таасиринен космостогу кээ бир метеорлордун ылдамдануусун күчөтүп, алардын Жерди же Айды көздөй багыт алуу мүмкүнчүлүктөрүн шарттайт деп айтышат. Бирок булардын Атлантидага кандай тиешеси бар деген суроо туулат. Жогоруда Галлейдин кометасынын Жер менен “кездешүүсү” акыркы ирет 1986-жылы болгону, мындай “кездешүү” ар бир 76 жылда кайталанарын айттык. Баарынан кызыгы, 1986-жылдан тартып, артты көздөй 76 жыл менен жылсак, 178-чи кадамда баягы өзүбүзгө тааныш биздин доорго чейинки 11542-чи жылга кирип барабыз. Бул жыл Атлантида материгин “жоготкон” жылдардын катарына кирет. Мына ошол жылдардын алкагында Жер үстүндө глобалдуу катастрофа болгон болуш керек. Балким Жерге бир чоң метеориттин түшүшү мүмкүн. Демек бул айтылгандардын байыркы календарлардын баштапкы кесилиш датасы чынында эле Атлантиданын кыйроо учуруна туура келет деп жыйынтык чыгарсак болчудай. Астрономдор Галлейдин кометасынын ар бир келишиндеги Жерге жакындоосу ар түрдүү аралыкты түзөрүн аныкташкан. Анан да
анын Жерге эң жакын аралыкта өтүүсү болжолу 1770 жылда бир кайталана тургандыгы маалым болгон. Мындай учур 837 жылы болгон. Ушул жылы комета Жердин жанынан 6 млн.км аралыкта өткөн (1986-жылы Жер менен бул кометанын жакындашуусу 14 млн.чакырым аралыкты түзгөн). Эгерде 837 жылдан тартып 1770 жыл менен жети мезгил артка жылсак кайрадан биздин доорго чейинки 11553 жыл келип чыгат. Польшалык астроном Л.Зайдлер өзүнүн эсептөөлөрү боюнча Галлейдин кометасы айрым бир учурларда Жерден болгону 400 миң чакырым аралыкта өтүшү мүмкүн деген жыйынтыкка келген. 18 Шахра-Шахразаада - “Миң бир түн” жомогунун баш каарманы.
Пікірлер (0)
Пікір жазу үшін аккаунтқа кіріңіз. Кіру