Мазмұнға өту
Home

Күтүү

Зульфия Асылбекова

Оқылуы: 0%

Жазылымсыз режим: 20-беттен кейін жазылым беті ашылады, әрі қарай әр 10 бет сайын (ең көбі 5 рет).

20 px
1.85
0.30 px
0.95 em

Күтүү

Авторы: Зульфия Асылбекова

Кєпїрє (аңгеме)

Уулубуз Дастандын биринчи класска барып, окуганына бир айдай болуп калды. Окуусу жакшы. Былтыркы жүлүнүнөн жасалган оор операциядан, ошондогу чоң наркоздон кийин, ден-соолугуна забын болуп, бутунун мууну кетип, чалыштап, окуусуна тоскоол болобу деп корктум эле. Кудайга шүгүр, эптеп басып жїрєт. Эртең менен атасы жумушка кетип баратып, аны окуусуна жеткизип кетет. Сабагы бүткөндө бир жарым жашар уулум Жоодар экөөбүз, аны тосуп келебиз. Жолдо улам тыныгып, араў келет. Сабактан кийин бїгїн Дастандын классташ бир баласы биз менен чогуу үйїбїзггө келип калды. Тамактанышып алып, экөө бєлмєсїндє бир нерселер менен алектенип жатышты. Мен Жоодарды уктатып жаткам. Бироокамда Дастан бөлмөгө кирип: - Апа, досумдукунан диск алып келе калалычы?- деп калды.. - Өзү эле барып келсин, сен барбай эле койчу, жолдо кыйналасыў,- десем ал кыйыктанып, їндєбєй тултуюп таарына жерди карап, дубалды чукулай туруп калды. Кыйбай кеттим. - Үйү кай жерде экен, жакынбы? - Жапжакын. Муногул эле жерде деди, - деп, Дастан деле барар жерин анык билбейт экен. Заматта анын бүркөлүп турган кабагы алда неден їмїтєтє күн чыккансып жаркылдап ачыла түштү. Аны көрүп жок дей албай: – Бат келгиле, сарысанаа болом,- дедим. Ичимен аны жибергим келбей турду. Каруусу жок, тез чарчайт. Бир бутунун күчү алсызыраак болгондуктан сүйрөп басат. Улам эле жыгыла берет. Тизесинин айрылганы айыкпайт. Аны эптеп дарылап, таңып койсоң деле кайра жыгылат. Бутуңду кичине аясаң боло деп калам. Таяк берсем арданып аны албайт. Бала эмеспи тынчы жок, бир жерге байыр алып тура албайт, дайыма басыптурганды жакшы көрөт. Бардык нерсеге кызыгат. Оңдоп, бузуп, кайра башкача ойлоп тапканды жакшы көрөт. Жаны кыйналбаса, баланын басып-турганына не жетсин. Бир чети ооруга моюн бербей минтип, аны жеңип турганына сүйүнөм. Жакында эле бул, Бишкектин чыгыш тарабындагы Ново-Покровкадан үй сатып алып, жаңы көчүп келгендиктен, кошуналарды али жакшы тааныбайбыз. Ошентип, экөө сыртка чыгып кетишти. Мен баланы уктатып коюп, усталарга тамак жасап жаттым. Кирпичи тургузулуп, шыйпыры жабылган менен ичи бүтө элек, эки кабат үй. Бир бөлмөсүн бүтүрүп эле кирип алдык. Антпесек усталардын быйыл бүтүрөөр түрү жок. Беш уста-балдар иштейт. Тамагы менен жатагы бекер болгондон кийин жай иштешет экен. Эптеп убакыт өткөзмөйлөрдү жалдап алганбызбы? Мага колдорунан жумуш арбыбагандай сезилет. Жаш аялметпиз. Улуу кызыбыз бешинчи класста. Кичүү эки уулубузду сүннөткө жаўы олтургуздук. Жалгыз иштеп, бизди багып жаткан кїйєємє жеўилдик болсун деп чарбакка да жашылчаларды өстүрүп алгам. Мурда иштетилбеген семиз жер болгонгобу, жакшы түшүм берүүдө. Айтор, жумуш көп. Арадан жарым сааттай убакыт өттү. Дастандар келген жок. Тынчым кетип, аларды кїтєкїтє кєчєгє чыктым. Эч жерден көрүнбөйт. Алда кандай болуп кетти деп . жїрєгїм шуу этти! Нары бастым, бери чуркадым, акыры алда неден кооптонуп чыдай албай атын

чакырып кыйкырып да кирдим. Ой тобоо, бейкам жиберип койгонумду карасаў! Кєчєдєн кєрїнбєгєн соў нары, дөңгө чыгып карасам поезд жол бар экен. Анын нары жагы ээн талаа, айдоо жер окшойт. БЧК каналы да ошол тарапта экен. Ал жакта да Дастан жок! Жүрөгүм жарылып кетчїдёй дїкїлдєп чыкты. Кайрадан үйгө жүгүрдүм. Уктап жаткан балам эмне болду? Ойгоно элек экен. Аны ды көтөрүп алып, жанагыл поезд жолго кайрадан чуркап чыктым. Негедир ошол тарапка эле тартып туруп алды. Ички туюмум балаў ошол жакта дегенсийт. Бир аз баскандан кийин тээ, алыста сербейген эки кичинекей караан көрїндү! Анын биринин араў басышынан Дастанды тааный койдум. Ошол! Бир чакырымдай алыстыкта жаңы салынып жаткан үйлөр көрүндү. Экөө ошол тарапка баратышат. Алыс эмеспи! - Даста-а-ан, Даста-ан!- деп кантип кыйкырып жибергенимди да байкабай калдым. Балам кайрылып, кєрїп калабы деп кол булгаладым. Жок. Ээн талаа, сыдырым жел алардан мен тарапка согуп тургандыктан, аларга үнүм жетпеди кєрїнєт. Балдар дагы эле нарылап, бейкапар кете беришти. Бир кылчайып артын карап коюшпайт! Баллдар да. “Сезимтал, кыраакы, чоң кишидей эле акылың бар эле. Сөзгө мынчалык эмне берилип кеттиң, балам ай!” дедим кыжалат тарта. Тааныбаган баланын үйүнө бара бер деген мен да келесоо экемин. Эмнеге жибип кеттим, деп өзүмдү жемелеп жаттым. Башыман ак жоолугумду жулуп ала кыйкырып, балдарга булгалап кирдим. Бекер. Ачык күндөн ак нерсе көрүнбай калабы деген ойдо, колумдагы баламдын кызыл жемпирин чечип алып, кайра–кайра булгалай бердим. Аўгычакты кудай жалгап балдардын алдынан бир киши чыгып, аларга мен тарапты көрсөтүп калды. Баары бурулуп, мени кєргєндєй болушту. Үч караан жолугушту да, сїйлєшкєнсїп саамга туруп калышты. Санаам саамга тынчый тїшїп, жай бастым. Анан эле баары нары басып жакынкы бир үйгө кирип кетишти. Алардын кайдыгерлигин кєрїп, кыжырым кайнап чыкты! Жете барып, баламды желкеден алып сїйрєп келсемби, чекилик болор, ачууга алдырбай турайын. Кєп єтпєй жанагыл киши, балдар їйдєн кайра чыгып, бир азга сїйлєшє туруп калышты. Мен утурлай басып баратып дагы эле балама бери кел деп ачуум менен кол булгалап жаттым. Акыры чыдабай аларды көздөй чечкиндїї бет алдым. Күн ысык, чак түш болчу. Темир жол менен басканга буйдоо, карагай шпалдары жакын, чоў аттасаў чуўкуруна бут тїшїп, кадамыў арбыбайт. Шпалдарынын да ышпалдасы чыгып бїткєн. Араларын чөп баскан, куурайлары куурап бутка сайылат. Бөтөлкөнїн сыныктары, урчук таштар, уңкул-чуңкулун айтпа, жїдєтєт. Ээн талаа. Їп. Колумда кєтєргєн балам бар. Тез эле боргулданып тердеп чыктым. Үйүм да ээн, ачык калды. Тамагым эмне болду экен, эмгичекти күйүп кетти го. Усталар экинчи кабатта иштей беришет, тамакты карап коймок тургай эч нерсе менен иши жок. Түз жол менен мектепке барып-келгенине сүйүнүп жүрсөк, муну кара, ээнбаш боло баштаган тура, тентиреп! Сениби, сени келээрсиң деп колумду кезеп, єзїмчє жулунуп, чалынып бараттым. Кєтєргєн балам да ысып, уйкусу ачылып-ачылбай, толук айга жете элек деп шым да кийе элек баланы ого бетер жүдөттүм кєрїнєт. Анан кантмек элем?! Мени кєрє айыбын сездиби, аўгычакты Дастан бери басты. Ох, аман-эсен келатат деп жеўилдей тїшкєнсїдїм. Ага жете барып колунан алып шаштырайын деген ой менен аны көздөй адыраўдап бара бердим. Жолдугата ачуум менен ага улам муштумумду түйүп коём. Жампаңдап апкыты басылган жаман тапичкем менен узун юбкам да жүдөттү, бутума чалынып. Ачуумдун чындап келгенин туйган Дастан да утурлай демиккен

болот. Улам чалынып жыгылып, кайра тура калып, шашып келе жатты. Коркуп, бүткїл ою менде болуп, ооруганын деле сезбей келатабы деп кайра ага боорум ооруп кетет. Бирок, аны урушуп койбосом болбойт, мындан да алыс кетип калсачы дейм ичимден. Темир жол биз бири-бирибизге жеткенче кыскарбай эле кайра узарып бараткансыды. Аўгычакты тээ алыстан күнгө чагылышып жаркыраган поезддин терезеси көрүндү. Дал Дастандын артында. Алды-артын карабай, улам жыгылып-тура мага ашыгып келаткан баламды уруп кетсе эмне болот? Жїрєгїм болк этип кетти! Тула боюм муздап, тимеле койнума жылаан соймолоп киргендей боло тїштї.. Темир жолду шагыл таш тєшєп, жерден ойда бийиктетип салышкан экен. Ээн жак болгондон кийин адамга ылайыкталган эмес. Эгер темир жолдон тайса Дастандын сайга кулап кетери анык. Бул жакты мурда көргөн эмес элем. Эми эмне кылдым кокуй! Көпүрө! Ал алдыман эми гана кєзїмє урунду. Жолду бийиктетип келип БЧКнын чоң суусунун үстүнөн көпүрө салынган экен. Азыр ошол көпүрөдөн поезд өтөт. Көпүрөнүн бир учунда Дастан, бир жагында мен, кичиненей бала менен. Көпүрөнүн узундугу жыйырма метрдей. Эки капталы жарытылуу тосулган да эмес, андан бала эмес килейген уй, ат деле түшүп кетчїдєй. Поезд болсо сойлогон ажыдардай улам айбаттуу жакындап келет. Мен Дастанга: - Жолдон чык!- деп далбастай кыйкырсам, ал укпай, огобетер үрөйүмдү учурду. Кєпїрє алдындагы суунун да шаркыраган үнү, шамал да ызылдап...- Поезд!- деп колум менен артын жаўдасам балам түшүнбөйт. Андан бетер шашып мага жүткүнөт. Ага:- Нары кет! Четке чык!- деп, чый-пыйым чыга кол булгалап жибердим. Укпады. Ал да бул жакка алгачкы келиши кєрїнєт. Ага демейкидей муштумумду түюп, бери кел!- дегеним эле анын мээсине биротоло сиңип калганбы? Бир кыялданып алса, кечке дейре эч ким менен иши жок, кыялына башын алдырып койчу мїнєзї бар эле ошол “оорусу” кармап калды кєрїнєт. Бар күчүм менен жан їрєп, далбалактап алдыга чуркай бердим. Колумдагы бала да чырылдап ыйлап кирди. Поезд да шакылдап улам жакындап келатат. Дастанды көпүрөгө жетпесе экен деп кудайга жалынам. Экєєбїз анын эки учуна удаа жете бердик. Болгону жєн-жайда бир дем менен єтїп кетчї эле аралык болчу . Эми ал көпүрө узарып кеткенсип, аягы жоктой. Андан чуркап өтүп, Дастанга жетишип калаарыма ишене албай да кеттим. Андан бєлєк кандай айла кылмакмын. Куру їмїттєн бєлєк аргам жок. Жиндидей делєєрїп, алга ашыга бердим. Эч качан минтип чуркап кєргєн эмесмин. Мына, эми кєпїрєнї тызылдай чуркап өтпөсөм Дастан поезддин астында калат! Эмнеге бул жактан там алдык экен?! деп жан ачытып да алдым. Бизди кєргєн поезд да жол бошоткула дегендей улам-улам ачуу кыйкыртып кирди. Колумдагы баланы таштап чуркасам, ал да мени ээрчип, поезддин астына кирип кетеби деп корком, же БЧК га түшүп кетсечи? Кокус Дастан көпүрөгө кирип калса, экөөнї теў кучактай сууга секирсемчи? Сүзгөндү билбейм. БЧК деген сугат арыгы эмес, терең. Кєлбїй аккан суу да, калдыраган поезд да, иттин ичегисиндей чубалган көпүрө да, мага үч баштуу ажыдаардан жаман сезилди ошондо. Эч айла жок. Алга чуркоо, Дастанга тезинен жетїї гана керек. Поездин кыйкырыгы эми такыр басылбай калды. Айдоочусунун да амалы кетип калды кєрїнєт. Амалсыздыгыман бар күчүмдї їрєп поездди утурлай чуркай бердим. Єзїмдїн поездге урунуп єлїп каларым тїк эсиме келген жок, колумдагы балам да. Анын белинде

байланган кызыл жемпири да чечилип, учуп кетти. Алда кандай жамандыкты боолгодубу, наристем бакырып ыйлап кирди. Мен їчїн алардан кымбат эч нерсем жок. Аллахым, балдарымды сактай кєр! Сакта! Күч бере кєр?! деп алга жулунуп, көпүрөнүн дал ортосуна жеткенимде бутумдагы тапичкемдин бири эки жыгачтын ортосуна кептелип кала берди. Жеўилдей тїшїп, огобетер тызылдай чуркадым. Экинчи тапичкем да жок экен, качан жоголгонун билбейм. Тамандарым ачышып чыкты. Бїт оюм эле эптеп көпүрөдөн өтүп, эки баламды теў поездге жеткирбей сайга ыргытуу. Ошентсем, алар аман калышса экөө жетелешип, үйгө барып калышаар деген гана жалгыз үмүт турду оюмда. Жандимилене :. - Четке! Четке чык!- деп, Дастандарга колумду жаңсап улам кыйкырып коём. Ал болсо мага ашыгат. Суунун шары, поездин ачуу үнү, менин чаўырыгым, баланын ыйы, айтор, ээн талааны жаңырттык. Дастан дагы эле мени көздөй келе берди. Артындагы ажалдуу поездди кылчайып бир карап койбойт. Ал эмне, майыптыгы жанга батып, же менин жемемден тажап атайылап эле ушинтип жатабы деп да коркуп кеттим. Ачуусу менен поездден качамын деп жолго кулап калбагай эле!.. - Четке-е-е! Четке! Жыгылба! Даста-ан четке!- деп ачуу кыйкырып жибердим. Шакылдаган поезд артынан жакындап келип калган болчу.. Кєркунучту эми даана туйду кєрїнєт, Дастан далбалактап мага умтулду. Кєзїмє аксалаўдап мени кєздєй жулунган балам гана көрүндї. - Апа! Ка-ач! Апа-а!- деп коёт байкушум! Ыйлап алыптыр, эми анын жїзї мага даана кєрїндї. Демите келген коркунучтан менин дагы күчүмө күч кошулуп: - Азыр! Азыр балам!. Мына, аз калды! Эч кимге бербейм силерди! О, Жараткан балдарымды сактай гөр! Күч бер!- деп Дастанга жете бара бир колум менен аны далыдан апчып алдым да четке каргыдым. Поезд шарактай жете келип, шамалы жаба берди да, жандай өтє берди...

КҮТҮҮ

( новелла ) Мен сага эмнеге таарынам өзүм да түшүнбөйм. Баары жетиштүүдөй. Деги, аял дүйнөсү кызык экен. Негедир эле жүрөгүм көк муштумдай түйүлүп, көкөйүмдү өйкөй берет. Турмуш курганыбызга жыл айланбай, кээде ортобузду көрүнбөгөн муздак айнектүү дубал, бөлүп тургандай сезилип кетет. Сен жумушта жүргөнүңдө ар бир ийги иштериңе жетине албай өзүмчө сүйүнө берем. Өткөн бактылуу күндөрүбүздү эстеп, өзүмчө жыргалга батам. Алтүгүл ошол замат курбу кызыма чалып: Төрөбай ошондо мындай - андай эрдик кылган. Кандай бактылуумун!- деп мактанып, да жиберем. Курбум кошо мактап,

- Ал накта азамат, сени жанындай сүйөт. А меникичи, таптакыр антпейт, кайра мени ыйлатмак,- десе жүрөгүм кызганычтан зырп этип кетет. Кой анда, сага тоскоол болбоюн деп дароо телефонумду өчүрө коём. Көз тийип кетеби дегеним да. Бул дүйнөдө жалгыз гана сен үчүн жашаарымды түшүнсөңчү, Төрөбай. Сени элеп-желеп болуп керээден кечке күткөнүм күткөн. Келээр маалың болгондо, жаш балача уламулам эшикти жалтак карай берем. Көзүм телевизордо болгону менен, кулагым, жүрөгүм сенде. Жүрөгүм кысылып, жайлап согуп, келгениңди балким сезбей каламынбы дегенсип ал да күтөт. Кулагым маңдайымдагы телевизордун үнүн эмес, эшиктеги иттердин үргөнүн, кошуналардын ар биринин машинасынын үнүн сеникинен айрый албай калбайын деп, ал да кыйналат. Дарбазаны бир саат мурда ачып койгом. Эми ошонун калдырап, жабылуусун күтүүдөмүн. Демейде дарбаза калдыраса, кошуналардын тынчын алдыкпы деп кыжалат болчу элем. Көзүм саатты караган сайын, ал тездеп жылып кетчүдөй, улам-улам карай берем. Сенин доошуңду уксам, учуп жетүүгө даярданып, диванга салмагымды салбай учкай олтурам. Тапичкем бутумдан капыс түшүп кетсе, аны дароо илип алып чуркоого тоскоол болбогудай оңдоном. Машинеңе куп жарашып, келе жатканыңды элестейм. Тигил жерге жетти, эми бул жерге келди,- деп божомолдоп, кээде үнүм да сыртка чыгып кетет. Сени кыялданып, акылынан адашкан адамдай өзүмчө жалгыз эле күлүп, сүйлөнө да берчү болдум. Саат араң беш мүнөткө жылган экен. Балким келип калгандыр деп, жүгүрүп барып, эшиктин туткасын кармап туруп калдым. Сени үйгө келип, каалганын артында турса, сүзүшүп калбайлы деп, демимди ичиме кысып, кулак төшөйм. Тынч... Бул жерде турганымды көрсө уят деп, кайра келип, ашканада даярдап койгон тамактарымды онунчу жолу оңдоп-түздөйм, сен олтурчу орундукту күбүп, кашык вилкасын дагы бир жолу, сүртүп койдум. Төркү үйгө келип, санаам тынчыбай телевизорду ар каналга баскылай бердим. Кай жерде, эмне болуп жатканы деле, эсимде калган жок, эптеп, дагы беш мүнөт убакыт өткөзүшүм керек. Ал жолдо келе жатып, дүкөнгө кайрылып, мага деп таттуулардан алып жатат. Албетте, куру кол келгиси келбейт. Анын да көз алдында менмин. Менин кубанганымды көрсө, ал да мендей бактылуу болот деп өзүмчө божомолдойм. Же менин жаным келе жатасыңбы? – деген үнүмдү уккусу келип, ал да күтүүдөбү?”Балким телефонунун бирдиги жокпу”- деп, кайра туруп мага бирдик салып жатабы?- деп, колумдагы телефонумду текшере баштадым. Бирдик келээри менен белги берилерин билсем да, ага ишенгим келбеди. А балким, бирдикке акчасы жоктур?. Э-эк, эч нерсенин кереги жок мага. Келгениңдин өзү эле мага бирдик, сен бардык белектен - эң кымбатсың, жаным. Дагы он минута өттү. Саат да, күнөлүүдөй баягыдан чарчап, жайыраак чыкылдап бараткандай сезилип кетти. Үйдүн ичи караңгы тартып, баары суз, оор жымжырттык. Үнү жок телевизор да, кишини кайра коркутат экен. Эмнегедир үшүй баштадым. Одеялга түпкүчтөй түйүлүп бүрүшө, бул дүйнөдө жападан жалгыз калгандай, ичим ачыша баштады. Өпкөм көөп, ыйлагым келет. Кызганычтын көрүнбөгөн ичке жиби мойнумдан кыкынтып, жанагыдан да кысылып, муунуп барам. Тыгын. Албетте, машинанын жол тыгыны баарына себепкер. Кызык, жанатан эмнеге муну эстебедим. Ал, тыгындан чыга албай, кейип жатат. Мага телефон чалып,

билдирип коёюн, деп ойлоду. Бирок, улам аз-аздан жылган машиналардан,”мына – мына, азыр жетем”- деп өзүн мен сыяктуу алдап олтурат. Жаным, антип кыжалат болбой эле, телефон менен айтып койсоң болмок. Сен тынчымды албайын деп, ойлодуң. Бирок мага сенин үнүң керек. Төрөбай, сен ушундай сырдуу, бекем адамсың. Кейигениңди, сүйүнгөнүңдү да билгизгиң келбейт. Же ысымыңа жараша, өзүңдү, төрөдөй алып жүргүң келеби? А мен сага телефон чалсамчы? Жок жок, тыгында болсоң, тоскоол болуп, көңүлүңдү алагды кылып койбоюн. - Кыйналып иштебей эле кой, эки адамдын тамагын, өзүм эле табам, - деп, мени иштетпей койдуң. Эртеден кечке кудайдан наристе сурайм. Ал да жок. Саатты карагандан да уялып турам. Сабыры жок, кандай немесиң, тажаттың деп жиберсечи? Эк, колумдагы телефонумдун эле саатын карабаймынбы? Тиги, дубалдагы чоң саат, тимеле, улам–улам караган сайын, боюн баалана көтөрүп, ордунан жылбай калат. Мына, жанымдын кечиккенине жарым эле саат өтүптүр деп соткамдын бетин сылап, сүртүп койдум. Ордуман тура калып, ашканадан суу ичтим. Жүрөгүмө эч нерсе баспай турса деле, жөн эле суу куюп алган экем. Бир ууртап, кайра төгүп салдым. Машинанын күрүлдөгөн үнү угулду. Заматта каалгага учуп жетип, жарыкты жандырбай каалганы ачып, сыртка баш бактым. Эч ким жок. Жолдон кошуналар машинасы менен өтүп кеткен окшойт. Баягыдан ал күчүм кетип, денем оорлошуп, башка аялга... башка...деп кайрадан баягы жип муунтканы келгенсип, нары жагын айткым келбей, көзүмө жаш тегеренип, төркү үйгө келип, диванга олтуруп калдым. Телевизордун үнүн болушунча чыгарып, токочун колунан жулдурган баладай буулугуп, ыйлап жаттым. Белим, ашказаным да ооруй баштады.

Менин күн сайын ушинтип, зарыгып күтөөрүмдү ал жакшы билет. Эмнеге минтип сезимим менен ойнойт деп ыйлап жаттым. Сырткы каалга төрт жолу чертилди. Сен экениңди жүрөгүм сезди. Я-а келдиби? Ооба. Ал. Менин жаным келди деп кудуңдай күлүп, далбастай ашканага бир башбагып, адашкан кишидей кайра чуркап чыгып, мурдумду шор тартып, жеңим менен бети-башымды сүртүп, каалгага жетип бардым. Жүрөгүм дүкүлдөп, өзүмдү бир саамга жогото түштүм. Ох, келди. Эми сабыр кылып, демимди басып, ыйлаганымды билгизбейин деп каалганын жанындагы күзгүгө көрүнүп, бир сыйра оңдонуп, уйкудан жаңы ойгонгон кишидей болуп, билип эле турсам да кылыктана акырын: – Ким?- дедим. - Махабат, мен эле,- дедиң сен жай гана.

Билесиңби? Бул сөзүң бүткүл денемди балкытып, өзүмчө эрип кеттим. Үнүң жөн эле эркектин үнү эмес, булбулдун, комуздун, деги койчу, баардык аспаптардын үнүнүн эң назиги, эң уккулуктуусу эле. Үнүңдөн сенин, ушул үнүңдүн жарым саат кечиккени үчүн кандай кыйналдым. Баятан ооруп жаткан жерлерим да басылып калды. Дароо эшикти ачып, күлмүңдөп күтүп калдым. - Ох, чарчадым, кандайсың? Тамак барбы?, – дедиң да, бөлмөгө шыр кирип кеттиң. Толкуп-ташып турган сүйүүмдү билдиргенден уялдым. Жүрөгүм бир тыз этип сайып алды. Уяңмын. Эмне үчүн? Өмүрлүк жарым, мен сени сагынып кеттим деп бир сөз айтууга күчүм жетпей, босогодо солдоюп туруп калган экем. Ал го, чарчады. Мейличи, айтор аман-эсен, кашыма келди деп кол шилтеп, өзүмө келе калып, кыңылдай ырдап, бут кийимин жыйнап, артынан жетип бардым. Сен үйгө жарык, жылуулук алып келгенсип, денем нымшып, ысып чыктым. Кийимиңди чечинип ашканага келдиң. Тамагыңды алдыңа коюп жатып, эмне жаңылык бар деп жайдары сурай кеттим. - Эч деле жаңылык жок. Күндөгүдөй эле. Өзүңдө эмне? - Меники деле демейдегидей,- дедим кыска гана сыр бербей. Кечке жалгыз, сени сагына күтүп, кур санаага батып, убайым чегем. Кыз-жигит болуп, сүйлөшүп жүргөндөгү бири-бирибиздин сүйүүнү сагындым, деп айта албадым. Эркелетип, көңүл бөлбөгөнүңө таарына түштүм. Тамактандык. Сенин жаныңда тамактануу кандай ырахат. Сен жокто ушул эле тамак супсак болуп, иче албай койдум эле. Эми тойгонумду билбей, сен эмне кылсаң, мен да ошону кайталап жаттым. Балким, мен токтоп калсам, сен да ичпей ачка калабы деп, сен үчүн тынбай ичип жаттым. – Оо, курсак тойду. Эми бир аз телевизор көрөйүн,- деп диванга кериле жаттың. А мен болсо, жаш баладай бутуңа илешип¸ сен кайда барсаң, ошол жакка лепилдейм. Ашкананы жыйнагым жок. Жаныңдан карыш чыккым келбейт. Жана, үйдө жогуңда канча сагынсам, эми өзүңдү көргөндө, андан эки эсе сагынып турганыма таң калам. Сен болсо, телевизордун ичине кирип кете жаздап, каткырып, берилип көрүп жаттың. Мага, телевизордогу сен күлгөндүн бири да күлкүлүү болбой, телевизордон сени кызганып, жаныңда томсоруп олтурдум. Сен баарын билесиң. Бирок атайы ушинтип, билмексен болгонду жакшы көрөсүң. Эмнеге мени мынча кыйнайсың? Сени көңүл бурдурайын деп таарына берем. Эки, үч күндөп сүйлөшпөй таарынам. Ал учурда сен да сүйлөбөй, кайра эки эсе оорума оору кошуп жибересиң? Эмнеге кабагың бүркөө, бир жериң ооруп жатабы? Эмне жардам кылайын? Мен, сенин дайыма жаныңдамын! Сенин кейигениңди эч көргүм келбейт! Дайыма жаркылдап жүрчү, жаным, - деп мага көңүл бөлсө деп күтөм. Өзүмчө кыялданам. Тилекке каршы ошол күнү, сен: - Сага эмне жетишпейт. Баары бар. Эмнеге эле таарына бересиң? Эми эмне кылышым керек. Сага кантсем жагам, - деп кыйкырып, сыртка чыгып, басып кеттиң.

Ооба, мага баары жетиштүү. Бир гана сенин сүйүүң жетпей жатат деп айта албадым. Кантип көңүлүңдү бурдураарымды билбей, бирде таарынып, бирде күлүп, бирде ыйлап, мазеңди алдым. Кечир жаным. Сен да бул үч күн аябай кыйналдың. Жумуштан келип үйгө шыр кире албай, бир азга катып туруп каласың. Жалгыз тамак иче албай калп эле, шам-шум этесиң. Үйгө батпай кыйналасың. Диванда олтурсам, артыман келип, азоо атты жаңы көргөнсүп, ийиниме колуңду акырын койдуң да кайра колуңду шыр тартып алдың. Эңкейип жердеги телевизордун пультун алдың да басып кеттиң. Колумду койгонумду билбей калды деп өзүңдү алдадың. Бирок сүйүүнү алдай албайсың. Ал азоо, минтип кээде баш бербей кетет. Мен сенин демиңди ойгоо эмес, уктап жатсам да сезмекмин. Эркелетсем көптүрүп жиберем деген сасык оюңа күчүң жетпеди. Ал акыбалыңды көрүп, бирде сүйүнсөм, бирде кыйналам. Мен үчүн убайым тартканың мага майдай жагып жатты. Бирок, мен да биринчи ал сүйлөсүн деп күтөм. Жаным, сен эркектик кылып мага бир кадам таштап, мени алдап койчу! Ооба, ооба, алда! Мен сени сүйгөнүм үчүн таарынганымды да билип турасың. Бирок “МЕН” деген бой көтөрмөлүк күчтүү болуп турат. Экөөбүз тең кандай кыйналуудабыз. Адам өзү жакшы көргөн адамына гана таарына алат. Сенден башка кимге таарынам, ким түшүнөт мени. Сага биринчи кадам таштап, сүйлөө кыйын болсо мени карап күлүп койчу. Кайдыгер болбочу алтыным! Күтүп жаттым. Мени да түшүн, жаш баладай эптеп бир шылтоо тапсам, эми кайра кечирим сурап, менин сүйлөшүм болбойт го. Менде да бойкөтөрмөлүк бар, билем. Кичинемден жеңилип көргөн эмесмин. Дайыма жеңиште жүргөн адамдын, жеңилиши өтө оор экен. Бирок сен үчүн жеңилүүгө даярмын. Жаңы уюшулган мамлекетибизди сактоо үчүн, келечектеги балдарым үчүн баарына даярмын.

Бирок... бирок... сен да ийилчи. Дагы бир күн күтүп көрөйүн. Болбосо, айла жок... деп көз жашымды төгүп, шылкыйып олтурдум. Ошол күнү күн суук эле. Бир сааттай эшикте жүрүп, келдиң да. - Сүйлөчү. Эмне таарынычың бар, угайын,- дедиң жумшарып. - Билбейм,- деп, эки ийинимди куушуруп, көздөрүмдөн жаш тыпылдап тама берди. Канча күндөн бери күтүп жаткан суроом капыстан берилгенине коркуп да кеттим. Бир чети сүйүнгөнүмдөн, мурда далай жолу даярданып алган сөздөрүмдү таппай калдым. Унчукпай жер карап күнөөлүүдөй олтурдум. Эптеп калп да болсо, бир күнөө койсом деп шылтоо издейм. Бирок эч нерсе айталбадым. - Зеригип кеттиң! Романтиканы жакшы көрөсүң! Өзүңө көңүл бөлдүрө албай жатасың, таарынычың ошол элеби же башкасы барбы? – деп өзүңө ишеничтүү да, чечкиндүү да, үнүңдү биринчи жолу өктөм чыгарып, тике карадың. Сезимтал кыраакысың. Баарын билип койдуң. Уурулугум кармалган кишидей өзүмдү таштап жибердим. Коркуп да кеттим. Оюндан от чыгарып жиберип “талакты” айтып жиберсечи. Мындан нары ар кандай амалдарым ишке ашпасына көзүм жетти.

Чындыкты гана айтышым керек. Башым, мага ээ бербей ийкелип кетти. Көздөрүмдөн мончок мончок жаштар өзүнөн өзү куюла берди. Берекем кандай ак көңүлсүң. Көз жашымды көргөндө аяп кеттиң. Эмелеки арстанга айланган айбатың жок. Эки билегимден кармап, жүзүңө жумшактык орноп, көздөрүң күлмүңдөп, көпкө турбай каткырып күлүп жибердиң. - Кечирип койчу, мен күнөөлүүмүн,- дедиң. Бул күлкү шылдыңбы, же жарашуунун күлкүсүбү билбейм, айтор териштирип ойлонгум да келген жок. Ушул эле күлкүнү, ушул эле сөздү күтүп жаткан жаным, өз күчүмдөн тайып, жер карап шылкыйдым. Сен да аярлап, кучагыңа алдың да, “эркем, кичинекей куурчагым, жаным” деп эркелеттиң. Кучагыңда өзүмдү дүйнөдө жок бактылуу, назик, эң сулуу кыз сездим. Наристедей эркелеп кеттим. Жер силкинип, асман жерге түшүп кетсе да, сен мени коргоп калчудай, бүт эркимден бошодум. Катып турган жаным таштан сууга айланып, жемпириңдин төшүн суу кылып, кубанычтан ыйлап жаттым. Дамбанын тосмосун суу жарып кеткендей жарылдым го чиркин. Сен да сагынган окшойсуң. Оор жүктөн арылгансып, үшкүрүнүп алдың. Балбалактап, өңгөчүмдү ичиме тартып, кекечтенип: - Ка–ка-ндай жакшы адам-с-ың. Мени кечирчи. Се-се-ни кейиттим. Күнөөм ошол - сени сүйгөнүм. Мүнөзүм жаман, эркемин. Мени ал-дап койчу. Минтип, мени менен эч качан тирелишпечи. Акылымдан адашып кете жаздадым. Сеники туура деп койчу, ошондо мен өз күнөөмдү билип, уятыман минтип өлөйүн дейм,- деп автоматтын огундай жүрөгүмдүн сырларын жаадырып жаттым. Ошентип арадан дагы бир жыл күтүү менен өттү. Балалуу да болалбадык. Сен баягыдай кулпуланып, ачкычы жоголгон кулпудай тултуюп жүрө бердиң. Ушинтип бой көтөрсөң, аялың көзүңдүн агы менен тең айланып, сүйүп турат деп сага ким айтты. Албетте, ал көрө албаган душманың. Сенин башка сүйгөнүң деле жок, билем. Ичим негедир бара-бара акырындап муздай баштады. Мурдагыдай эле сүйсөм да, ашыгып күтпөй калдым. Күндөн күнгө өзүмдү үйдү кайтаруучу кароолчу, тамак жасаган үй кызматчыдай сезе баштадым. Сени кызгантууну ойлодум. Интернеттен Кореяга жумушка чакырган фирма менен сүйлөшө баштадым. “Айрылышуунун да башка бир даамы бар” дегендей сага балким жалгыздык керектир, деп ойлодум. - Четке барып иштеп келгим келип жатат. Акча үчүн эмес, биздин мамилени жакшыртуу үчүн,- дедим. - Менин тапканым сага жетишсиз болсо, жолуң ачык. Бар, кете бер! Бул дагы кайсы капризиң?! Каптап акча таап кел!- дедиң жинденип. Сен муну жөн гана ооз учуң менен айтып койдуң. Дүкөнгө барып жарым саат кечиксем, издеп келчүсүң. Мен сенден жаман оюмда башка сөздү күткөм, териге түштүм. - Эмне экен, барса барам, - дедим, да ачуум менен төркүнүмдөн алдап акча сурап алып, самолётко билет алып койдум.

Сен жумуштан келгенге чейин бутум жерге тийбей, эң сонун тамактардан дасторкон даярдадым. Тамактанып алып, самолётко салып келет. Чет элде иштеп, тез эле көп акча таап келип, бактылуу жашообуз жөнүндө кыялданып жүрүп, сенин келгениңди да байкабай калыптырмын. - Билетиңди көрдүм. Ажыраш аяк уюштуруп жатасыңбы? Кош,- деп ачууң менен мени келекелей кол булгалап турганыңды көргөндө, жүрөгүм шуу деп, сен экөө көрүнүп, бара бара үчөө, бешөө көрүнүп барып, жерге кулап түштүм. Көзүмдү ачсам сен жок экенсиң. Билетим төшүмдө жатат. Саатты карап, ал жерде жарым саат жатканымды билдим. Жүрөгүм айланып, кусуп келдим. Элдер четке иштеп келүү үчүн бир жылдап даярданса минтип, меники баары тезинен болуп кеткенине да таңкалдым. Жолумду ачып берип жатат, демек сөзсүз кетишим керек деп ойлодум. Сага эми чындап тааарындым. Жок дегенде бетиме суу чачып койсоң болмок. Билетимди айрып салсаң, кайра сүйүнмөкмүн. Ал да колуңдан келбептир. Сен жөн эле коркутуп жатат деп ойлодуң. Ачуум менен кийимимди алдым да минтип Кореяга бир фирма аркылуу келип калдым. Бул жакта келген күндөн кусуп, кыйналып, эч иштей алган жокмун. Жалгыздык деген шеригим да таптакыр тушап алды. Уйкусуз түндөр, санаалар, өкүнүү, сагынуу, чоочун элдин орой мамилеси, көлгө айланган көз жашым - баарын жалгыз жаздыгым көтөрө албай өңүнөн кетти. Миң ойлонуп, миң толгонуп жатып башым жарылып кетмек болду. Келечегимди мындай ойлосом да, андай ойлосом да карарган бир чекит болуп даана көрүнбөйт. Фирмага көп карыз болдум. Алар: - Боюңдагы баланы жогот да биз айткан жумушка иштейсиң. Эки жылда бир үйдүн акчасын таап барсаң, күйөөң кучак жайып тосуп алат. Азыркы заманда баарын акча чечет. Бул жактан эмне кылып, кантип иштеп жүргөнүңдү сенден эч ким сурабайт. Башка кыздардай эле бол!. Буга сен күнөлүү эмессиң, тагдыр ушундай,- деп кыйнашууда. Булар эки ай жакшы карадык, дарылаттык, эми бизди олжолуу кылат деп ойлошууда. Өңүм да төп келип, санаалары менен байышууда. Бирок мен бул жашоодо татыктуу жашап, таза кетким келет, өлүмдөн коркпойм. Төрөбай, кечир мени! Ак сүйүүдөн жаралган балабыз менен да коштошкону турам, өкүнүчтүү, бирок башка айлам жок, бейкүнөө наристени кор кылгым келбейт. Боюмдагы баланы кеч билдим. Чекеме жазылганды окуй алсам мында тентип келбей эле курсагымды сылап диванда жатаар элем го. Ушул баланы эки жыл зарыгып күтсөм, азыр керексиз буюмдай балага да, өзүмө да кайдыгермин. Мен өзүмдү кандай адам экенимди тааный албай кетип баратам. Сен үчүн гана жашасам керек. Баланы деле сага жагуу үчүн тиленгенимди азыр билип олтурам. Сен менин жашоом да, ажалым да болот окшойсуң, Төрөбай. Апа!.. Кечир апа, акылсыз кызыңды! Ак сүтүңдү актай албадым. Көзүң өткөнчө сен да үмүтүң үзүлбөй, жол карап, күтүп өтөөрсүң. Жакшы ойтилектеримдин ишке ашмак түгүл кара курсактын айынан тебелендиде калаарымды ойлогондо, ушундай чечимге келдим. Жомоктогудай оңго барсаң ажалың, солго барсаң ажыдаар жейт болуп турам. Төрөбай, сен баары бир ишенбейсиң. Бирок бул чындык. Сени дагы эле күнүгө күтө берем. Эми экөөбүздө эч качан бирге жашоо болбой турганын билсем деле күтүүдөмүн. Чемоданымды кийимдерим менен мени бул жакка алып келген кызга бердим. Кийимди деле сага жаксам деп кийчүмүн да. Туулган күнүмдө сен алып берген

алтын саатымды тагындым, сүрөтүңдү колума алып, жашаган жеримен качып чыгып, бул бийик кабаттуу үйдүн чатырында, сенин сүрөтүң менен сүйлөшүп жатып да, улам улам жерди карап, сени байкуш жүрөк дале күтүүдө. Кантейин, сүйүү деген түшүнбөйт экен. Өзүңө айталбаган сырларымды минтип сүрөтүңө айтып алдым. Сен кайсы, сүрөтүң кайсы. Бул деле сен сыяктуу тултуюп угат. Сага айтсам сөзүмдүн аягында мунун баарын эмнеге айттым. Эми дагы бааланат деп кайра өзүмчө өкүнмөкмүн. Сен деле сагындың болуш керек, эки жылдагы биринчи жана акыркы айрылышуубуз да. Ачууң тараган соң, жалгызсырап, күтүп жаткандырсың. Издеп келгиң деле келет, бирок ички бой көтөрмөлүгүң, куру намысың сени жибербейт. Күкүк менен Зейнеп болдук. Эми тигил дүйнөдөн жолугаарбыз, ошондо баягы кыз-жигит кезибиздей бактылуу жашайлычы. Бири-бирибиздин жүрөгүбүздү оорутпай, аяйлы. Жаман сапаттарыбызды таштап, ал жактан жакшы адамга айланалы. Мен таза бойдон, ак сүйүү менен сени тигил дүйнөдөн күтөм. Өкүнгөнүм балаңды өз колуңа тапшыра албаганым. Бир түнкү түшүң сымал унутулуп калаармын. Ал жактын да тозогунун отуна күйөөрмүн. Сен барганча балаң экөөбүз көрүнбөгөн ак кууга айланып, жаныңда акмалап жүрө алаар бекенбиз. Жакшылыгыңа сүйүнүп, сен кайгырсаң кошо кайгырып, кечиксең сарсанаада күтөөр бекем. Ак никелүү аялың Махабатың сенин сүрөтүңдү акыркы жолу өөп-өөп денесин жерге таштап, баласы менен түбөлүк уктайт. Кош денем. Эли-жериме эми сени алып кете албайм. Жаным ак кууга айланып, сага учуп бараарына ишенем. Күт мени, Төрөбай! Мына, мына! Эң учунда турам. Азыр боюмду астыга таштасам эле, учам. Кучак жайып тосуп ал мени, Төрөм! Мен сага учт-уу-у-у-м!..

Пікірлер (0)

Әзірге пікір жоқ.
An error has occurred. This application may no longer respond until reloaded. Reload 🗙